Эмилбек КАПТАГАЕВ, “Шакемдин “агындыларын” улай аккан ойлор”

KaptagaevКыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындыларын” сурабаган, издебеген адам жок го дейм азыр. Кыска убакыттын ичинде үчүнчү жолу толукталып кайра басылып чыкканына карабастан көпчүлүккө таңсык бойдон калууда. Окуп алып, бир эле сыйра эмес, кайра-кайра окуп, тамшанып, өз оюн басма сөз аркылуу, интернетте жарыя кылып жаткандар да арбын. Эл оозуна бат алынып, элге тез сиңип кеткен жаңылык чыгарма болуп калды.
***
Шакемдин бул китеби туралуу Табылды Эгембердиевден ашык эч ким жаза албайт го деп ойлойм. Таасын жазылыптыр баш сөзү. Мен үчүн Шакемдин китебин окуудагы эң чоң ачылыш Табылды кайнагам болду. Менин жубайым дагы Суусамырдын Кызыл-Ой айылынан болгондуктан башынан эле “күйөө бала” деп койот, мен болсо “кандайсыз кайнага” деп учурашам. Табылды Эгембердиевди 1992-жылдан бери жакындан билип, ал кездеги гезиттерге, айрыкча “Республика” гезитине байма-бай чыгып турган макалаларын, интервьюларын окуп жүрсөм дагы, мен кайнагамды билбептирмин, баркына жете баалабаптырмын, орусча айтканда “философствующий романтик” катары эле кабыл алып жүрүптүрмүн. Көрсө Табылды Эгембердиев нукура философ экен, таӊ бердим, бул кишинин коом жана мезгил жөнүндө айта турганы, жаза турганы дагы алдыда экендигине ынандым.
***
Agyndylar“Агындылардын” мындай ыкчам тарап, эл ичинде популярдуу болуп калганынын себеби эмнеде? – деген суроо албетте ар бир окурмандын оюнда. Ар ким өзүн койо бербей, китепти көздөй тартып турган күчтүн сырын билгиси келет, бул табигый көрүнүш. Китепти колго алган сайын ушул эле суроо менен мен дагы алек болуп алпурушуп келе жатам.
***
Өзүмдүн акылым жетишинче боолголодум. Менимче, биринчи себеби – “Агындыларда” айыл жеринде өмүр кечирген ар бир кишиге тааныш, ар ким өз башынан өткөрбөсө дагы, көрүп билип жүргөн кадимки айылдык турмуштун көркөм, таасын сүрөттөлүп берилиши, каармандардын образдарынын таанымалдыгы. Экинчиден, Шакемдин автор катары ачыктыгы, өзүнүн ички дүйнөсүн, ымандай ички сырларын, коом жөнүндө, өзүнүн айланасындагы инсандар жөнүндө пикирлерин жаап-жашырбай, сылап-сыйпап жасалгалабай, агынан жарылып төгүп салгандыгы. Үчүнчүдөн – Шакемдин тили, тилге болгон аяр мамилеси. Жондотуп айтканда, ушул үч себеп китептин элге сиңимдүүлүгүн аныктап турат го дейм.
***
Адамдын адамдык касиети, анын тазалыгы, улуулугу көр турмуш менен алектенген күнүмдүк жашоодо билинбейт экен. Пендебиз да, ар кандай ушак-айыңдардын, майда-барат таарынычтардын, утурумдук кызыкчылыктардын кулу болуп жашай берет экенбиз. Анан убакыт өтүп, мезгили жетип, ал адамдын көзү өтүп кеткенден кийин гана өкүнөт экенбиз, кандай улуу инсан жаныбызда эле жүргөнүн, анын баркына жетип, тирүүсүндө кадырлап, сыйлап ала албаганыбызды айтып кейийт экенбиз. Бирок пендебиз да, дагы да болсо жаныбызда эле жүргөн адамдардын баркына жетпейбиз, дагы да болсо жалган дүйнөнүн утурумдук кызыкчылыктары менен жашап, майда-барат нерселер үчүн араздашып, көңүл оорутуп келебиз. Акыл токтотуп, ой тегеретип айланага баам салуу, болуп жаткан окуяларга, алардын башкы каармандарына, учурдун баатырларына баа берүү жок. “Баатырдын даңкын алыстан ук, жакын келсе бир киши” деген калети жок сөз экен го. Канча улуу инсандар замандаштарынын арасында “бир киши” болуп жашап, ошондой “бир киши” катары дүйнө салып кете беришти. Жашоо ыңгайы ушундай бейм… Шакемдин «Агындыларынын» элге сиңип кетишинин төртүнчү себеби мына ушул ыңгайды бузуп, жаныбызда “бир киши” катары жашап жүргөн адамдарга карата көзүбүздү ачып, алардын инсандык жеке сапаттарын баамдоо, түшүнүү жолун тапкандыгында, адамдын улуулугу анын ээлеген кызматында эмес, жеткен даражасында эмес экендигин айгинелегенинде, адамдын улуулугу анын АДАМ болуп жашап, АДАМ бойдон өлгөнүндө экенин таасын ачып бергенинде окшойт деп ойлойм.
