Данияр Деркембаев, “Акыры укугумду коргоп калууга жетиштим”

Бешинчи бөлүк. Аягы

DerkembaevРедакциядан: “Полит Клиника” гезити “Элдик көзөмөл”  рубрикасынын алдында Кыргызтандагы тейлөө тармагынын күңгөй-тескейин чагылдырып келатат. Гезиттин ушул жылдын 9-апрелиндеги №9 жана 7-майдагы №13 санына “Удача” такси кызматынын таксистинин айланасындагы кылмыш окуясы, ага карата укук коргоо органдарынын иш-аракети тууралуу сөз болгон.  Кенедей нерседен  кылмыш окуясы келип чыкканын, анын аягы кандайча бүткөнүн окуп коюңуздар.

Ошентип, 3-апрелдин таңында мени 890 сомго алдап кеткен ырысы жок таксисттин окуясы дагы уланды. Эгер сиздер мурунку жарыяланган макаладан  тааныш болсоңуздар, анда  мен ”Удача” деп аталган таксини чакырганымды, андагы таксист жасалма эсептегичин иштете коюп, жол акысын көп айтып алдаганын, андан соң такси кызматына телефон чалганымдан кийин таксист менден алган 1000 сомдун калганын кайтарып бербей качып кеткенин жазган  болчумун. Андан кийин бул тууралуу укук коргоо органдарына кайрылып,  алар карабай койгондон кийин, Биринчи май райондук прокуратурасына жана УКМКга кайрылганымды жазгам. Прокуратура менен УКМКга кайрылгандан кийин гана укук коргоо органдары таксистке Кылмыш кодексинин  161- беренеси “тоноочулук” боюнча кылмыш ишин ачкан
Ички иштер органынын тергөөчүсү “Биз буктурмадабыз. Кылмышка шектелген  уланды колго түшүрүү боюнча иштеп жатабыз” дегенинен бери бир ай өткөн. Анын ортосунда мен Германияга, үйүмө барып келүүгө үлгүрүп, кайра Бишкекке келип, билим берүү долбоорлорумду ишке ашырууга кириштим. Биринчи май райондук ИИБинин тергөөчүсү Муратовго чалып,  менин ишим боюнча абал кандай экенин билүүгө кызыгып калдым. Телефондон баягыдай эле:
-Буктурмада турабыз. Объект колго түшө элек!-деген үн угулду.
-Бул эмнеси?-деп ойлодум. Телефон номери жана машинасы белгилүү кишини милиция кантип эле бир ай бою таппай калсын?   Бу жерде бир укмуш сыр катылып жаткан болуш керек, күнөөкөр делген жигитти же башка планеталыктар уурдап кетишти, же андан башка да бир себептер бар.  Бирок андан ары күтүүгө чыдамым жетпей, детектив аралашкан ребусту тезирээк чечүүгө бел байладым.
Ал тергөөчүгө:
-Келиңиз, экөөбүз эртең таксист жашаган жерге баралы, ошондо силердин буктурмада жатканыңардын натыйжасын  билели” деген сунушумду айттым.

Тергөөчү макул болуп, биз эртеси эле таксистти кармай турган жерге келдик.  Силер ойлогондой ал жерде кубалашкан да, атышкан да киши болбоду,  маселе эң эле жөнөкөй чечилди.  Тергөөчү эшикти каккылаганда, эшик ачылып, бир айдан бери “издөөдө” жүргөн таксист неме чыга келди. Ал тергөөчү жана участкалык милиция менен бирге иштин чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн Биринчи май РИИБине баруу үчүн машинага отурду.
Бир ай бою буктурмада кимдер отуруп, эмне менен алек болгонун ким билсин, бирок ал таксист  эч жакка деле кетпептир, протоколдордо көрсөтүлгөн даректе эле жашайт экен. “Биз буктурмада турабыз!” дегени тергөөчүлөрдүн эле кесиптик эрмеги окшойт.
Ал таксист бала менен кездештиргенде аны сопсонун таанып турсам дагы, ал кайсы бир досуна шылтап, мен айткандардын баарынан баш тарта баштады.
Менин таанышым машинамды жана телефонумду сурап, “Удача” таксисинде иштеп турайын деп айткан, -деди ал тергөөчүгө. Анын аты-жөнү Алмазбеков Эламан, борбордогу жогорку окуу жайларынын биринде окуйт, болочок МАИ кызматкери экен. Жолдогу элди тоноо анын сабактан тышкаркы практикалык окуусуна кирет окшойт. Балким ушунтип машыгып алып, кийин укук коргоо органдарында ийгиликтүү иштейин десе керек.
Ал ар кандай шылтоолорду айтып олтуруп, сөзүнөн кармалып , акыры жасаган ишин мойнуна алууга аргасыз болду. Дегинксин  ал оор кылмыштар  менен абакка отуруп келген рецидивист эмес да. Аны эч ким урган жок, эч ким басынтып, капа кылган жок, сылык сүйлөшүп жатышты. Сүйлөшүү учурунда анын апасы жана дагы бир тууганы катышты. Күнөөсүн мойнуна алгандан кийин ал менден кечирим сурады, мен деле аны күнөөлөп же жектеген жокмун, ачуум эчак тарап кеткен. Бирок ушул окуядан ал таксист уялып койбоду. Баарын кудай өзү таразалар.
Мен үчүн баарынан кызыгы- борбор шаарда жарандардын укугун коргоо системасы кандай  иштерин көрүп-билүү болду. Акырында жарандардын укугу жаатындагы иштер начар жана натыйжасыз жүргүзүлөрүнө өзүм күбө болдум.  Эгер бир сааттын ичинде эле чечип кое турган маселени бир ай бою созушса, анда андан оор кылмыштарды ачууга алар канча убакыт коротушат?
Ошентсе да укук коргоо кызматкерлеринин баары эле начар иштейт деп айтуудан алысмын. Биринчи май прокуратурасынын тергөөчүсү Кубаныч Жааналиевге жана укук коргоо органдарынын бардык ак ниет кызматкерлерине  алкышымды айтамын. Өз ишинин мыктылары дале болсо бар экен.
Бирок ушундай жосунсуз жоруктарга барган таксисттер мындай иштерди жасабашы үчүн  күнөөкөрдү жазалоону туура деп таптым. Ага сабак болуш үчүн мен бир шартта арызымды кайрып алууга убада бердим. Алдап кеткен таксист алдаган акчаны 10 эселеп Военно-Антоновкадагы Балдар үйүнө которуп берет, башкача айтканда,  он эселенген сумма 8900 сомду түзөт. Ушул акчаны төлөгөн ордерин көрсөткөндө гана арызымды кайтарып алам.
Мына ошентип, ушул детектив да аягына чыкты. Калган чечимди прокурор кабыл алсын. Ал  эми окурмандарым, сиздерге айтаарым, кандай калпыс ишке, алдамчылыкка күбө болсоңор, унчукпай калбагыла, өз укугуңарды коргоп чыккыла. Убакыт, күч жана каражатыбызды коротсок дагы, акыры адилеттүүлүккө жетишели. Мени колдогон бардыгыңыздарга ыраазылык билдирем.