Эмилбек Каптагаев, «Шакемдин “агындыларын” улай аккан ойлор»

kaptagaev 1(Башы өткөн сандарда)

Сансызбай агай жөнүндө көп жазыптыр, ал кишинин жөнөкөйлүгүн, студенттерине атасындай мээрим менен мамиле кылып, атүгүл мас болуп милицияга түшүп калса, 15 сом штрафын да төлөп бергенин айтат Шакем. Таң калдым. Биздин мехматта андай болуусу да мүмкүн эмес болучу, дароо эле айдап чыгарылчу окуудан андай чатагы бар студенттер. Сансызбай агай менен мен 1975-жылы университетке тапшырып жатканда жолуктум. Математика жазуу, математика оозеки, анан физика оозэки экзамендеринен “төрт” деген баа алып, эми өтсөм да өттүм, өтпөсөм да өттүм деп дердеңдеп жүрсөм, Сансызбай агай кыргыз тилден сочинениеден эки коюп салыптыр. Аппеляцияга кирип, агай менен өзүм жазган сочинениени талдап, а киши менен талашып отургам. Мен “үч” койсо болот дейм, анткени тогуз ката жалаң үтүрдөн кетиптир, аларды мен үч эле ката катары саноого болот деп далилдеп жаттым, анткени болгону үч эле эреже бузулган. Агай болбойт, жок үчкө оңдой албайм деп. Ошентип тартышып жатсак Жолдош Жусаев агай келип калды, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы экен. Ал киши менин жүйөлөрүмдү угуп туруп “профилдик сабактарын жакшы тапшырыптыр, “үч” эле коюп бербейсизби” десе, Сансызбай агай болбой койду, жок деп. Анан кайра бир аз жибидиби, “анда кайра жазсын, эгерде сиз кол коюп уруксаат бере алсаңыз” деди, Жусаев агай арызымдын башына “кайра жазууга уруксаат берилсин” деп жазды, колун койду. Ошону менен мен кыргыз тилден кайра экзамен берип, окууга өтүп кеткем. Кийин деле ойлоп жүрдүм – ошондо Сансызбай агай аппеляциялык кароонун жыйынтыгы менен мага 3 деген бааны жөн эле коюп койсо болмок, тырышкан кырс киши болсо керек деп. Шакемдин китебин окугандан кийин ал агай жөнүндө пикирим өзгөргөндөй болуп калды, милицияга түштүм эле деп “сүйүнчүлөп” келген студентке өз чөнтөгүнөн акча чыгарып берип жаткан деканды элестетиш кыйын эле. Жарыктык киши мага карата эмне себептен анча көөшөрүп койду экен ошондо?
***
Агындыларды улай аккан ойлордун аягы көрүнчүдөй эмес. Шакемдин китебинин элге сиңимдүү болуп калганынын дагы бир – бешинчи себеби ушунда окшобойбу, окурманды ой- боюна койбой айылга карай алып учуп, тээ алтымышынчы-жетимишинчи жылдардагы турмуштун шарына чумкутуп, кайрадан бала кылып, көчөнүн чаңын буркулдатып жылаңайлак чуркатып, чүкө талаштырып мушташтырып, кезүү кайтартып уйдун артынан дегдеңдетип чуркатып, аларга ээ боло албай эгинге киргизип жиберип көздүн жашын көл кылып ыйлатып, койчу деги, ар кимди эбак унутта калган, түш сымал үрүл-бүрүл болуп жок болуп бара жаткан жомок дүйнөгө кайра учуруп жеткиргенинде окшобойбу. Орустар ностальгия деп коюшат эмеспи. Адам өзү сезбегени, туйбаганы менен балалык доорун сагынат көрүнөт. Ошол балалыкка кайра кайрылуунун өзү ар кимибиздин ичибизде катылып жаткан адамдык аруу сезимибизди козгоп, саамга болсо дагы адамдык кейпибизди кайра кайрып келет экен. Шакем бул китебин жазуу менен ошол АДАМ болуунун сырын ачканбы деген ой келди.
***
Бар бол Шаке, бул эмгегиңиз менен салкын тартып, кунары кетип, пейили бузулуп бара жаткан коомубузга кандайдыр бир жылуулук алып келе алдыңыз. Өзүңүз ачкан “Кайдыгерлик философиясын” жандыруунун ачкычын өзүңүз тапкан көрүнөсүз.

Каракол шаары, 2014-жылдын декабрь айы