***
Шакем китебин “Бардык энелерге таазим кылуу менен, мени киши кылган Энем Канымгүлдүн жаркын элесине арнайм” деп баштаптыр. Ооба, “Энем” деп баш тамга менен жазыптыр. Ушундан улам ар кимибиз эле өз ата, өз энебиз жөнүндө жазганда сөзсүз баш тамга менен жазуубуз керек деген ой келди мага. Мен да чоң ата, чоң эненин колунда өстүм, Энемдин ысмы Канымбүбү болучу. Китепти окуп отуруп Шакемдин Энеси Канымгүл менен менин Энем Канымбүбүнүн образдарынын окшоштугуна таң калдым, оокат кылганы, сүйлөгөнү, айлана чөйрөгө болгон мамилеси бирге бир дал келип турат. Айылдан беш чакырымча жердеги Жарбулактын  сайы деген жерден барып чий тартып  келгенибиз, айыл үстүндөгү Таш короонун тегерегинен шакар оруп келип кургатып самын кайнатканыбыз эске түштү. Энем самынды томолоктоп-томолоктоп коюп сураган элдин баарына таратчу, көңүлүнө жакпагандарына бербей койчу.
***
Негизи эле айылда өсүп, абышка-кемпир баккан балдардын жашоосу, тарбиясы бирдей, окшош болобу деп ойлоп калдым. Энем жүн бойоп жатканда казанга салып жиберип кызыл, көк, жашыл кылып бойоп алган бир чоң баштык чүкөнү эстедим. Чүкө көп болучу, бир баштык, калп айтпасам 300 дөн ашык эле, канча заман жыйналганын билбейм. Кыштын күндөрү ала кийизди тетирисинен жайып алып упай ойночу элек, чоң атам, эжелерим кошулуп. Азыр балдар чүкө ойнобойт.
***
Шакем менен эң чоң окшоштук – бул сүрөтчү болсом деген кичине кезден аздектеген кыял, кичине кезде көп түстүү карандашка жеткендеги кубаныч. Мен беш -алты жашымдан эле карандаш кармап сүрөт тартууга ынтызар боло баштадым. Алты жашымда Жумаш авам менен дүкөнгө барып калыптырмын (ал кезде же мектептин деректири, же райОНО башчысы болуп иштей турган болушу керек). Дүкөн үйдүн эле жанында болучу. “Эмне алып берейин?”- деп сурай калса дароо эле сөөмөй менен көп түстүү карандашты көрсөтүпмүн, ак түсүнө чейин баардык түстөгү карандашы бар чоң коробка болучу, үч катар тизилген. Ал учурдагы баа менен бир топ эле кымбат окшойт. “Уялганымдан алып бергем карандашты, момпосуй сурайт деп ойлоп жүрбөйүнбү” – деп айтып калуучу авам. Ошол карандаштар 4-5-класстарга окуганга чейин жетти, аябай кастарлап, эч кимге бербей, айар пайдалануучумун. Акыры, Шакем жазгандай, кай бир түстөгү карандаштар колго кармалбай кипкичине болуп калды, кай бири пайдаланылган деле жок, айрыкча ак түстөгүсү. Шакем сымал мен да таң кала берчүмүн, ак карандаштын эмне кереги бар деп. Алтынчы класста Лениндин портретин көчүрүп тарткам, кара простой карандаш менен, ошол сүрөт Союз таркап, пионер, комсомол дегендер жоюлганга чейин мектептеги Пионерлер комнатасында илинип турду. Кийин апам үйгө алып келип коюптур, азыр да сакталып турат. Тилекке каршы, мен дагы художник боло албадым.
