Европада мода дүйнөсүн багындырган кыргызстандык Гүлнур

Gulnur2Гүлнур Тоялиева Автриянын Вена шаарында жашап аткан мекендешибиз. Мода дүйнөсүндө ийгиликтерди жаратып, өзүнүн кыргыз жыттанган моделдери менен Европаны багындырып келет. Биз Гүлнур менен интернет аркылуу байланыштык.

– Гүлнур, акыркы ийгиликтериңиз тууралуу айтып берсеңиз…
– Мен ушул жылдын август айында Австриянын борбор шаары жана азыр мен жашаган Венада, африкалык сүрөт галереясында үчүнчү мода көргөзмөмдү өткөрдүм. Бул коллекциянын атын “Аура Племён” деп атадым. Менин моделдерим башка европалык дизайнерлердин моделдеринен көйнөктөрдө колдонулган кыргыздын анча-мынча оймо-сайма, курак элементтери менен айырмаланат. Ошол эле учурда мен минималистмин, ар кандай көп эффекттерди жакшы көрө бербейм. Мен жасаган кийимдерди кыргыздар эле кие турган кылбай Европалыктар же башка улуттар да кие турган стилде даярдайм.

– Кандайча дизайнер болуп калдыңыз, өзүңүз тил жагында окуган экенсиз?
– Мен кичинемде өзү дипломат болгонду эңсечүмүн. БУУ тууралуу кабарларды укканда, ошондой жерде иштесем экен дейт элем. Тил үйрөнөм деп Жалал-Абад университетинин англис тил факультетине тапшырып, биринчи курстан баштап эле ар кандай чет өлкөлүк долбоорлордо котормочу, ассистент болуп, өз нанымды өзүм таап, окууда активист болуп, кызыл диплом менен бүтүрүп, окуудан сырткары 7 фирмада иштептирмин. Дизайнерликке каалоом Европада жашап жүргөндө пайда болду, эстесем он жылдан мурун эле оюма келген ар кандай моделдерди чийип-тартып жүрө беpет элем, анан тарткандарымды телевизордо мода көрсөтмөлөрүндө көрөт элем. Аларды көрүп бир жагынан сүйүнүп таң калат элем, бир жагынан эмнегедир кыжырым келет эле, «мен ойлогонду башкалар көрсөтүп койду» деп. Мурун БУУда иштөөнү эңсесем, анан БУУда иштеп жүрүп дизайнерликке иштегенди эңсеп баштадым, ошентип азыр эки кесибим бар.

– Бул ишти кантип баштадыңыз? Алгачкы кадамдарыңыз, ийгиликтер, жаңылышуулар тууралуу айтып берсеңиз…
– 2010-жылы мен моданын борбору деп атайы Миланга барып, бирок мага аябай жаккан эч нерсе таппадым. Оң жакка кирсең да, сол жакка кирсең мода бардык жерде бирдей, түстөрү боз болуп. Ошондо мен кыргыздын кол-өнөрчүлүктөрүн, Жибек-Жолу өткөн жерден келгенимди эстеп, Европада жүрүп биp өзгөчө моделдерди жасап көргөзгүм келди. Мектепте окуп жүргөн кездерде апам-эжемдер менен эмнелерди гана жасабаптырбыз, кийим токуу-тигүүдөн баштап, саймалардын түрлөрүн, курак, шырдак, кийиздерге чейин жасайт элек. Ал убакта бул көп иш болгону менен, азыр мен ушуларды барктап, үйрөнгөнүмө ыраазымын. Башында тааныш-досторумдун ичинде да “андан эч кандай ийгилик болбойт, убакытыңды, энергияңды кетирбе” дегендер болду, бирок менин бир мүнөзүм бар – көкмүн, аларды укпадым. 2011-жылы Венанын борборунда биринчи көргөзмөнү өткөрдүм, азыр төртүнтүнчүсүн пландаштырып жатам.

