Данияр Деркембаев, “Төртүнчү бөлүк: Бюрократиялык лабиринт”

DerkembaevРедакциядан: “ПолитКлиника” гезити “Элдик көзөмөл” рубрикасынын алдында Кыргызстандагы тейлөө тармагынын күңгөй-тескейин чагылдырып келатат. Гезиттин ушул жылдын 9-апрелиндеги № 9 санында “Кенедей нерседен келип чыккан кылмыш” аттуу материалды жарыялаган элек. Ошол “Удача” таксисинин айланасында болгон кылмыш окуясынын уландысын окуп коюңуздар.

КР жарандары мындай маселени кантип чечишерин билбейт экенмин, бирок менин немис паспортум жана ФРГнын жарандыгы менен өз укугумду жана жарандыгымды коргоого мүмкүн болбоду. Ал эми КР Конституциясында Кыргыз Республикасы анын аймагында жана юрисдикциясында турган бардык жарандардын укугун жана эркиндигин коргойт деп жазылып турат.
Таксисттин досунун апасы менин маселемди тез жана оңой чечип бериш үчүн 1500 сом сураган. Бирок мен мыйзам чегинде жана Бишкек шаарынын Биринчи май ИИБи тарабынан кесипкөйлүк менен чечилишине ишенич арттым. Күнөөкөр кечирим суроонун кандайдыр жолун табат болуш керек дегем. Кылмыш укугун бетке кармап жана ой калчап, тергөөчү кандайдыр бир чечим кабыл алар деп ойлоптурмун. Бул мен ойлогондон таптакыр башкача чыкты.
Биринчи май ИИБинен эч кандай маалымат болбогондон кийин бул маселе эмне болуп жатты экен деп ал жерге өзүм бардым. Иш милициянын улук лейтенанты М. Муратовго берилиптир, ал мени шаабайы суз тосуп алды.
-Бүгүн ишиңизди кыскарттым, -деди ал.
-Эмнеге экенин билүүгө мүмкүнбү?
-Болбогон эле акча экен, майда-чүйдө талаптар, биз мындай иш менен алектенбейбиз.
Ал ушуну айтып, мени жолго салгысы келип жатты, бирок мен да жөн калбадым.
-Айдоочунун шылуундугу, экинчи эсептегичти колдонушу, 1000 сомду алдап кеткени, мени ыза кылганы – мунун баары эмне, майда нерселерби? Кичине ойлонуп көрүңүзчү, кантип эле кылмыш иши жок болсун? Мен токтоо эле жанмын, бирок айрым чиновниктер мамлекеттен айлык алып отуруп, элдин кызыкчылыгы үчүн эчтеке кылбай, элдин канын жана күчүн соруп, мойнуна минип отурганына кейидим. Мамлекет эмне болсо, ошо болсун дешет окшойт. Мындай кишилер миңдеген кабинеттерде кимдир-бирөөнүн тагдырын чечип, мыйзамды жана адамдардын укугун ойлоп койбой отурушат. Ушул жаш бала Конституциядан кабары болду бекен, алдыда аны нелер күтүп жатат?
Балким мен Муратовду бекер эле айыптап жаткандырмын, ага Биринчи май РИИБ башчысы же ИИМ министри майда-барат нерселер менен келгендерди башка чаап, жолго салып тур деп айткандыр.
-Байке, эгер чынын айтсам, бу ишти чечүүнүн мөөнөтү келип калды, тез аранын ичинде чечим чыгарышым керек, -деп айтты.
-Жок дегенде күнөөлүү кишини сурап койдуңарбы?
-Анын эмне кереги бар? Участкалык милиционер суракка алсын, ал биздин жумуш эмес.
-Албетте, дүйнөлүк революцияга салыштырмалуу мени капа кылып, мазактап жана тоноп кетүү арзыбаган нерсе. Ошентсе да мыйзам деген бар, бул жигит чече албаса прокуратура, УКК бар эмеспи, акыры бирөө чечиш керек го!- деп өзүмдү өзүм сооротуп, Биринчи май прокуратурасына барып, милициянын тергөөчүсүнүн чечимине макул эместигимди билдирдим.
