Гүлнара БОЛОТБЕКОВА, КТРКнын Москвадагы кабарчысы: “Мигранттар Евразиялык биримдикке кирүүнү күтүп жатат”

Gulnara– Гүлнара эже, Россиядагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырып бир канча жылдан бери жүрөсүз. Кандайча барып калдыңыз? Бул жактан өзүңүзгө кандай жаңы нерселерди ачтыңыз?
– Москвага келегениме бир нече жыл болуп калды, келген күндөн баштап мекендештердин жашоо-турмушун жазып келем. Кыргызстанда мигранттардын жашоосу жөнүндө укканыӊ менен, өз көзүӊ менен көргөнүӊдүн айырмасы асман менен жердей. Анткени, көпчүлүк мекендештерибиз жакындарынын жүрөгүн оорутпайын деп Москванын жашоосунун «өзгөчөлүктөрүн» айтпаса керек. Албетте, жылдан жылга мигранттардын жашоосу жакшы жакка өзгөрүп келет. Кыргыз ресторан, кафе, түнкү клубдар, кыргыз компаниялар, медициналык борборлордун саны өсүп келет. Бул дагы жакшы көрсөткүч болуш керек. Ал гана эмес спорт клубдары дагы ачылып, мекендештерибиз ал жерде жумуштан тышкары машыгып келишет. Мен өзүм бул жерде жакшы менен жаман нерселерге күбө болуп, өзүм үчүн бир топ тажрыйба топтодум десем болот. Анткени, ушул аз убакыттын ичинде, чынында Кыргызстанда миграция жаатындагы серепчилер менен бул багытта жазган кесиптештерим жокко эсе экенин билдим. Мындан улам бул багытта бир топ түшүнүк алдым десем жаӊылышпасам керек. Анткени миграция учурда ар бир кыргызстандык үй-бүлөгө кадимки көрүнүш болуп калды. Карапайым элдин миграция жөнүндө, дегеле Орусиядагы жаӊы мыйзамдар тууралуу өлкөбүздүн анча-мынча аткаминерлерге караганда маалыматы тереӊирээк. Мага Москвадан бир ишкер мекендешим «эл байып, өлкөбүз жарды» деп айтканын угуп абдан таасирлендим эле. Анткени, анча-мынча бутуна турган мекендештерибиз өз айылдарына мечиттерди куруп, көпүрөлөрдү тургузуп, колдон келген жардамын кылып келишээрин дагы бул жерден билдим. Ушундай жакшы жаӊылыктарды угуп, күбө болгонума абдан шүгүрчүлүк келтиремин. Анан калса бул жерде көп жылдары жүрүп калган жаштардын дүйнө таануусу дагы өзгөрөөрүн байкадым.

– Азыр кыргыз мигранттарынын акыбалы, жумуш-шарттары кандай? Патенттин баасы көтөрүлүп кетиптир, бул кыйынчылыкты жараттыбы?
– Мен жогоруда айткандай, бир жагынан мекендештерибиз бутуна туруп, жакшы иштерге орношуп атса, экинчи жагынан Орусия тарабы миграция жаатындагы мыйзамдарын катуулатып жатат десек болот. Албетте, ар бир эле мамлекет алгач өз жарандарынын кызыкчылыгын ойлоп, кийин коноктордун камын көрүш керек. Мындан улам, башаламан миграция агымын токтотуу иретинде көзөмөлгө алыш үчүн бул жаӊы мыйзамдар чыгып жатат. Жаӊы жылдан тарта Орусия эмгек мигранттарына ишке орношууда бирдиктүү патенттерди киргизди. Бирок, бул патенттерди алууда бир топ кагаздарды алыш керек. Маселен орус тилин, Орусиянын тарыхын, мыйзамдарын билгендиги тууралуу такстыктоочу сертификат, коопсуздук баракчасы, медициналык баракча. Мындан улам көптөгөн эмгек мигранттар учурда кагаздарын тууралоо максатында бир нече сааттык эмес, бир нече күндүк узун кезектерде турушууда. Федералдык миграция кызматы бул көйгөйдү чечүү аракетин көрүп жатат. Жалпысынан бүгүнкү күндө жеке эле биздин мекендештерге гана эмес, бардык эмгек мигранттарына жашоо кыйын болуп калды. Анан калса Орусиядагы кризисте жумуш орундары кыскарып, акы маянанын азайышы дагы өз кедергисин тийгизип жатат десек болот. Бирок, Кыргызстанда 100 миӊдеген жумуш орундары жок болгондуктан, мекендештерибиз аргасыздан бул кыйынчылыктарды баштан өткөрүүгө туура келип жатат.

– Алардын укугу корголуп жатабы?
– Бул суроого жооп берерден мурда, биздин жарандардын билим деӊгээлин эске алышыбыз керек. Мекендештерибиз өз укуктарын четте эмес, үйдө коргогонго мүмкүнчүлүктөрү жок. Анын үстүнө алардын четке чыгуусуна чейин, айрыкча Орусияга келгенге чейин маалыматтары аз болгондугу көпчүлүк учурда аларга терс таасирин тийгизет. Эӊ башкысы, өз укуктарын коргош үчүн тил билүүсү керек да. Ал эми биздин эмгек мигранттарыбыздын көпчүлүгү алыскы айыл жергесинен болгондуктан, орус тилден кыйналып, өз укуктарын толук кандуу коргой албай, ал гана эмес, жөнөкөй суроолорго жооп бере албай калып жатышат. Мындан улам укук коргоо маселесине келгенде, мен ар бирибиздин өзүбүздүн колубузда деп айтсам жаӊылышпасам керек.

