Элдик көзөмөл

Leninka

“Полит Клиника” гезити мындан ары «Элдик көзөмөл» деген рубриканын алдында Кыргызстандагы тейлөө тармагынын күнгөй-тескейин чагылдырып турмакчы.

Борбордук китепканада
29-март, жекшемби. Бишкектеги борбордук китепканада жаштар жана бирин-экин аксакалдар китеп, гезит окуп жатышканына күбө болдук. Жамгыр дыбырап, күн сууктап келгени менен китепкананын ичи, чоң залы жыпжылуу. Жаңы, апакай жылытуу системасын коюп жатышыптыр. Короосунда өрүк гүлүн төгүп турат. Эртеңки кар гүлүн жууп кетет эми. Азырынча өрүк гүлүнө рахаттанып турам. Бирок ырахатым бир заматта жуулуп кетти. Китепти заказ кылып, кагаз берчү кызматкерди жарым саат, заказды жарым саат күтсөм, ал заказды берчү кызматкерлер-архивдегилер бүгүн эмнегедир ишке чыкпай коюшуптур. Ошону менен бир саат убакытым текке кетти, ка-ап…

Жыргаганыбыздан жылкычы болуптурбузбу…
Бишкек, 29-март, күнгө жекшемби, S 39-24 AK номерлүү 225-маршруттук такси. Саат эртең мененки 9.48. Эс алуу күнү аз болобу, жүргүнчүлөр жыргап, орундуктарда отурушат, туруп бараткан жан жок. Дайыма ушундай болсо кана… Орундуктар ак жапкычтуу, бирок анчалык таза деп айтууга болбойт. Айдоочунун жанында отурган киши сүйлөшүп, тоскоол болуп, алаксытып баратат. Айдоочу аялдамалардын атын такыр атабайт. Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишине келдик. Жүргүнчү аял унаанын ичин жаңыртып, чөнтөк телефон менен алек: “Мен Гулянын эжесимин, мага арзан эмерек жасап бер. Кооздугунун кереги жок, бышык болсо эле болду, квартиранттар үчүн” деп кыйкырып атат. Унаа Киев көчөсүнө бурулду, “Каравандан” өттү, “Гулянын эжеси” эмеректин баасын быча албай, дагы эле убара. Ушул багыттын аягына чейин соодалашат окшойт, угуп атып чарчадым. Аз жерден “Ушул эле баага макул болчу, бай болгур!” деп жибере жаздап, жерге түшө качып кутулдум.
***
29-март, 39-96 ВС номериндеги 269-маршруттук такси. Көчө тарапты карап олтуруп, батыш жакка бараткан сайын доллардын курсу өсүп отураарын байкадым. Москва-Совет көчөлөрүндөгү акча алмашуу пункттарына караганда Ден-Сяопин көчөсүндө доллардын курсу жогору, 63.90- 64 экен. Радиодон улуттук оппозиция кыймылынын өкүлү сүйлөп атат: “Банктын котормо акысын кошкондо мигранттар Кыргызстанга жылына 2, 5 млрд сом жөнөтүшөт. Кийинки 2-3 айда кайтып келгендери көбөйдү”, “Мигранттар тууралуу мыйзам керек, “Жыргаганыбыздан жылкычы болуптурбузбу” деп. Ооба, мигранттар дагы, биякта биз дагы “жылкычы” болдук, мен деле жолдун өңгүл-дөңгүлүнөн улам өпкө-жүрөгүм чайкалып, кыйналып келатам…
***
29-март, 85-93 АХ номерлүү 212- маршруттук таксидебиз. Айдоочулардын баары аялдамалардын атын такыр атабайлы деп сүйлөшүп алышкан окшойт, бул да айтпайт. Асылып турган машиналарды, машинанын дөңгөлөктөрүн көрүп “Кудайберген”базарына келгенибизди баамдадык. Волков көчөсүнө бурулду, Месарош…Жол дагы эле өңгүл-дөңгүл, киши аз болгону да жаман окшойт, такыр эле чайкалып калдым.
***
В 94-44 AG номерлүү 101-маршруттук такси. Совет-Киев көчөлөрүнүн кесилиши. Айдоочу чөнтөк телефону аркылуу “Абайла, алдыда МАИ” деп дагы бир айдоочуга эскертүү берип келатат.
***
30-март. Жумушчу күн. S 11-19 AG номерлүү 145-маршруттук такси. Саат 13.15. Эл көп, көчөнү же бирөөнү караганга мүмкүнчүлүк жок, кыймылдай албай баратабыз.
101-маршруттук такси. Саат 19.00. Канча маршруттук такси келсе да, баары толтура, токтобой өтүп жатышат. Аялдамада 101-багытты жарым саатпы же андан да көппү, күтө берип, үшүгөнүмөн катып калдым. 30-март күнү ушинтип кар, муз, көк жылгаяк болуп жатканын кара. Өзгөчө жолдун орто жагы тоңголок. Ахунбаев көчөсүнөн кайрылган жерден түшкөн аял да тоңуп калыптыр “Пейилибизге жараша кудайдын күнү курутту, тоңуп калбадымбы же унаасы келбейт” деп Жогорку Жалга жеткиче айдоочуну, баарыбызды урушуп барды.

Позитивдүү нерселерди ойлоноюп деп, кайсы бир күнү ушундай 101-багыттагы маршруттук таксиге түшкөнүмдү эстедим, чөнтөгүмдө бир тыйын да жок экен, кайра жерге түшүп кетейин деп турсам, айдоочу “Татынакай айымдарды бекер салабыз” десе, кубанганымды айтпагыла!

Айжан Айтышева