ЭлТРдеги тирешүү (ВИДЕО)

 

Maksuda A.ЭлТР телеканалынын кесиптик кошууну башкы директору Максуда Айтиеванын кызматтан кетүүсүн талап кылып президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдошкон. Президентке жолдонгон кайрылууга 60тай адам кол койгон жана ЭлТР телеканалынын мазмуну начарлап, жеңил-желпи программалар кетип жатканы айтылган. Бул маселени талкууга алуу үчүн, телеканалдын башкы директору Максуда Айтиева жыйын өткөрдү. Жыйынга ЭлТР телеканалынын кызматкерлери жана журналисттер катышып, ич-ара чоң талкуу өттү.

ЭлТР телеканалынын эмгек жамаатынын атынан кесиптик кошуун уюму Айтиевага төмөнкүдөй үч талап коюшкан:

1) ЭлТРдин элдин маанайын көтөрүү, кесип бюродо сарамжал жана заманбап жашоо, нарктуу рухий таалим-тарбиялоо үчүн кызмат кылып, өз көрүүчүлөрүн тапкан тематикалык жана автордук программаларын жок кылып, ордун ичи-көңдөй тайыз жана табити ди-джейлик формат менен алмаштырып, профессионал чыгармачылык жамаатты кемсинтип, маданий өсүмдүктү жулуп салып, ордуна отоо чөп тиккендей жоопкерсиз эксперименттерди токтотуу.

2) Мамлекеттик телекөрсөтүү дегендин маани-максатын ЭлТР каналы жүргүзүп келген зор эмгек улуттук жана мекенчилдик ишти түшүндүрүү. Мекенди коргоочулар күнү, аялдар күнү, Нооруз майрамы, 7-март, 24- март, 7-апрель күндөрү бир да өздүк продукция даярдалбайт. Аларга саясий саботаж катары мамиле жасаган жаңы жетекчи жана жооптуу кызматкерлериңиз З.Казакбаевди, С. Мамыралиевди, С. Султановду, Бакай Эгенди токтоосуз кызматтан бошотууну талап кылабыз.
ЭлТРдин материалдык, техникалык жана каржылык өтө чоң тартыштыгынын шартында жоктон барды жасап, башкы директордун орун басары Бейшенбек Бекешовдун уюштуруусу менен сизге чейин эң натыйжалуу иштеп келген маданият тармагынын чыгармачыл системасын толугу менен кайра калыбына келтирүүнү талап кылабыз.

Максуда АЙТИЕВА, ЭлТР телеканалынын башкы директору: «Кызматкер эфирди 10 миң сомго сатып койсо, мен телекомпанияны кантип көтөрөм?»
– Биринчиден, мен ишке келгенден тарта бул телеканалда кырдаал кандай деп анализ жүргүздүм. Документация иштери төмөн, уюштуруу жок. Ошол нерселерди иштеп чыктык. Биздин рейтингибиз абдан төмөн. Кыргызстан боюнча 8,5 пайыз аудиториябыз бар. Бишкек шаары боюнча эң алдыңкы делген он телекомпаниялардын ичине кире албайбыз. Рейтингдерибиз төмөн. Рейтингдин негизинде 4 пайызга чейинки аудиторияны ала албаган телеберүүлөрдү токтотконбуз. Токтотуу менен ишкерлерди кызматтан айдап чыккан жокпуз. Алар менен ар бир программасын талдап, жакшыртуу багытында жумуш алып барып жатабыз. Алардын көпчүлүгү кайра теледен көрсөтүлүп жатат. Айрым программасы токтотулган адамдар жаңы берүүсүн жасай албай жатышабы, билбейм. Жаңы реформа башталганда анын стандарттарына жооп бериш керек да. Дагы бир опурталдуу маселе, бул жерде коррупциялык схема бар. Бейшенбек Бекешов программасына демөөрчүлөрдү алып келет. Бирок биринин да келишими жок, бир тыйын акча кассага түшпөйт. Бул өкмөттүн мүлкү. Ар бир эфирдин минутасына өкмөт акча төлөйт. Ѳкмөткө түшкөн акча кассага түшүшү керек. Мисалы, 300 кызматкер бир сааттык берүүнү 10 миң сомго сатып коюп отурса, мен жарнамалык негизде кантип иштеп, кантип телекомпанияны көтөрөм? Мына ушунун баардыгын эске алып, 6-ноябрда «Баардык кызматташуулар келишимдин негизинде жүргүзүлүп, касса аркылуу өткөрүлсүн» деп келишим чыгаргам. Себеби, жарнаманын ар бир мүнөтү эсептелет да. Эртең эсеп палатасынан «баланча жарнама кетип атат, отчету кана» десе, мен эмне деп жооп берем?



Кымбат Турдубекова