Депутат кредиттик уюмдун акчасын пролонгация кыла алабы?

Toktogul TumanovКамчыбек Ташиевге тиешелүү делген “7-каналдан” 6-март күндөгү жаңылыктарынан укук коргоочу Качкын Булатов чыгып сүйлөп “ Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Туманов бир финансылык компания менен сүйлөшүп алып, алардын 250 млн сомун он жылдык мөөнөткө пролонгация (пайыздарын өстүрбөй, токтотуп коюу) кылып берген жана бул кызматы үчүн 20 млн сом алган” деп билдирди. Биз дагы бул фактыга кызыгып, иликтеп көрдүк.

“СНБнын гезитисиңерби?”
Качкын Булатовдун өзү менен байланышып, кайсы уюмду айтып жатканын, кандай негизде мындай билдирүү таратып жатканын сурасак, ал “Финканын” жетекчиси Канышай Базарбаева деген кызматтан кетип, ызы-чуу болуп жатканда, мен укук коргоочу катары ал жактагы документтер менен таанышып калганмын. Көрсө, Канышай Базарбаевалар Токтогул Туманов менен сүйлөшүп 250 млн сомду он жылдык мөөнөткө пролонгация кылып бериптир. Ошол жерде “Бул кызматы үчүн Токтогул Тумановго 20 млн сом бердик» деп жазылып турат” деп жооп берди.
Андан соң биз аты аталган “Финка” микрокредиттик уюмуна телефон чалып, Канышай Базарбаева деген айымды издедик. Аталган компанияда мындай адам такыр иштебеген болуп чыкты. Балким, укук коргоочу микрокредиттик уюмдун атын жаңылыш айтып алдыбы деген максатта кайра телефон чалсак, “Эмне кайра сурап атасыңар? “Финка” дедим го? Же силер СНБнын гезитисиңерби?” деп албууттанып чыкты. Биз журналист катары маалыматты тактап бергенге милдеттүүбүз. Ошондуктан,бул жерде түшүнүксүз жагдайлар көп. Эмне деген уюм? Булатов айткандай, “Финка” болсо, анда Канышай Базарбаева деген адам такыр иштебеген болуп жатпайбы? 20 млн сомду пара катары берип жатса, анда бул кылмыш ишти кайсы адам отчет катары жазат?

“Конституциялык укугумдан пайдаланып, мыйзам чегинде чара көрүлүшүн талап кылам”
Бул окуянын экинчи тарабы болгон Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Тумановдун өзүнөн ушул маалымат боюнча сурадык. “Мага ушундай сумманы пролонгация кылып бер деп эч ким кайрылган да эмес, Канышай Базарбаева дегенди тааныбайм дагы. Менин кайсы бир кредиттик уюмдун акчасын пролонгация кыла тургандай полномочием жок. Ар бир банкта кредиттик комитет деген болот, ошолор өздөрү пролонгация кылуу маселесин карай алат, алардын ишмердүүлүгүн Улуттук Банк көзөмөлдөйт. “7-каналдын” берген маалыматы – мага карата айтылган жалган жалаа. Бул сумма оюнчук эмес да. Бул боюнча мен өзүмдүн конституциялык укугумдан пайдаланып, мыйзам чегинде чара көрүлүшүн талап кылам” деди Туманов.

Пролонгация кылууну банктар өздөрү чечет
Финансисттердин маалыматына караганда, учурда Кыргызстандагы банктардын уставдык капиталы 600 млн сомдон кем болбошу керек. Кыргызстанда микрокредиттик компаниялар эмес, чоң банктар дагы 250 млн сомду бир адамга кредитке берип кое албайт. Ал эми берилген сумманын пайыздарын өстүрбөй, пролонгация кылып коюуну банктар, микрокредиттик компаниялар өздөрү гана чечет. Мындай ишке депутат кийлигишкиси келсе дагы кийлигише албайт.

Акылбек ЧЫНТЕМИРОВ