Докенин каттары

Белгилүү коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты маркум Дооронбек Салырбаев мединститутту 4-курсунан таштап, режиссер болом деп Ленинградга окуганы кетип, ошол жактан жубайы Сонунбүбү эжеге кат жазчу. Ал каттары бүгүн да сакталуу. “Докемдин көзүмө сүртөр таберик каттары. Анан калса катты кыска, нуска, анан абдан кызыктуу кылып жазчу. Тамаша сөздөрүчү? Кол жазмасы да мончоктой тизилип сулуу. А менин жазганым врачтын кол жазмасы да, ойкуп-кайкып кетет. Шылдыңдап күлүп, бир топ тамашага салат” деп эскерет Сонунбүбү Садырбаева.

dokenin_kattary

Сокин!

Кандай, жакшы жатасыңбы? Кечээ кечинде сенден 48 сомго перевод, переговорго телеграмма алдым. Бир да кат жок. Эртең сүйлөшөбүз го. Ошондо көрсөтөм сага көргүлүктү. Эмнеге ушунча күндөн бери бир да кат жазган жоксуң? Кишини моральный, духовный жактан колдогонго жарабайсың. Вообщем барганда сүйлөшөбүз. Кадырбектерге салам деп Дооронбек. 24.VI.66г.

 

Сокин!

Ура! Бүгүн менин жолум болду. Повесттин токтогон жеринен улантып кеттим. Мне очень тяжело тебе писать. Түнү менен жазып чыктым эле, ортонумдун ручка кармаган жери шишип эчтеке карматай жатат. За то после 200 страниц черновиков, исписать 40 страниц в черновом варианте. Жаль сен жоксуң… балким сага жакпай калган жерлери болоор беле… Вообщем, все таки чыгышы керек. Кадырбек айтпады беле, талант болбосо да тырыша берсе бирдеме чыгат деп, мен да тырыша берейинчи… Турмуш? Ничего… Сага кара ….. таап койдум, өзүмө эки великан карандаш сатып алдым. Осталне Бо Брежнему… целую Дооронбек

13.1.67г.

 

“…Катыңды алдым шашып-бушуп жазылган,
Сары кагазда санаат сөздөр айтылган” (эл ырынан, Мыскал аткарчу)

Эгер эсептен жаңылып калбасам, бугүн майдын 21и. Баягы “Кайрылбай кетип жаткан күндү эсептейм, келесиң каникулга качан деги?”- деп ырдалгандай кетип жаткан күндү эсептеп жатып акыры жадаганда антпей калдым… “Баары бир жаз да, кыш да келет деп Таатан айтчу эмес беле…”

Бизге да каникул келээр… Көрдүңбү?.. Кийинки кезде ырчы болуп кеткенимди. Аптабы чеке жылытпаганы менен как-никак весна настраивает на лирическую войну. Орус тил жөнүндө жазганмын. “Основ.науч.коммунизма” отлично аны билесиң. Эми жалгыз режиссура калды. Дагы эки текущий диф. зачет калды. Но 18-майдан бери тозок жумуш башталды. Анткени Ленинградда Всесоюзный кинофестиваль жүрүп жатпайбы… Эртеден кечке миң жолу көргөн кинолорду миң биринчи жолу көрүп, анан кечинде талкууламай…  

Что поделаешь? Уж такая у нас не завидная судьба… Шыбагабызга тийгени ушул болсо кантели…

Теперь о каше… Ленинграддын ашканаларынын кашаларынын салмагы кичине көбөйүптүр, бирок даамы менен сапаты көбөйгөнүнө жараша төмөндөй түшкөн.

Сүрөт жөнүндө. Мен келгенче эле акчаларын гастрономдун “винно-водочный” отделине өткөрүп беришиптир.

Кечигүү жөнүндө. Урушкан жок. Бадыраң менен алма өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарды. Эгерде помидор тапсам дагы эки-үч күнгө кечигүүгө болоор эле…

Акчаңызды ала элекпиз. Балким бүгүн келип калар. Көрүшкөнчө саламатта болгула. 21.05.68г.

 

Менин сүйүктүү Сокиним жана Алымканым!

Кандай, жакшы жатасыңарбы? Апам кандай, кабар алып турасыңарбы? Кызым кандай, ысыктан кыйналып жатабы? Биз болсо аман-эсен жетип алдык. Азыр “Москва” мейманканасынын 802-номеринде жашап жатабыз, Бакыт экөөбүз. Карамагыбызда бир чоң зал жана 8 бөлмөбүз бар . Номерде холодильник, телевизор, телефон, ж.б. шарттары толуп жатат. Ушулардын баарына бар болгону күнүнө 8 гана сом төлөйт экенбиз. Тамак ичпей эле мебелдерибизди карап отурабыз (тамаша).

Сокин! Мен 17-18-августта кетүүнү болжолдоп турам. Эртерээк бошосом, эрте барам. Кокустан экстренный случай болуп калса Фрунзе убактысы боюнча 9.00дөн 11.00гө чейин (эрте мененки) 292-28-02 телефонуна звонить этсең таап аласың. Анан магазиндерде жок, бирок колдон 40 сомдон Запорожецке резина табылат экен. Кокустан кутуруп жүргөн акча колуңа тийип калса, 15-августка чейин (андан кийин кечигип каласың) салып жиберсең резина ала барам. Табылбаса көп кыйналбай эле кой. Адресимди эртең администратордон сурап конверттин сыртына жазып коем. Кызымды мурдунан өөп кой. Силерди сагынып-сагынып Дооронбек. 6.8.73г.

Нурзада ЖОЛДОШБЕКОВА