Articles Posted in the " Саясаты жок эле " Category

  • «Жебе» тобунун жебедей болгон жигиттери

    “Жебе” тобунун келишкен төрт жигитине ашык болгон кыздар көп экенин байкап калабыз. Мына ушул жигиттер менен кыздар, сүйүү темасында маектештик. Самат ЖЕТИГЕНОВ: «Чач жасалгаларыбыз башкача болбосо, кыргыздын эле жигиттерибиз» – Силерди күйөрмандарыңар чач жасалгаларыңардан улам корей жигиттерине окшоштурушат. Ѳзүңдү корей мырзаларына окшоштурасыңбы? – «Жебе» тобу жаңы түзүлгөн кезден бери эле баардыгы ушул суроону беришет. Биз […]


  • Алмазбек Атамбаевдин айылында

    Сары- Өзөн- Чүйдүн Аламүдүн районунун Арашан айылы алп тоолордун босогосунан орун алган ажайып айылдардын бири. Тоонун таза абасы, шибер чөбү, айтылуу Чуңкурчак жайлоосу, таштан-ташка көбүк чачып бууракандап аккан Аламүдүн суусу мындагы булактардан башат алып, ар кимдерди тамшандырып келет. Илгери Арашан айылына Алексей Косыгин, Хо Ши Мин суктанып кеткенин айтышат. Бул эмгек баатырлары баарынан көп чыккан […]



  • Дастан ЖУМАБЕКОВ, ЖКнын депутаты: «Көчө баласы болуп чоңойдум»

    «Эң таттуу күндөр – бул менин балалыгым» – Менин бала чагым Талас облусунун Кара-Буура районунун Сатыкей деген айылында он бир бир туугандын арасында өттү. Башкача айтканда, көчө баласы болуп чоңойдум. «Улуу көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат» деген жакшы кеп сыңары ата-энемдин, ага-эжелеримдин берген тарбиясы мени ийгиликке жеткирди. Азыр ойлосом жашоомдогу эң таттуу […]


  • Асель КАДЫРБЕКОВА, ырчы: «Макияжы жок жүрүү – кийими жок жүргөндөй»

    «Жанаша басайын, жаныңдан чыкпайын» деген ыр саптарын угуп калдыңыз беле? Аталган ырды ырчы Асель Кадырбекова аткарып жүрөт. Асель Кадырбекова – ырларды, клиптерди байма-бай чыгарып, шоу чөйрөсүндө аз болсо да аты таанылып калгандардан. «Апам пианино ийримине жибербей койгон» – Негизи адам эмнени кыялданса, ошол нерсе ишке ашарына ишенем. Мен эс тарткандан эле ырчы, актриса, модель болсом […]


  • Мелис Айдаркулов, «АТАМДЫН СЫРЫ»

    Учурунда бул окуя жүрөгүмдү эзип, балалык сезимиме аябай бүлүк салды эле. Эми атамдын көзү өткөнүнө экинчи жылга аяк баскан кезде ошол ирмемдер кайрадан эсиме түштү. Өзүм балдардын атасы, неберелердин чоң атасы болгон кезимде ал окуя жөнүндө жазууну чечтим. Анын үстүнө “Бул экөөбүздүн ортобузда гана калсын!” деген атамдын өтүнүчүн ал кишинин көзү барда так аткардым. Эми […]


  • Талантбек УЗАКБАЕВ, ЖКнын депутаты: “Эртең менен да, кечкисин да муздак суудан куюнуп алам”

       – Талантбек мырза, кичине кезиңизде эле саясатчы болом деген оюңузда бар беле же күтүүсүз жерден эле депутат болуп чыга келдиңизби? – Мен мурда саясатчы болом деп кыялданчу эмесмин. Бирок, бир жакшы жетекчилик кызматта аскер кызматкери болсом деп самачумун. Бирок ден соолугума байланыштуу аскер кызматына өтпөй калдым. Жогорку билим алуу менин биринчи максатым эле. Аскерден […]


  • Күмөндөр АБЫЛОВ, куудул: «Насывайга жиберсем, өзүң вино алып келип жатпайсыңбы?”

    – Эсимде, мен Нарын театрында иштеп жүргөн кезде КРнын эмгек сиңирген артисти Акмат Бердибаев да иштечү. Ал киши белгилүү комузчу Ыбырай Тумановдун күйөө баласы болчу, Ыбырай Тумановдун кызына үйлөнгөн экен. Мен жаңы театрга барган кезде Акмат Бердибаев алтымыштарга чыгып калган. Ал винону аябай жакшы көрөр эле. «Эй жигит, бери кел! Ме, барып алып келе калчы» […]


  • Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА, КРнын эмгек сиңирген артисти: «Окуучу кезде агайымды жактырып…»

    Талантынын көп кырдуулугу менен көпчүлүккө таанылып, кыргыз искусствосунун ары сыймыктуу, ары татаал жолунда өмүр сүрүп келе жаткан ырчы эжекелерибиздин катарын Айчүрөк Иманалиева толуктайт. Мына ушул шайыр мүнөз эжекебиз менен балалык тууралуу кеңири маектештик. – Балалыгыңыз кайда өттү? Ал кездеги башка балдардан эмнеңиз менен өзгөчөлөнүп турчу элеңиз? – Мен өзүм Таластын Калба айылында туулуп өстүм. Кыргыз […]


  • Ырчы Кенже КѲБѲКОВАДАН «Чачыратма манты» тамагы

    Керектелүүчү азыктар: Эт, камыр, бөдөнөнүн жумурткасы, картошка, сабиз, пияз, каймак. Булардын көлөмү жасап жаткан тамагыңдын көлөмүнөн көз каранды болот. Жасалуу ыкмасы: – Чачыратма мантысы – тез даярдалуучу тамак. Алгач камырын жууруп, кичинекей тоголок кылып жайып, бууга бышырып алабыз. Андан соң камырдын бетине каймакты сүйкөп, төрт бурчтук кылып бүктөйбүз. Бөдөнөнүн жумурткасын сууга тоголок боюнча бышырабыз. Ал […]