– Бажы союзуна киргенден бери шарттар жеңилдечүдөйбү?
– Эми, өзү Бажы биримдиги эмес, Евразиялык биримдикке киргендигин күтүп жатат десек туура болот го. Анткени, Бажы биримдиги, чынында, жөнөкөй мигранттар үчүн эч нерсе деле бербейт да. Ал эми Евразиялык биримдикке кире турган болсок Казакстандын, Беларусиянын жарандары сыяктуу паспорт жана миграциялык баракча менен гана ишке орношууга мүмкүнүчүлүк алышат. Эми азыр ММКларда айтылып келгендей, май айын мекендештер чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Майда макулдашылган Келишимдердин жоболору аткарылып, жөнөкөй элге жеӊилдиктер болгондо мына дебесек эле, азыр айтуу кыйын го.

– Диаспоралар кандай иштейт экен?
– Эми негизи, диаспоралардын иши коомдук иштерди алып барып, жөнөкөй элге жардам берүү менен бирге КРнын Россиядагы элчилигине жардам берүү. Менин байкашыма караганда, Москвада диаспора куруу сөз менен гана иштейт. Анткени, “ач бала ток бала менен ойнобойт” дегендей эле 30 жыл мурун бул жерге келип, бутуна туруп калган мекендешибиз жаӊы келип, кыйналып жаткан кыргызстандыктын көйгөйлөрүн түшүнбөсө керек. Менин жеке пикирим боюнча, Москванын диаспорасынын ишин жакшы деп баалай албайм.

– Элчилик мигранттарга жардам көрсөтөт бекен?
– Эми элчиликке бир топ эле сын-пикирлерди айтышат. Бирок, салыштырмалуу, маселен, өзбек же тажиктердин элчиликтерине караганда, биздин элчилик кыйла жакшы иштерди алып барып жатат десем жаӊылышпасам керек. Эӊ башкысы, эл менен тыгыз байланышта. Албетте, ар бир эле мекемеде өз ишин тыӊ алып бара албаган кызматкерлер кезиксе керек. Бирок, жалпысынан, элчиликтин ишин алынча деп баалайт элем. Анткени, элчиликтин техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүгү бюджетине ылайык абдан чектелүү да.

– Негизи Батыш тараптагы, же Түркиядагы кыргыз мигранттары мага бири-бирине жардам бергиси келгендей, бири-бирине тилектештей сезилет. Ал эми Россиядагы мигранттар жөнүндө бирин-бири алдап кеткен, бирин-бири тоногон маалыматтарды угуп калабыз. Эмнеге Россиядагы мигранттар ушундай?
– Сиз туура байкапсыз. Мен дагы бул суроого жооп издеп, Орусиянын бардык жеринде эле ушундай болуш керек деп ойлочу элем. Бирок, мындай көрүнүш болгону Москвадагы кыргыздарга тиешелүү экенин билдим. Орусиянын башка региондорунда кыргыздар ынтымактуу эле десе болот. Эми Москванын табияты ушундай экен. Чоӊ мегаполисте миллионго жакын мекендештер бири-бирине өгөй эле болуп калат экен. Азыраак болгондо, же шаар кичирээк болгондо мүмкүн башкача болот беле. “Москвачылык” деп биздин кыргыздар бири-бирине мерез мамиле кылышып, ал гана эмес бири-бирин сатып, акча жасаган көрүнүштөр көнүмүшкө айланды десек болот. Москвада эч ким көрбөйт, эч ким билбейт деп эле “кара” жумуштарын кылып жатышат. Бул көрүнүш чындыгында көӊүлдү оорутат.

– Канчалаган кыздарыбыз төрөп таштап кетип, аборт жасаткандар мигранттардын арасында көп экен, бул көйгөйлөрдү кантип чечүү керек?
– Чындыгында, бул маселе абдан эле орчундуу. Ал гана эмес улуттук генофондубуз коркунучта деп коӊгуроо кагыш керек. Бул улуттук трагедия деп да бааласа болот. Анткени, бул жерге келген кыздардын көпчүлүгү жаш болуп, эч ким көрбөйт, эч ким укпайт деп “москвачылык” дегенди жамынып алып, ыплас нерселерге барып жатышат. Мындан улам таштанды наристелердин да саны көбөйүп жатат. Мындан жарым жыл мурда мен Москванын төрөт үйлөрүндө көпчүлүк таштанды наристелер кыргыз кыздарыныкы экен деп макала жазгам. Ошондо бир москвалык коомдук уюмдун жетекчиси бул маселе ата-энелерден ыйман кеткендигинен келип чыгууда деди эле. Мен бул ойго толук кошулам. Анткени ата-эне жаш кыздарын бул жерге жөнөткөндөн кийин “кайсыл жерде жатасыӊ, эмне кылып жатасыӊ” деген суроолорду бербестен, “качан акча саласыӊ?” деген суроолорду беришет. Мындан тышкары, жаш кыздар аборт жасатышып, ден соолуктарына бир топ эле кыянаттык кылышат. Ыйман маселесинен тышкары Москванын табияты боштондук болуп, жаш кыздар чылым чегип, ичимдик ичишип, башка улуттун жигиттери менен жакындашуу жана бир батирде ар кандай адамдар менен туруу деген дагы көйгөйлөр бар. Бул маселелер жакында чечилбейт деп ойлойм, анткени миграция көрүнүшү жана биздин жарандардын сыртка чыгып кетүүсү токтобойт да. Бул багытта алгылыктуу иш алып барыш үчүн мамлекеттик деӊгээлдеги программа керек.

Махабат Шакирова