Электр энергиясына караганда, чөнтөк телефонубузга көп акча салат экенбиз

LampaКөчө бойлоп шаар тургундарына эки суроо узаттык. Биринчиси, «Электр энергиясына бир айда канча акча төлөйсүз? Электр энергиясына болгон тарифтин баасы көтөрүлүш керек деген пикирлер бар, сиз буга кошуласызбы? » деген суроо. Экинчиси болсо “Чөнтөк телефонуңузга бир айда канча акча коротосуз?” деген суроо берилди. Көпчүлүк учурда электр жарыгына тарифтердин көтөрүлүшүнө эл каршы пикирин билдирди. Бирок, ошол эле учурда электр жарыгына караганда чөнтөк телефон үчүн акчаны канча болсо да аябай турганыбыз далилденип калды.

Акбермет ОНДОКЕЕВА, ишкер:
1. – Албетте, кымбаттатпаш керек. Эгерде биздин жетекчилерибиз туура саясат жүргүзгөндө, биз эчак эле Түркмөнстандай болуп электр энергиясын бекер колдонмокпуз. А биздики, тескерисинче, жогорулагандан жогорулап эле атат. Маселен, мен айына электр энергиясы үчүн 200-300 эле сом төлөйм. Аз чыгып келгенинин себеби, электр жарыгын үнөмдөп колдоном.
2. – Чөнтөк телефонума айына 350-400 сомго бирдик салам.

Дамира КАСЫМАЛИЕВА, Бишкек шаарынын тургуну:
1. — Бизнесмендер электр энергиясын тейлеген ишканаларга электр энергиясына керектүү болгон тетиктерди кымбат баада сатышат. Ошонун эсебинен электр энергиясына болгон тарифти кымбаттата беришет. Айрымдары электр энергиясынын турган эле мамычасын кайра курду кылып туруп, элден акча алып жатышат. Ал акчаны бизнесмен сөрөйлөр, ошол жакта иштеген ишкерлер бөлүшүп, өз чөнтөктөрүнө салып алышат. Бул жерден карапайым калк эле кыйналып атат. Жетекчилерибиз эл үчүн иштеп, элди ойлогон жок. Маселен, биздин үй-бүлө светке 3000 сомдун тегерегинде каражат төлөйбүз. Кээде 2650 чыкса, бирде 3000 сом чыгып келет.
2. – Орто эсеп менен алганда мен айына 700-800 сомго чөнтөк телефонума бирдик салам.

Кубан ЖОРОБЕКОВ, ишкер:
1.– Электр энергиясына болгон тарифтин баасы көтөрүлгөнү жакшы деп эле ойлойм. Анткени, тетиктер эскирип атат, анын баардыгын которуш керек дегендей. Мен айына электр энергиясы үчүн учурда 400-500 сом төлөп атам. Кышкысын 1000-1500 миң төлөйм.
2. – Чөнтөк телефонума электр энергиясына төлөнгөн баадан көп кетет. Айына орто эсеп менен алганда 1000-1500 сом бирдик төлөйм.

Кубат ТОЙЧУБЕКОВ, ишкер:
1.— Албетте светтин баасы ар бир айда жакканыңа жараша чыгып келет. Мен айына 350-380 сом төлөйм. Эгерде электр энергиясына болгон тарифтин баасы жогоруласа, анда айлык акылардын өлчөмүн да көбөйтүш керек. Ошондо туура болот деп ойлойм. Себеби, учурда бир эле трансформатордун баасы 500 миң сомдон жогору турат. Аны эки жылда бир тазалоо иштерин жүргүзүп туруу керек. Коомчулук муну туура түшүнүшү керек.
2. – Чөнтөк телефонума бир айда электр энергиясына салыштырмалуу каражаттан үч-төрт эсе көп кетет. Ар бир айда 1500 миң сом салып турам.

Жүрсүн ТУМТАЕВА, пенсионер: «Эми кайда барат?!»
1.— Электр жарыгына болгон тарифтин көтөрүлүшүн, менимче, эч ким жактырбайт. Кошулгандан кошулуп эле жатат. Дагы кайда барат? Мындан эл эле кыйналып калат. Мисалы, биз электр жарыгына айына 350-400 сомдун тегерегиндеги каражатты төлөйбүз.
2.— Чөнтөк телефонума жумасына 30 сомдон ашык бирдик сала албайм. Айына 180-200 сом акчамды бирдик үчүн сарптайм.

Кымбат Турдубекова