-Байке, прокуратурага, балким, барбай эле коерсуз,- деди улук лейтенант.
Жарым сааттан кийин прокуратуранын эшигин каккыладым. Мени прокуратуранын дежуру Муназбеков Батыркул Аманкулович тосуп алды. Бирок ал деле кучагын жайып жиберген жок. Тек гана формачан кадимки эле бир чиновник: сейфи, кабинети, эшик бетинде жазуусу бар. Ал деле тиги милициянын улук лейтенантындай эле, күңк-мыңк этип атты, балким бардык чиновниктердин эле ушундай бир жугуштуу дарт сыяктанган бир нерсеси бардыр. Угуп, мага А4 форматындагы эки барак кагаз берди да, коридорго чыгып кетти. Андан кийин ал кагазды окуп чыгып, прокурор Аинбаева Гүлнара Орозбековнага бермек болду. Салам да берген жок, алик да алган жок, жакшы бар деген да жок, булардын “культур-мультуру” ушундай окшойт.
Прокуратурага арыз жазып алып, УККга бет алдым. УКК начальнигинин орун басары, генерал-полковник Б. Б. Табалдиевге жазмакмын. УККда кагаз да, калем сап да жок экен. Столдо өткөн кылымдын 70-жылдарынан калган телефон жана кагыраган эмерек. Дежурный менин арызымды такыр кабыл алгысы келбей, “ИИМге бар” деп туруп алды, бирок мен да тырышып кетпей койдум. Эшикке чыкканда жазгандарымды ыргытып жибербесе эле болду.
Анан окуянын аягы эмне менен бүттү дебейсиздерби? Негизи бир сутканын ичинде эле оперуполномочен чечип кое турган иш бюрократиялык лабиринтке түшүп, эми үч мекеме чече турган болду. Ал канча кызматкердин колун байлап, мамлекеттин канча каражатын сарптап жатат. Арызым колдон-колго, столдон-столго өтүп, кол коюлуп, штамп басылып кете берет көрүнөт. Канча деген самандай сапырылган кагаз кетип…
Эгер бул ишке кайра кайрыла турган болсок, мамлекеттик машинанын “бош” айланган дөңгөлөгүндө ал күнү ким, эмне үчүн ушул маселени чече алган жок? Бул күнкү нанын ал чиновник актап жедиби?
Дагы бир ирет эсиңиздерге сала кетейин: арызды адегенде оперуполномоченный Нурлан Эркинов алды, экинчи арызды тергөөчү Т. Утиганов алды (айтмакчы, бул мен жолуккан чиновниктердин ичинен эң эле сабаттуусу жана сылыгы болуп чыкты), андан кийин ал иш милициянын улук лейтенанты, уйкусурап турган М. Муратовго барды. Андан ары эмне болду? Биринчи май РИИБ начальниги кай жакты карап олтурат? Багы жок бир таксисттин ишин чечиш үчүн аны эч ким таап келип, суракка алайын дебеди? Күнөөлүү кишини чакырбай, сурабай туруп эле ишти жаап коюшту. Ушундай да болобу? Мен абдан таң калып турдум. Эки кошунанын болбогон бир чатагы үчүн деле толгон-токой кагаздарды толтурушчу эмес беле? Же бу жерде коррупциялык бир сыр, пара же кызмат абалынан пайдалануу деген нерсе кылтыйып турабы? Ушул иштин түйүнүн ким чече турган болсо, ошо чечсин. Мен акчамдан айрылып же ыза болуп калганым үчүн эмес, (мен аны унутуп деле калам), мага ушул иштеги механизмдин өзү кызык. Бул укук коргоо органдарындагы, такси кызматындагы жана КУП -2361 деген номурлуу ишти кармаган бардык чиновниктердин ишинин сапатын көрсөтсүн.