“Директорубуз Аида Токтоматованы ким токтотот?”

Aida Toktomatova
Редакцияга Адам репродукциясы Кыргыз улуттук илимий борборунун кызматкерлеринин атынан ушул мекеменин директору Аида Токтоматованын жосунсуз жоруктарын токтотууну суранган кат келген. Анда эмес, каттын мазмуну менен төмөндөн таанышыӊыздар.
А. Токтоматова ушул борборго 2010-жылдын 1-декабрында директор болуп келген. Андан бери төрт жыл өткөнү менен, ушул кезге чейин иштин көзүн таппай келет. Тажрыйбалуу кызматкерлердин дээрлик тең жарымынын жумуштан кетишине түрткү болду. “Өз каалоосу” менен кеткендердин дээрлиги бул жакта түзүлгөн кырдаалга чыдай алышпады. Ал башкарган 4 жыл ичинде илимий кызматкерлер, медицина илимдеринин кандидаттары А.З. Азарова, Ф. И. Иманказиева, Жумалиева, Б. К. Орозалиева, Ж. А. Кучербаева ж.б. кызматтан бошоп кетишти. Ошол эле убакта бөлүмдөргө окумуштуулук даражасы жок, кесипкөй эмес кызматкерлер дайындалууда. Бул илимий мекеменин ички жобосун бузуу дегендик. Бир нече жылдардан бери калыптанып калган жамааттын тажрыйбалуу адистери жумуштан кетирилүүдө. Алсак, УЗИ адиси Ж. Кучербаева, С. Жекишова, Н. Токомбаева кызматтан бошотулду. Натыйжада доплеграфия адиси жоктугунан кардарларды башка жактарга жиберүүгө аргасызбыз.

Директор буга чейин мындай маанилүү борборду жетектебегени сезилип турат. Ал болгону медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүү борборунда иштеп келген. Ал мамлекеттик мекемеге “жеке” мекемесиндей эле мамиле кылат. Буга бир мисал келтире кетели: биздеги акушердик бөлүмгө А. Кыштообаева аттуу пациент төрөгөнү келген. Төрөттү врач, Токтоматованын тууганы Динара Батыралиева кабыл алган. Ымыркай жаракат алып төрөлүп, эки суткадан кийин чарчап калган. Бирок директор “кол ийрисине тартып” врачты кызматтан кетирбей эле, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнө которуп койгон. Ал эми өзүнө жага бербеген бөлүм башчы Ж. Өтөгөнованы кызматтан бошотуп койгон. Эндокринология бөлүм башчысы М. Орозбаева гистероскопия аппаратын иштете албаса да иштетип жатат. Ал эми мындай аппаратты иштете алгандар ага жете албай келет. Чынында, мындай аппарат хирургия бөлүмүндө болушу керек эле. Бөлүм башчы “өз киши” С. Сулайманова өткөн жылы бир дагы оорулууну кабыл алган эмес.

А. Токтоматова врачтардын артынан көзөмөлдөп карап тургангабы, коридорго видеокамераларды орнотуп койгон, эми кабинеттерге, УЗИ, ийне саюучу, анан кечиресиз, аялдардын органдарын, эмчек бездерин иликтеп, карай турган жерлерге, ал тургай бардык чектен ашып, төрөт залына да видеокамера орнотуп койду!

Токтоматова өзү отурган кабинетке да видеокамера орнотуп койсо болмок, өзү болсо жумалап жумушка келбейт, келсе дагы түштөн кийин бир көрүнүп коёт. Бул учурда балким, ал айлыгын толук алып, чет өлкөлүк турнеге кетип жүрбөсүн? Дагы бир суроо: Эмнеге анча зарыл болбогон видеокамера, өзүнүн кабинетиндеги душ кабинасы, унитаз үчүн мамлекеттин олчойгон каражаты жумшалат да, адистерди окутууга келгенде акча жок болуп калат? Өткөн жылы ЭКО программасы боюнча адистерди окутууга мамлекет 17 млн сом бөлүп бергени белгилүү. Ал эми андай бөлүм азыркыга чейин иштебейт. Акушер бөлүмү акы алып иштегендиктен, КР Эсептөө палатасы муну жабууга сунуш берген, анткени мамлекеттик мекемеде акы төлөп жатуучу палата болбошу керек экен. Токтоматова акушерлик бөлүмдүн башчысы Т. Сартбаев менен мамилеси жакшы эмес болгондуктан, ал бөлүмдү жаап, андагы 18 кызматкерди жумуштан бошоткон. Бул бөлүмдү акысыз тартипке деле өткөрүп, адистерди сактап калууга деле болмок.

2014-жылдын 7-октябрында биздин борбордо директорду шайлоо болду. А. Токтоматова катышууга укугу болбосо да, шайлоого катышты. Биринчиден, анын бул кызматта 5 жыл стажысы жок болчу. Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмү адегенде А. Токтоматованы шайлоого катыштырган эмес. Бирок уюштуруу комитети бул жобону билип турса да, анын документтерин кабыл алган. Экинчиден, 2014-жылы А. Токтоматова чет өлкөдөн диссертациясын жактап, медицина илимдеринин докторлугу даражасын эмес, медицина жана коомдук саламатттык сактоо доктору деген даража алган. Шайлоо учурунда анын диплому кайрадан аттестациялоодон өткөн эмес. Директорду шайлоодо Билим берүү жана илим министрлигинен бир да киши катышкан эмес.

А. Токтоматова директорлук орунга колдоочулары аркылуу келгенин айтып, ага каршы добуш бергендердин баарын куугунтукка алууда. Врач-гинеколог Е. Гончарованы орус улутунан болгону үчүн эле кызматтан алып салган. Ал эми Аида Токтоматова кол алдындагыларды сотко берип, 1 млн сом моралдык чыгымды төлөп бергиле деп жүрөт. Директор Аида Токтоматованын мына ушундай жоруктары бар. Ошондуктан биздин мекемеде тез арада шайлоо өткөрүлүшүн суранабыз.

Катка кол койгондор: Жолдошева И.М., Калилова Н.М., Абдрасулова Ж.А., Зангиева М., Көчөркулова Р.Н., Байгазиев К.Т., Маатказиева, Койчуманова А., Ажыгулова С., Сейитбекова З., Табалдиева А.С., Асанкулова, Нурпайызова А., Рыспаева Г.К., Султанмуратова И.А., Турусбекова Б.А., Канаева Д.А. жана башкалар.