***
Мен мектепте 8-класска чейин жакшы окудум, бир да сабактан кыйналып, билбей калган учурум болгон эмес. Ошол кезде мени эң эле кыжалат кылган нерсе – бул математикада, физикада бардык формулалардын ачылып калганы, химияда бардык элементтер белгилүү болуп, химиялык формулалар дагы ачылып бүткөнү, жылдыздардын баары белгилүү, ар биринин өзүнчө аттары бар, океандар, дарыялар, аралдар да толук ачылган, иши кылып мен окуп, изилдеп, ачууга аракет кыла турган эч нерсе жок калгандай түшүнүк эле… Кеч төрөлүп калганыма кадимкидей кайгырып да калчумун, айрыкча улуу саякатчылар жөнүндө окуганда… Илимде мен ача турган эч нерсе жок калгандан кийин художник болгум келчү, ошого даярдангам, далай -далай сүрөт тарткам… негизинен карандаш, анан акварель менен. Ошентип 8-классты бүтүрүп, күбөлүктү колго алгандан кийин Фрунзе шаарындагы сүрөтчүлөрдүн училищасына барам деп чыктым. Атам менен энем бул маселени чечпей тургандарын, Чоң-Сары-Ой айылында жашап, ал жакта мугалим болуп иштеп жүргөн өз атам (папам) гана чече турганын айтышты. Мен болсо училищага өтүү үчүн конкурска катышууга тарткан сүрөттөрүмдү кайра кайра карап, кай бирин жаратпай алып таштап, кай бир мурда жарабай калган сүрөттү кайра кошуп, иши кылып кызуу даярдык көрүү менен бирге папашаны күтүп калдым. Бир күнү келди, энем айтты ушундай болуп жатат деп. Анда папаша: “Художник дагы кесип болмок беле, тигине жумушу жок көчө таптап басып жүрүшөт, онду бүтсүн, анан кайда барып окуй турганын көрөбүз” деп кагып салып кайра кетип калды. Мен ошол күндөн ички үйдөн чыкпай жатып калдым, жашоодогу алдыга болжогон мерчемдер жоголду, кызыкчылык да жоголду, болгон сүрөттөрдү тыттым, барчалап. Эки күн өткөндөн кийин папаша кайра келиптир, сырттан энем айтты окшойт менин тултуюп үйдөн чыкпай жатканымды. Ички үйгө кирип: “Мейлиң, барсаң бар училищага… Бирок кантип өтөсүң окууга, ал жакта эч кимди тааныбасак…” деп кайра чыгып кетти. Ошол маалга чейин жөн эле көгөрүп жаткам, ошондо жарылып кеттим, токтоно албай калдым, көздөн жаш кетти…. Негизи мен өмүрү үнүмдү чыгарып озондоп ыйлап көргөн эмесмин… Унчукпай, көздөн жашты сызылтып ыйлай турганмын… Ал күнү деле жаздыкты кучактап алып көздүн жашын көл кылып ыйладым… Училищага бара албайт болучумун, эки-үч жыл даярдаган сүрөттөр айрылган, жок болгон, аларды бир -эки күндө даярдай коюуга болбойт эле…. Мен ошол сүрөттөргө ыйладым… Канча жыл даярданып, дегдеп жүргөн окууга бара албай калганыма ызаланып ыйладым… Ошондон кийин сүрөт тартканды да токтоттум… Кийинчерек мектепте деле, университетте деле дубал гезиттерди жасалгалап жүрдүм, анан дагы студент кезде азыркы өмүрлүк жарым, ал кездеги курсташым Абиданын портретин тарттым, карандаш менен… Ал сүрөт азыр да бар, Абида катып жүрөт… Кийин университетте окуп жүрүп илимдин учу-кыйыры жок экендигин түшүндүм, адамзат илимдин четин да ойо электигин билдим… Аспирантурада окудум, 20 дан ашык илимий эмгек жаздым математика илими боюнча, диссертация даярдадым, илимдин кандидаты болдум… Бирок негедир көңүлүм толуп ыраазы болгон жокмун… Баягы тытылган сүрөттөр, жаздыкты кучактап бышактап ыйлап жаткан кара тору бала элестей берет көзүмө…

(Уландысы келерки санда)