Articles Posted in the " Саясаты жок эле " Category

  • Минюра РАХИМЖАНОВА, ырчы: «Жигитим таштап кетсе ыйлайм»

    –  Жигитиң сага «жакында үйлөнөбүз» деп айтып жүрүп бир күнү жок болуп кетти. Бирок аз убакыт өтпөй башка кыз менен турмуш куруп алганын досторуңдан угуп калдың. Аны абдан сүйөсүң, учурдан кантип чыгасың? –  Мен ыйламакмын (күлүп). «Тагдырыңа таарынба» деп өзүмдү өзүм сооротмокмун. Негизи мен бир нерсеге капа болуп турганда ар дайым өзүмдүн ырларымды ырдап кирем. […]


  • Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Кыргызстандагы үч-төрт бактылуу адамдын бири менмин»

    – Кайсы жасаган иши ңизди сыймыктанып айта аласыз? – Укук коргоо жаатында жасаган иштерим – жакында эле Ысык-Көл шеринесин өткөрдүм. Мындай шеринелерди үч жолу өткөрдүм. Бир эмес үч жолу акыйкатчы болдум. Парламенттин шайлоосунда ишенимге татыдым. Бул аябай чоң нерсе. Андан сырткары, Кыргызстандын тарыхында “кыргыз энциклопедиясына” ту ңгуч укук-коргоочу деп менин аты-жөнүм кирди. Адам укуктары боюнча […]


  • Жоомарт Оторбаев, КР биринчи вице-премьер министри: “Мен кичинемден эле “Битлзга” кызыгам”

    Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин “Битлздын” “Мишель” аттуу ырын катыра ырдап атканы Интернетте пайда болду. Анын ырдаганын жактыргандар интернет колдонуучуларынын арасында арбын болгонуна кїбє болдук. Оторбаев мырзада катылуу жаткан талантка баа бердик. – Жоомарт мырза, сиз “Битлздын” ырларын катыра ырдайт турбайсызбы? Интернеттен угуп, абдан жактырдым… – Рахмат. Бирок ырдаганымды өзүм угуп-көрө элек экенмин. – Анда ырас […]


  • Ботокс менен бырыштарды кетирип, эриндерин чоңойткон кем акылдыкка алып келет

    Азыркы учурда сулуулук салондорунда ботулинтоксин, же болбосо кыскартып айтканда ботокс менен ийне сайып, беттеги бырыштарды кетиришет, же болбосо эриндерин чоңойтуп беришет. Бул үчүн 30 еврого чейин каражат коротулат. Бирок, муну менен эле супсулуу болуп кетпейсиң, анткени, 6 ай же 1 жылдан кийин баягы калыбына келип, кайра ийне алууну талап кылат. Ботокстун сулуулук тартуулаган жакшы жагы […]


  • Саламат Садыкова: “Көшөрүп өз тегирменимди өзүм тартып, акшагы жок ыр тартуулайм”

    Кыргыз эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, “World master“(“Дүйнөлүк чебер”) сыйлыгынын ээси Саламат Садыкова ушул жылдын 11-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда көрүүчүлөрүнө жеке концерт тартуулаганы турат. – Саламат айым, саналуу күндөрдөн кийинки концертиңизге даярдыгыңыз кандай, угармандарыңызга кандай күтүүсүз жана жагымдуу жаңылыктарды тартуулаганы турасыз? – 2011-жылы “Ырда жүрөк” деп аталган концерт бергеним эсиңиздерде […]


  • Ретро ырлардын майын чыгарган «Чоро»

    Аз убакыттын ичинде эле жандуу үн менен ар кандай аспаптардын коштоосунда ырдап, таанымал болгон «Чоро» тобу «Turkvision» эл аралык фестивалында Кыргызстандын атынан чыкканы турат. Жети жигиттен турган бул топ айрыкча ретро-ырларды майын чыгара ырдаганы менен элге жагып отурат. Марат Абылов, «Чоро» тобунун көркөм жетекчиси: “Башка ырчылар дискин көтөрүп барышса, биз аспаптарыбызды көтөрүп барабыз» – Биздин […]


  • Мамытбай САЛЫМБЕКОВ, ЖК депутаты: “Мен битирмин”

    – Үй-бүлөдө ким көбүрөөк каражат табат, сизби же жубайыңызбы? – Менимче, жубайым экөөбүз тең бирдей эле суммадагы каражат табабыз. – Эркектерге сүйүү бир нече жолу келип турат экен. Ушул жашыңызда жаш кызды сүйүп калсаңыз эмне кылмаксыз? – Мен эми бирөөнү сүйүп калуу сезиминен деле өтүп калдым да (күлүп). «Сүйүүгө айла жок» дегендей, албетте, андай нерседен […]