Эне бала

Гүлсүн МАМАШЕВА, КР эл артисти: “Биздин үйбүлөдө менин баламды жогорулатып койчу деген нерсе болгон эмес”

– Балдарыңыздын чыгармачылыкка аралашуусун колдодуңузбу?
– Чыгармачылык деген абдан татаал жол. Чынын айтсам, менин балдарым дагы ушул жолду кайра басышын каалаган эмесмин. Атасы дагы каршы болгон. Буларды биз филармонияга дагы, театрга дагы жолотпой жүрүп өстүрдүк. “Ушу балдарым кыйналбай жакшы турмушта жашаса экен” деп тиледик. Аларды окутканда дагы эртең менен 9да кетип, кечки 6да келген жакшы кызматта иштеп, үйбүлө күтсүн деп ойлогом.

– Балдарыңыздын чыгармачылыкка аралашышына каршы болсоңуз уулуңуз Марат Ибраев кандайча бул чөйрөгө аралашып калды?
– Жогоруда айтып кетпедимби каршы болчумун деп, кийин эле уулум Марат ырдап чыга баштады. Анан мен унчукпай калдым. Негизи мен сахнага алып чыгып “менин жолумду жолдоп ырдасын” деген киши эмесмин. Менин балдарым башка кызматты аркаласа экен деп тилек кылгам.

– Чыгармачыл адардардын турмушу ошончолук татаалбы?
– Биздин турмуш өтө оор. Эл бизди «ырдап  коюп жыргап эле жүрө беришет» деп ойлошот. А чындыгына келгенде чыгармачыл адамдардын жолу өтө татаал. Ошондуктан мен балдарымдын чыгармачылык чөйрөгө аралашканын каалаган эмесмин.

– Жашоодо кыйын күндөрдө ким тарабынан колдоону сезчү элеңиз?
– Эч кандай колдоо күтпөстөн, өзүбүздүн жолубузду өзүбүз чаптык. Кыйналган күндөн өзүбүз аракет кылып чыгып кеттик. Биз эч кимдин күчүнө, колдоосуна ишенген эмеспиз.

– Уулуңуздун чыгармачылыкта ийгилик жаратышына сиздин да кошкон салымыңыз чоң болсо керек? Башкача айтканда, айрым жерлерден кадыр-баркыңызды салып көтөрмөлөсөңүз керек?
– Жок, андай нерсе таптакыр болгон эмес. Марат өзүнчө чыгып жүрөт. Мен өзүнчө чыгып жүрөм. Уулумдун эч нерсесине кийлигишкен жокмун. Ал өзүнүн жолун өзү таап келе жатат. Биздин үйбүлөдө “менин баламды жогорулатып койчу” деген нерсе болгон эмес. Мисалы, менин жолдошум башкы режиссер болгон. Бирок, эч качан “менин аялымды жогорулатып койчу” деп мага караган эмес. Эгер баламдын ары жагында бир нерсе болсо өзү суурулуп чыгат.

– Жолдошуңуз режиссер Бообек Ибраев дагы чыгармачыл адам болгонун билебиз. Бири-бириңерге эрегишүү же болбосо «сенден мен кыйын» деген ойлор, сезимдер болду беле?
– Эч кандай эрегишүү деген нерсе болгон эмес. Мен ырдадым, ал спектаклин койду. Ар бирибиз өзүбүздүн дареметибизге жараша иштегенбиз.

m_ibraevМарат ИБРАЕВ: “Апамдын жакшы сапаттарынын бири – бул чечкиндүүлүгү

Марат байке, биз билген Гүлсүн эже жашоодо кандай адам?
– Биринчиден, мага апа. Апа болгондон кийин эч качан жаман болбойт. Ар бир бала апасын жаман деп айтпайт. Апамдын жакшы сапаттарынын бири бул чечкиндүүлүгү. Мисалы, бир нерсени ойлонсо, ошол ойлогон нерсесин бир заматта ишке ашырууга аракет кылат. Башкача айтканда, энергиясы күчтүү. Азыр жетимишке жакындап баратса дагы өзүн ошол жаштагыдай сезбейт деп ойлойм. Анткени, «силерден эч нерсе сурабайм, өзүмдүкү жетет» деген өтө эркин жүргөн адам. Кээ бир эне балдарына өтө көп маани берип, көп убактысын бөлөт эмиспи. Андай болуп өтө майдаланБайт. Учурунда, дүркүрөп турган кезинде үйбүлөм бар деп сахнаны таштап, үйбүлөнү тандаган. Атам каякКа барса, ошол жакта кошо жүрүп, өзүнүн чыгармачылыгын токтотуп койгон. Башкача айтканда, бүт бойдон дитин үйбүлөсүнө бурган адам.

– Эне үйдө жок болсо балдар томсоруп калат эмеспи, апаңыз гастролго кеткенде сиздердин үйдө да ушундай абал болчу беле?
–  Андай учурлар өтө көп болгон. Бирок кийинчерээк биз чоңоюп баштадык, анан «кой, балдарымдын жанында болоюн» деп аракет кылды. Кийин кайра ырдап чыгып, азыр жаңы чыгармаларын жазып, клиптерин тартып жатат. Дагы деле иштегенге менин беш-он жылдай мөөнөтүм бар дегендей, дагы деле аракет кылып жүрөт.

Апаңыздын ырчы болгону сизге жакчу беле же башка энелердей болуп кашыбызда олтурса дечү белеңиз?
– Мен чоң атамдардын колунда көп болуп калгандыктан, алардын келгенине деле көп көңүл бурчу эмесмин. Кээде жиним келип, «мага көңүл бурбай атасыңарбы» деп кыялымды көрсөтүп койчумун.

– Апаңыз көпчүлүк учурда чыгармачылык менен алек болуп жүрсө, тарбия берүү жагынан кандай эле?
– Менин оюмча, ата-энем бизди мээримдүү, чыйрак кылып өстүрдү.

– Апаңыздын кадыр-баркынын сизге пайдасы тийип калабы?
– Кыргыздын “аккан арыктан суу агат” деген жакшы сөзү бар. Азыр бардык үйбүлөдө эле андай боло бербейт экен. Чыгармачыл үйбүлөдө чыгармачыл балдар чыгат деп койсок болот. Эгер ата-энеңдин чыгармачылыкта аты чыгып, таза болсо, алардын жолун улантсаң жолуң ачыгыраак болот экен. Башкача айтканда, ата-энеңдин аты сенин чыгармачылыгында таасирин тийгизет. Атамдын аты да, апамдын аты чыгармачылыкта өзүнчө чоң тамгалар менен жазылган. Экөөнү уят кылбай татыктуу болгонго аракет кылам.

– Азыр эмне менен алек болуп жаткан учуруңуз? Сизди “Кумтөрдө» да иштейт деп кулагыбыз чалып калды эле…
– Ооба, менин негизги жумушум «Кумтөрдө». Балдар чоңоюп келе жатат, аларды окутуп-чокутуш керек дегендей. Азыр чыгармачылык бейстабилдїї болуп жатпайбы. Бирде бар, бирде жок. Ошондуктан, колдон келишинче эки жакты бирдей алып кеткенге аракет кылып жатам. Ал эми чыгармачылыгымда жаңылыктар абдан көп. Тойлор бүтпөйт. Мындан сырткары, жаңы киного тартылууга сунуш түшкөн, аны менен чуркап жүргөн убагым. Башкача айтканда, убакыт жок.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА