Articles Posted in the " Саясаты жок эле " Category

  • Эгемберди БЕКБОЛИЕВ, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «Жаштар театрга агылып келе башташты»

    – Театрдын азыркы акыбалы кандай? – Азыр биз татаал мезгилде жашап, руханий жактан талкаланып эле бара жатабыз. Бизде өнүгүп кеткен нерсе жок. Биз кааласак да, каалабасак да, мамлекет көз салмайынча маданият чөйрөсү көтөрүлбөйт. Бекеринен Наполеон «өзүнүн армиясын тоюндурбаган башка армияны тоюндурат» деп айтпаса керек. Бекеринен мамлекет маданиятка, армияга, билимге өмүр бою каражат бөлүп келген эмес. […]


  • Шайлообек Дүйшеев «Ормонун ташы»

    Эки баласын согушка жөнөтүп, кичүүсү Ормо дайынсыз жоголуп, улуусу Дүйшө аман-эсен кайтып келгенден кийин ушинтип куран окуган сайын «Сталинден айланайын» деп эле басса-турса кудайга жалынгандай Сталинге жалынып, уулу Дүйшө кызуусунда да, соосунда да оозунан түшүрбөй айта берчү орус аскер башчыларына жалынып, согуштан кайтпай калгандардын баарынын арбактарына, анын ичинен мына ушул Ворошиловго багыштап куран окуй берчү. […]


  • Назира ТОКОНОВА, ырчы: «Турмушка чыгууга шашылбайм»

    Көралбастык – Күнүмдүк жашоодо атаандаштык, ичи тардык кылгандар көп кездешет эмеспи. Мындай көрүнүштөр чыгармачыл чөйрөгө сүңгүп кирип, кеңири жайылган экен. Чыгармачылыкка аралаша баштаганда ушул нерселерден аябай аксадым. Кимдир бирөө мен тууралуу туура эмес айтып койсо, кадимкидей капаланып калчумун. Бирок чыдамдуу болуп, анын бардыгын көтөрүп жеңе билдим деп ойлойм. Кийим жана сулуулук – Мен эки айда […]


  • Мелис Айдаркулов, «КАПИТАЛИСТ САДЫРБАЕВ»

    Азыр кыргыздын кырааны маркум Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгы белгиленип жатат. Ошондуктан ал киши жөнүндө эсте калган окуяларды досторума айтып берейин деп чечтим. Түркиядан кайтып келгенден бир ай өттүбү-өтпөдүбү, Докем “ЭркинТоодогу” кабинетиме карп-курп кирип келип: – Эй дос, мен кара тулпарлуу болдум!..- деди. – Болсун, Доке!.. Тулпарыңыз ак жолтой болсун, кудай өзүңүзгө ден соолук, узун өмүр […]


  • Сакура гүлүндөй бир төгүлгөн өмүр же Ишенбай Абдуразаковдун акыркы күндөрү

    Мамлекеттик жана коомдук ишмер, элчи Ишенбай Абдуразаков япон акылмандарынын өмүрүн тегиз гүлдөп туруп, гүлүн шарт төгүп жиберген сакура гүлүнө салыштырганы бар. Агай арабыздан кеткенден кийин анын өмүрүн да өзү көп жылы Японияда жашап-иштеп, анын маданиятын, адабиятын, каада-салтын терең иликтеген, андан сабак алган япон кереметине салыштырып, сакура гүлүнө окшоштуруп келем. Агай дүйнөдөн өткөн мезгил алыстагы сакура […]


  • Олжобай Шакир, “РЕКВИЕМ”

    Реквием Тагдыр башка салып кыйын сыноону, айлабызды миң кетирди бир оору. Оор деп жүрсөк жаш сызганын каректен, кеп да болбой калды ичтен кан өткөн. Сен айыкпай турган дартка кабылып, мен айласын таппай туш-туш сабылып… жараткандын атын ооздон түшүрбөй, жашасак деп кармашкан кол үзүлбөй: тиленсек да тилегибиз таш капты, жер муштатып, карегимди жаш басты. Жан үзүлдү. […]



  • Кенже ДҮЙШЕЕВА, ырчы: «Жазга болгон кусалык кадимкидей байкалат»

    – Кенже айым, жаз мезгили сизге кандай таасир берип атат? – Ар бир чыгармачыл инсанга жаратылышта болуп жаткан ар бир кубулуштарга жараша эргүү келет. Мен бул нерсени өтө жакшы билем. Маселен, менде чыгармачылыкка болгон эргүү жаз мезгилинде башталат. Жазга болгон кусалык кадимкидей байкалат. Ѳзүм жазды кандай сагынып, кандай күткөн болсом, менин ырларым да ошондой сагынат. […]


  • Көчөт базары

    Алма-Ата менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши өзүнчө эле көчөт базары болуп кеткен. Ал жерде өсүмдүктүн уругунан тарта беш жылдык көчөттөрүнө чейин сатылат. Көчөттөрдү алып эле тим болбостон, сатуучулардан өстүрүү ыкмаларын да сурап алсаңыз болот. Жолдош СУГАТЧИЕВ, алманын көчөттөрүн сатуучу: «Кыйыштырылган жерин күн чыгышты каратып тигүү керек» – Төрт жылдан бери жаз мезгилинде ушул жерге келип алманын […]


  • Кожобек РЫСПАЕВ, ЖКнын депутаты: «Келинчегим экөөбүз ажырашабыз деген күндөр да болгон”

    Жогорку Кеңештин активдүү депутаттарынын бири Кожобек Рыспаев. Ал Ооган согушуна катышып келген адам катары белгилүү. Анан да анекдотту катыра айтканын журналисттер айтып жүрүшөт. – Кожобек мырза, канчанчы жылы үй-бүлө күттүңүз? – Эсимде, «Аламүдүн» базарынын жанында жакшы тамак жасаган жер бар эле. Студенттик кезде курсагыбыз ача калганда эле балдар менен ошол жерге барып тамак жечүбүз. Келинчегим […]