– Ал жакка кандайча барып калгансыз? Турмушка чыгып Швейцарияга келдим дегенинизди угуп калдым эле, чет өлкөлүк жаранга турмушка чыкканда, ата-энеңиз каршы болгон жокпу? Аны менен кандайча табышып калгансыз?
– Мен окуудан, инофирмадагы иштерден сырткары дагы Жалал-Абад телевидениесинде иштеп “Студенттик Каналды” алып барчумун, ошол кездерде англис тилинде биринчи жолу чыккан инфактын студенттери даярдаган театрды тартып бир швейцариялык жигиттен интервью алган болчум. Ал мени кийин ошондон бери көп издеп жүрүптүр, акыры мени анын достору таап, кийин ата-энеси менин тааныштырып, апам менен таанышып, ошентип мен жүрөгүмдү угуп, 1999-жылы Швейцарияга кеткем. Швейцарияда бир-эки жыл жашап, анын иши боюнча Австрияга көчкөнбүз. Албетте, апам жалгыз болгондуктан, мени чет өлкөгө күйөөгө чыкканга уруксат бериши аябай кыйын болду, атам болсо 16 жашымда өтүп кеткен. Мен сүйүү ушул экен да деп баары бир кеткенмин. Чыныгы кыйынчылыктар кийинирээк башталган, уулум төрөлгөндөн кийин. Уулумдун атасы окуйм, чыгармачылык жасагым келет десем тоскоол болгон, «мода колледжине барам» десем, «андан эч кандай пайда болбойт» деди. Мен чыгармачылыксыз жашай албаганымды түшүнүп, окуп, өсүп-өнүккүм келгендиктен өз жолумду өзүм улаганды чечтим, ошондон бери мен Австрияда окуп, карьера жасап, БУУга караган Эл аралык атом энергиясы агенттигинде кыргыз катары биринчи айым болуп ишке кирип, беш тилди үйрөнүп, Венада бир италиялык мода академиясында окуп, дизайнерликкти да жасап жатам.

– Карьера менен үйбүлө коюлганда, карьераны тандап кеткенсиз десек туура болобу?
– Жок, карьера эле себеп болбостон, ал мурун кыргыздарды жактырып, мага «кыргыздын ушундай сонун кызы экенсиң, швейцар кызына үйлөнгөндү элестете албайм» деп мага үйлөнүп, бирок кийинирээк менден кыргыз эмес швейцар кызындай болушуң керек деп күнүмдүк жашоодо талап кылды. Мен өзүмдүн таьигый мүнөздөрүмдү,с апаттарымды кечсем, анда мен ким болуп калам?

– Кыргызстанга кайтып келүү тууралуу оюңуз барбы?
– Мен өзүмдү Кыргызстандан кеткенмин деп эсептебейм, ар жылы барып турам, жүрөгүм дайыма Кыргызстанда. Бирок жашаганы, иштегени, мага азырынча Вена ыңгайлуу. Бул жердин камсыздандыруу, коопсуздук системалары жакшы иштейт, свет-газ жок болуп калбайт, эртеңки күндүн кандай өтүшүн билем, билим берүү системасы да жакшы өнүккөн. Ушунун баары чет өлкөдө жашасам да, бала тарбиялоого, мода линиямды өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар?
– Азыр мен кече көйнөктөрдүн жаңы коллекциясын зоок-кечелер, театрлар үчүн, Веналык балдарга даярдап жатам, ал эмки айдын ичинде даяр болот. Өткөн көргөзмөлөрдү www.gulnur.eu интернет баракчамдан көрсө болот. Алдыда пландар чоң, бирок мен бул жөнүндө алдын ала чоң сүйлөгөндү жакшы көрбөйм. Бирок айтаарым мен бул ишимди жашоомдо эч качан токтоткум келбейт. Моделдер эле эмес, ар кандай коллекциялар жөнүндө идеялар толтура.

Ал мурун кыргыздарды жактырып, мага «кыргыздын ушундай сонун кызы экенсиң, швейцар кызына үйлөнгөндү элестете албайм» деп мага үйлөнүп, бирок кийинирээк менден кыргыз эмес швейцар кызындай болушуң керек деп күнүмдүк жашоодо талап кылды. Мен өзүмдүн таьигый мүнөздөрүмдү,с апаттарымды кечсем, анда мен ким болуп калам?

ПК