Articles Posted in the " Саясаты жок эле " Category

  • АЙАР, ырчы: «Өзүмдү дүйнөлүк аренадан көргүм келет”

    Анкета Аты-жөнү – Айар Акылбеков Туулган жылы -1991-жыл, 8-декабрь Билими – Караколдогу К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент бөлүмүн аяктаган. Кумири – атасы Фобиясы – жалгыздык Хоббиси – сууда сүзүү Акыркы окуган чыгармасы -Александр Беляевдин чыгармалары – Салам, Айар! Сен жаңы эле чыгармачылыкка аралашып келе жатасың. Кандай жаңылыктарың бар? – Жакында эле “Тамчым менин” аттуу […]


  • Айкөл АЛИКЖАНОВА, модель: «Модель болуу актриса болуу менен барабар»

    –  «Мегаком» компаниясында да иштедиң. Өзүңдүн ишиң тууралуу кеңири айтып кетсең? – Ооба, ал компанияда эки жыл эмгектендим. Бул жылдардын аралыгында ар тармактын адамдары менен тил табышып, документтер менен иштегенди үйрөнүп,  тажрыйба топтой алдым. Компаниядан ушул жылдын январь айында кызматтан кетсем да айрым учурларда кесиптештериме, досторума барып  турам. Өзүмдүн моделдик мектебимди ачкандан кийин ал жактан […]


  • Куурчактар

    Куурчак театрына балдарыңызды алып барып көрдүңүз беле? Ар бир спектаклде ойногон ар башка куурчактар кандай жасалып, каякта сакталарын билгиңиз келсе, бул макаланы окуңуз. Гүлайым АБДЫЛДАЕВА, куурчактарга кийим тигүүчү: «Өлчөп кесип, колдорун кибиретип тигиш керек» – Мен куурчак театрында төрт жылдан бери куурчактарга кийим тигем. Театрларда иштегендерден баланча айлык алып байып кеттим дегенин уга элекмин. Мен […]


  • Гүлпери МУРЗАКУЛОВА, модель: “Сулуулардан да акылдуулар чыгат”

    – Гүлпери, моделдик дүйнөгө кандайча келип калдың? – Модель болом деп ойлогон эмесмин. 8-класста окуп жүргөндө “НБТ” каналынын музыкалык телеберүүсүнө алып баруучулукка кастинг жүрүп жатканын Айпери эжем экөөбүз угуп калып, ага катышып өтүп кеткенбиз. Теле алып баруучу болуп, шоу-бизнес жаатына бир аз аралашып калдым. Анан «Модель болбойсуңбу» деген сунуштар көп түшө баштаганынан, ушул чөйрөгө тартылып […]



  • Сагын Ишенов: “Эр Төштүктү” тартсам деген тилегим дале тирүү”

    Кыргыздын алгачкы аниматору, КР эл сүрөтчүсү Сагын Ишенов улуттук кинематография жаатындагы “Ак илбирс” сыйлыгына көрсөтүлүп, жеңүүчү болуп табылды. Сыйлыкты ыйгаруу аземи 16-майда өткөрүлмөкчү. С. Ишенов кыргыз анимациялык фильминин баштоочусу, “Сандардын чатагы”, “Олокон”, “Меке чал жана Кара дөө” , “Толубай сынчы” ж.б. мультфильмдердин, “Бакайдын жайыты”, “Уркуя” сыяктуу бир катар залкар фильмдердин сүрөтчү-коюучусу. Чыңгыз Айтматовдун салымы зор […]


  • Гүлнара КАЛДАРОВА, ырчы: «Кызыбыз да ырга-бийге шыктуу»

    Чыгармачылык чыйыры «Кыз Бурак» тобунан башталган ырчы Гүлнара Калдарова учурда өз алдынча ырдап келет. Ал чыгармачылыгындагы жаңылыктары, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди. – Гүлнара айым, чыгармачылыгыңызда кандай жаӊылыктар болуп атат? – Жаңылыктарым көп. Жаңы ырлардын үстүндө иштеп атам. «Күткүм келет» аттуу жаңы ырыма клип тарттырганы турам. – Сахнанын босогосун аттагандан бери кандайча өсүп-өзгөрдүңүз? – Бала кезимден […]


  • Жылдыз Мусабекованын ашканасында

    №3 МАБ башчысы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жылдыз Мусабековадан олобо менен өрдөк Керектелүүчү азыктар: Олобого Койдун таза өпкөсү Сүт – 10 литр Ат-Башынын сары майы Сабиз – 1 даана Калемпир, мурч, сарымсак, татымына жараша туз Өрдөккө Койдун жумуру Койдун боору Күрүч Кан Ич май Карын Картошка Пияз Олобонун даярдалышы: – Койду тандап жатканда мен […]


  • Туратбек МАДЫЛБЕКОВ, ЖКнын депутаты: «Жаш өйдөлөгөн сайын аялыңа үстөмдүк кыла албай калат экенсиң»

    «Атам качан класска кирип келет деп» – Балалыгым Чүй облусунун азыркы Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында өтүп, ата-энемдин мээримине бөлөнүп, татыктуу тарбиясына сугарылгам. Мектепти 6-класска чейин окуп, андан кийин Москва районунун Кепер-Арык деген айылынын орто мектебине которулуп, 10-классты ошол жерден аяктадым. Негизинен Жайыл району менен Москва району мага бирдей. Себеби, мурда биздин айыл Москва районуна карачу, […]


  • Самара КАРИМОВА, ырчы: «Кызгануунун айынан таарыныша кетебиз»

    Самара Каримова кыска убакыттын ичинде бүт Кыргызстанга таанымал болгонго жетишти. Өзү жаш болсо да кыска аралыкта узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанылган ырчы менен анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек курдук. – Буга чейин Ош шаарында жаздын келиши менен он тогуз күн концертиңди бердиң эле. Айрымдар «Концертти өтө эле узак кылып койду” дешсе, […]