Чарбалык талашты саясатка айланткысы келген Ким

Kim A.Курманбек Бакиевдин кандуу режими Кыргызстандын карапайым эли, деги эле дээрлик жалпы коомчулук үчүн адилетсиздиктин, акыйкатсыздыктын, канкордуктун туу чокусу сыңары эстеринде сакталып калган болсо, алар менен чогуу табакташ болуп, чогуу рейдерлик басып алууларга катышып калгандар үчүн бир келип кеткен «жомоктогудай жашоо» болуп эстеринен чыкпай туру.

Андайлардын реванш алууга ашыгып, түрдүү имиштерди, жалган маалыматтарды таратып жаткандарына күбө болуп эле жүрөбүз. Эми бул туурасында өзүнчө кеп кылса болот. Биздин айтайын дегенибиз республикабыздагы орус тилдүү басылмалардын бири “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн тегерегинде болуп жаткан ызы-чуу, талаш-тартыштар тууралуу болмокчу.
Эске сала кетсек, бул басма үйү, тактап айтканда, “Рубикон” компаниясы жаңыдан түзүлгөндө анын эки негиздөөчүсү болгон. Компаниянын биринчи жарымы А. Кимдин үй-бүлөсүнө таандык болсо, экинчи жарымы А. Рябушкиндердин үй-бүлөсүнө таандык болгон. Кийинчерээк Рябушкин өзүнүн үлүшүн толугу менен Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаевге тарттырып жиберет. Бул окуянын ийне-жибине чейин токтолуп отурбайлы. Себеби, бул туурасында ММК булактары армансыз эле жазышты. Ток этер жерин айтканда, Тойгонбаев Рябушкинден тартып алган 50 пайыздык үлүш Бакиевдин доорунда соттун чечими менен кандайдыр бир сырдуу жол аркылуу А. Кимдин шыбагасына буйруп калган. Дээрлик беш жыл бою үй-бүлөлүк башкаруунун “атасын тааныткан” Бакиевдин доорунда Рябушкиндер өздөрүнө тиешелүү үлүштү кайрадан алуудан дагы чочулашкан. Себеби, ал учурдагы саясый абалдын кандай курч маанайда, керек болсо криминалдык маанайда болуп атканын жакшы түшүнгөн. Качан гана 2010-жылдагы апрель революциясы жүзөгө ашкан соң, жергебизге акыйкаттык кошо келип, анын арты менен Рябушкин өзүнүн “Рубикондогу” үлүшүн сот аркылуу кайтарып алууга киришкен. Акыйкаттык жеңип, ал райондук, андан кийин шаардык сот аркылуу 50 пайыздык үлүшүн кайтарып алды. Мына ушул жерден Александр Ким жана анын командасы жөн гана чарбалык окуяны саясатташтырып, бийликте отурган айрым аткаминерлерге асыла баштады.
Бул маселеге Александр Ким жана анын командасы колдорунан келишинче чет элдик таасирдүү адамдарды дагы тартууга далалат жасашууда. Ошондой аракеттеринин негизинде Александр Кимдин кызыкчылыгын коргоп сүйлөгөн россиялык саясатчы Сергей Бабуриндин пикирин “vb.kg” интернет сайты жазып чыкты. Сергей Бабурин аталган сайтка билдирген пикиринде Ким мырзанын таламын талашып, маалымат булактарына басым жасоо өлкөнү туңгуюкка кептейт дегендей кыйытма сынын билдирген экен. Бул жерде эки адамдын ортосундагы гана чарбалык маселе сот иликтөөсү аркылуу чечилип отурат. Анын кандай сөз эркиндигине тиешеси болушу мүмкүн? Бул бир жагы. Экинчи жагынан Ким мырзанын командасын колдоого алып чыккан Сергей Бабурин Россиядагы улутчул партиянын лидери экендиги белгилүү. Демек, мындан улам Ким мырзаны улутчулдар колдоп атат деп түшүнсөк болобу? Үчүнчү жагынан алып караганда, “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн имаратынын алдына АКШ элчилигинин автомашинелери акыркы убактарда көбүрөөк келип токтоп жатканын кандай түшүнсөк болот?
