Элдик көзөмөл: Элита күрүчүн өзгөн күрүчү деп саткан кафе жана коопсуздук кызматкеринин өзүмбилемдиги

Plov11.04.2015 күнү түштөнүү убактысы келип, буга чейин эле кирип жүргөн Бишкектин Карл Маркс көчөсүндө жайгашкан “Лагманканага” кирип калдым. Бул кафе ызы-чуусу жок, таза, тамак ичкенге ыңгайлуу жер. Лагмандарын жеп эле жүрчүмүн, бул жолкусунда эмнегедир Өзгөндүн күрүчүнөн жасалган палоо жегим келди. Мен өзүм да палоону жакшы жасагандыктан, бул жагынан “гурман” элем. Ошондуктан, официант кыздан атайын сурадым “Палоо Өзгөндүн күрүчүнөнбү?” деп. “Ооба” деди. Жанымда дагы бирөө бар болчу. “Анда эки палоо, шакарабы менен” дедим. Бир нече убакыт өткөндөн кийин мага кадимки эле элита күрүчүнөн, кызыл сабизден жасалган пловду көтөрүп келди. “Чоң кыз, сен Өзгөндүн күрүчүнөн дебедиң беле?” десем, үнүн араң чыгарып “Кийин кайра жасашкан окшойт” деп күңк этти. Курсагым аябай ач болгондуктан, келген заказды кайтарбай жей берейин деп чечтим. Жеп бүткөндөн кийин эсепти алып жатып, “Баарына эле Өзгөндүн күрүчү деп сатасыңарбы?” дедим жылмайып. Официант кыз “Кечирим сурайм эже, сиз сүйлөп атканда ойлонуп кетип “ооба” деп коюптурмун, негизи бул жакта Өзгөндүн күрүчүнөн жасалбайт, ушундай эле күрүчтөн жасалат” деди.

13.04. 2015 Айчүрөк соода борборуна кирмекпиз. Машине токтотконго көчөдө такыр орун жок. ЦУМдун артында эле бир машине токтотуучу жай бар, ал жерди карасак бош орундар бар экен, кирип баратсак эшиктин оозунда турган коопсуздук кызматкери чачтары өсүп, майланышып калган орус киши токтоочу жай үчүн 50 сом төлөшүбүз керектигин айтты. Башка орун жок болгондуктан, ага деле макул болуп кирдик. Машинени токтотуп, өзүбүз чыгып бара жатсак, токтоочу жайдын акысын алдын ала бергиле деп талап кылды. Бардык эле токтоочу жайларда чыгып баратканда төлөйт эмеспи, биз ошентип чыгарда төлөйбүз дедик. Ал киши “Эгер азыр бербесеңер, анда чыгып кеткиле” деп баштады. Биз чыкпайбыз дедик. “Анда машинеңердин номерин чечип алам, таппайсыңар, өзүңөрдөн көргүлө” дейт. Коопсуздук үчүн ал кишини да, машинени да видеого тартып коелу деп, телефонго тартып баштаганда, ал киши мойнундагы бейджигин жашырып, “Бул жер ЦУМдун кызматкерлери үчүн арналган токтоочу жай, чыгып кеткиле” деп баштады. Биз ошондо гана кызматкерлерге арналган токтоочу жайдан бул кызматкерлер акча жасап жатканын түшүндүк. “Анан эмнеге азыр эле 50 сом деп киргиздиңиз?” деп сурасак, видеого тартып баштагандан тартып сөзү өзгөрүп “Мен акча төлөйсүңөр деп айткан эмесмин. Чыгып кеткиле деп жатам” деп баштады. Видеого тартып койгондон кийин, машинени ошол ордунда калтырып, соода борборунун ичине кирип кеттик. Чыксак, баягы киши жок, ордуна башкасы келип калыптыр. “Акчасын алдын ала бергиле” деп атканынын себеби да ушунда болсо керек, акчасын өзүм алып кетейин десе керек.

Махабат Шакирова