Articles Posted in the " Омоктуу ой " Category

  • Эмилбек Каптагаев, “Шакемдин “агындыларын” улай аккан ойлор”

    (Уландысы. Башы өткөн санда) Апам демекчи. Мен бул жерде эле жазып жатам – Апам деп. Чоң ата – чоң эненин колунда өскөн көп эле балдар сыяктуу мен өз тууган апамды Жеңе деп чоңойдум. Мени кичинемде багышкан эжемдер, а балким Энем деле, ошол тууган апамдан мени кызганышып “жеңе” деп айт деп үйрөтүшкөн го сыягы. Атамдын карындашы […]


  • Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

    Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

    (Башталышы гезиттин өткөн сандарында) “Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, ой-толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат, баарысын тыңдап тур”. 19.09.1928 Таң эрте НКЗда болдум, БК […]


  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    (Уландысы. Башы өткөн санда) Тургандар аларды курчап алышып: «Мени алыңыз, мени алыңыз!» – деп кыйкырып жатышты. Эң көптөр 20 сомго, атүгүл 15 сомго да макул экендиктерин билдирди. Ажылар топтошкондордун боюн, колу-бутун кожоюндук түр менен сыдыра карашып: «Сен, сен, сен, сен, сен, сен…» – деп колдору менен көрсөтүп жатышты. Ошентип, алар алдуу-күчтүү 10 кишини тандап алышты […]


  • Эмилбек КАПТАГАЕВ, “Шакемдин “агындыларын” улай аккан ойлор”

    Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындыларын” сурабаган, издебеген адам жок го дейм азыр. Кыска убакыттын ичинде үчүнчү жолу толукталып кайра басылып чыкканына карабастан көпчүлүккө таңсык бойдон калууда. Окуп алып, бир эле сыйра эмес, кайра-кайра окуп, тамшанып, өз оюн басма сөз аркылуу, интернетте жарыя кылып жаткандар да арбын. Эл оозуна бат алынып, элге тез сиңип кеткен […]


  • Ишенбай Абдуразаков: ойчул, элчи, адам

    Редакциядан: Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун дүйнөдөн кайткандыгына 23-апрелде бир жыл толот. 24-апрелде анын достору жана жакын санаалаштары конференция-реквием өткөрөт. Ошол күндү утурлап, И. Абдуразаковдун курсташы, кесиптеши жана досу, Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Вячеслав Гиззатовдун эскерүүсүн орусчадан которуп, кыскартуулар менен жарыяладык. «Прага жазы» Ишенбай Абдуразаков менен 1967-жылдын сентябрь айында Москвадан […]


  • Марат Иманкулов, УКК генерал-майору: “Өзүбүз биримдикте болсок, эч ким коркунуч жарата албайт”

    КР УККнын төрагасынын экс-биринчи орун басары, Террорго каршы борбордун экс-директору, генерал-майор Марат Иманкулов кабарчыбыздын азыркы учурдагы коопсуздук тууралуу суроолоруна жооп берди. – Азыркы учурда диний кооптуу маселе күч алууда, айрымдар Сирияга чейин согушка аттанып кетип жатышат. Ушул көйгөйдөн кантип арылууга болот? – Мамлекеттин коопсуздугу тышкы жана ички коопсуздук болуп болжолдуу экиге бөлүнөт. Ал эми диний […]


  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    Жумушсуздуктун деңгээли жана жайылышы экономиканын абалынын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Менин өлкөмдөгү жумушсуздук, өзгөчө экономикалык активдүү калктын жумушсуздугу айтпай коюуга мүмкүн болбой турган өтө бийик чекке жетти. Бирок, тилекке каршы, чоң, орто жана ар түрдүү түстөгү үйлөрдүн баардык кабаттарында биз экономиканы өнүктүрүүнүн макро жана микро деңгээлдери, инфляция, акчанын кунарсыздыгын жоюу, калкты каттоого алуу жөнүндө какшап […]


  • Нурсадык Ормонбаев : «Эмне үчүн деградацияга кептелдик?»

    Нурсадык Ормонбаев, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын окутуучусу: «Эмне үчүн деградацияга кептелдик?» Начарлоо, кедери кетүү деген илимий тил менен алганда «деградация» деген түшүнүктү билдирет. Ал эми психиатрия илиминде адамдын жан дүйнөсүнүн жардыланып жабыркоосун «инсандын деградациясы» деп коюшат. Мындай абалда адам бардык нерсеге кош көңүл карап, максатсыз жашап калат. Азыркы маалыматтарга саресеп салган адамды коомубуз деградацияга туш […]



  • Муратбек Мукашев, «Анджела Дэвиске окшош»

    Токмоктон өйдө – Кегети тарапка кетип бара жаткан жолдо Ак-Бешим деген айыл бар. Тарых тереңине кеткен маалыматтар булактарына баам салып көргөндө, ал атактуу Бурана мунарасы турган жерди борбор кылган орто кылымдагы Караханий мамлекетинин даңкын чыгарган белгилүү шаар-жайдын ордуна түшкөн. Жаратылышы абдан кооз, Сары –Өзөн- Чүйдүн киндиги өңдөнүп сезилип, алыстан карасаң, ак чоку кырка тоолору шаңкайып […]