Кечээ жакында эле Ким мырзанын командасы өлкө башчысынын атына дагы кайрылуу жолдошуп, сөз эркиндиги кысылып жатат, сиздин айланаңыздагылар бизге кысым кылууда дегендей маанайды билдирди. Президент Алмазбек Атамбаев бул кайрылууга, албетте, кайдыгер мамиле жасаган жок. Башкы прокуратура менен УКМК жетекчилигине бул маселени териштирип, эгерде күнөөлүүлөр табылса, алардын кызматтык статусуна карабастан мыйзам чегинде жазасын алышын талап кылды. Туура, бардыгы мыйзамдын чегинде жасалышы керек. Андыктан маселенин бул өңүтүн тиешелүү органдардын чечими чыкканча күтө туралы. Экинчи өңүтүнөн караганда бүгүнкү күндө сөз эркиндиги кысылып жатат деп жатышкан Ким мырзанын командасы Бакиевдин убагында кайда жүрдү эле? 2005-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта канчалаган элибиздин чыгаан уулдары буйрутма өлүмдүн курмандыгы болуп, канчалаган журналисттерибиз чындыкты ачык айтканы үчүн куугунтукка кабылбады беле? Ошондо неге азыркы Александр Кимдин командасы унчуга алган эмес. Раатбек Санатбаев, Үсөн Кудайбергенов, Рысбек Акматбаев, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Медет Садыркулов өңдүү кыргыздын мыкты жигиттеринин сырдуу өлүмдөрү неге буларды ошондо ойлонткон эмес? Жеңишбек Эдигеев, Чолпон Орозобекова өңдүү журналисттердин куугунтукка алынып, аргасыз чет өлкөгө качканын билишпейби? Сыргак Абдылдаевдин 29 жеринен бычак жеп, Швециядан башпаанек тапканын кайда катабыз? Өмүрбек Абдрахманов, Кубатбек Байболов өңдүү ошол учурдагы оппозициячыл саясатчылардын Америкага качканын да жашыра албайбыз. Мына ушундай өтө оор кырдаал өкүм сүрүп турган маалда Александр Ким жана анын командасы Максим Бакиев менен өтө жакын ымалада болушуп, чындыкты айткан оппозиционерлерди шыбап турушпады беле? “Вечерний Бишкектин” пенсионери Рина Приживойт аттуу журналист айым ошол учурдагы президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүн оппозициянын саясаты деп чыкканын али унута элекпиз. Ал сырдуу өлүмдүн чындыгында эле Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен жасалганы апрель революциясынан кийин ачыкка чыкты. Ошол убакта деле анын буйрутма өлүм болгондугу ачык эле билинип турган. Ошого карабастан Рина айым Курманбек Бакиевди апендинин кызындай эле мактап, “ал андай канкор киши эмес, ага азыр мындай окуянын эмне кереги бар?” деп бир четинен коргоп, экинчи четинен кошоматтанганын билебиз. Мындай кошоматтыгы анын Австрияга элчи болуп кетиши менен бааланган. Ал жакта жөн жүрбөй, Австрия жаранына турмушка чыгып, анан ал күйөөсүнүн акчасын кымыра коем деп кармалып калганы тууралуу маалыматтар кеткен. Ошондон кийин ал кайрадан “эски тепшисине” отуруп калган. Азыркы тапта “Вечерний Бишкек” интернет-сайтынын башкы редактору Дина Маслова убагында Максим Бакиевдин басма сөз катчысы болгон. Ал эми Максимдин убагында Кыргызстанга кандайча кыянаттыктарды жасаганы, кыргыз элин койго теңеп калганы баарыбызга маалым. Мына ушундай канкор, жүзүкара бийликти кош колдоп колдоого алып келгендер бүгүн “сөз эркиндиги бузулуп жатат” дешсе, же күлөөрүңдү, же ыйларыңды билбей калат экенсиң. Албетте, булардын ушундайча догурунуп аткандарын деле түшүнүп атабыз. Себеби, алар Рябушкинге тиешелүү “акырдан” дагы жем жеп көнүп калышкан. Мына ошондон айрылып калбоо үчүн аракеттерин катуу жасашууда. Ал үчүн эптеп коомдук пикир жаратып, бүгүнкү бийлик аларга кысым жасап жаткандай таасир калтыргылары келет. Ырасында андай эмес. Бул жөн гана эки адамдын ортосундагы үлүш талаш. Анын бийликке эч кандай кереги жок.

Акылай Байболсунова