Гүлнара Кахарова: “Чын эле, чын эле ай, сүйөм деп айтпаса экен”

Kaharova G. Satybekov J. IsabaevaБелгилүү ырчы Гүлнара Кахарованын аткаруусундагы «Айтпаса экен» деген ыры учурда көпчүлүктүн купулуна толуп, популярдуулукка ээ болуп турган кези. Биз бул чыгарманын жаралыш тарыхына кызыгып, сураштырып көрдүк.

Ырдын обонун Гүлжигит Сатыбеков жаратса, сөзү акын Жыпар Исабаеванын калемине таандык.

«Айтпаса экен»
Жамгыры коңур күздүн,
Төгүлүп турду бүткүл.
Кол чатыр кармап алып,
Сен мени билем күттүң.
Бүгүн да мени күттүң.

Кайырма:
Жайнаган каректериң, карагым келет дедиң,
А башка сөздөрүңдү укпашым керек менин.
Дүйнөңүз таптаза экен, көзүңүз башкача экен,
Дегенде мен ойлодум, сүйөм деп айтпаса экен,
Чын эле, чын элең ай, сүйөм деп айтпаса экен.

Ак жамгыр майдаланып,
Апаппак карга айланып.
Ошол кеч мени күткөн,
Баратты таңга айланып,
Баратты таңга айланып.

Кайырма:
Дүйнөңүз таптаза экен, көзүңүз башкача экен,
Дегенде мен ойлодум, сүйөм деп айтпаса экен,
Чын эле, чын элең ай, сүйөм деп айтпаса экен.
Жайнаган каректериң, карагым келет дедиң,
А башка сөздөрүңдү укпашым керек менин

Жыпар ИСАБАЕВА, акын: «Ырдын алгачкы аталышы «Кечиккен жигит» деп аталат»
– Бул ыр менин биринчи ыр жыйнагымда да болуш керек эле. Ал китеп 2003-жылы “Жыландын сүйүүсү” деген ат менен чыккан. Демек ырдын тарыхы андан да ары болуш керек. Чындыгында ар бир ырдын тарыхы болот. Бирок автор баарын эле эстеп жүрө албаса керек. Көп балалуу эне деле убакыт улам арылаган сайын ар бир баласынын кантип, качан түйүлгөнүн, төрөлгөнүн эстебей калышы мүмкүн эмеспи. Бирок, ырдын алгачкы аталышы “Кечиккен жигит” деп аталат. Демек, кечигип жолугуп, сүйүүсүн билдире албай жүргөн жигитке арналган болуш керек. Бирок кээде ойлошот: “Ыр сөзсүз аткаруучунун, обончунун же акындын тагдырына байланыштуу болот” деп. Жок, андай деле эмес. Мисалы, мен башымдан өтпөгөн окуяларды же сезимдерди деле кайдан-жайдан келгенин өзүм деле билбей жазып кала берем. Же бирөөлөр айтып бериши мүмкүн дегендей.
Ал эми бу сапар, Гүлнара досум (Кахарова) телефон чалып калды: “Алтыным, мага ыр керек” деп. “Кандай ыр?” десем, “Мелодиясын Гүлжигит Сатыбеков жазып жатат. Жети муундан туруш керек” деди. Ырларды карап отуруп: “Бул ырды окуп көрчү” деп ушул ырды сунуштадым. “Жакты, бирок кээ бир жерлерин оңдоп берчи?” – дейт. Дароо түшүндүм да, бир аз жерлерин өзгөртүп, алымчалап-кошумчалап кайра иштеп чыктым.
Ошондо биз:
“Жамгыры коңур күздүн,
А бүгүн билем күттүң.
Жашырып жолдошумдан,
Мен дагы ыр жазып бүттүм” деген саптарды алып салдык…

Гүлнара КАХАРОВА, ырчы: «Бири-бирибизди бир көз караштан эле түшүнүшөбүз»
– Жыпар Исабаеванын сөзүнө жазылган «Айтпаса экен» деген чыгарманы ырчы Гүлжигит Сатыбеков «Эже, көп жылдан бери ырдабай калдыңыз. Менин жакшы ырым бар, аны сизге белек кылып берем» деп берген. Чыгарманын сөзү балалыкка арналган эле. Ырды уккан соң Гүлжигит менен «сөзүн өзгөртөлү» деп сүйлөшүп, Жыпар Исабаева экөөбүз өзгөрткөнбүз. Негизи эле менин ырларымдын басымдуу бөлүгүн Жыпар жазып берет эмеспи. Ал экөөбүз бири-бирибизди бир көз караштан эле түшүнүшөбүз. Баардык эле ырларымдын идеясын Жыпарага «момундай сөздөр менен жазылса жакшы болот эле» деп айтып, акылдашабыз. Негизи көпчүлүк авторлор ырынын сөзүн өзгөрткөнгө каршы болушат да. Бирок, Гүлжигит эч каршы болгон жок.

– Ыр канча убакытта даяр болду?
– Бул ыр деле оңой менен даяр болгон жок. Үч ай убакытты алды. Сөзү даяр болгон соң аранжировка жасаган балдарга берсек, эки вариант кылып жасады. Бирок, экөө тең менин көңүлүмө туура келген жок. Андан соң Жаныш Момунов менен «аранжировкалап бер» деп сүйлөштүм, ал мага ырды үч күндүн ичинде даяр кылып берди. Чыгарманы укканда эле менин көңүлүмө туура келип Жыпарага жибердим. Ал обонду, аранжировканы угуп, ошонун негизинде чыгарманын текстин жазып чыкты. Негизи ырчынын чыгармаларында аранжировканын ролу чоң. Маселен, аранжировщиктер көп жерде айтылбай келет. Чыгарманын жаралышына чоң салымын кошкон Жыпара Исабаева, Гүлжигит Сатыбеков, Жаныш Момуновго ыраазымын.

Гүлжигит САТЫБЕКОВ, ырчы: “Бул ырды сатпастан, белек кылып бердим»
– Гүлнара эже «Гүлжигит, бир чыгарма жазып берчи» деп суранганынан улам бул чыгарма жаралып калды. Эженин сахнада ырдап жатканын элестетип, ырды үч күндүн ичинде жазып жибергем. Ар бир чыгарма менин баламдай да. Гүлнара эже менин кызыма куда түшүп келиптир, сунушун четке какпастан кызымды бердим. Чыгарманы жогорку деңгээлде элге тартуулап жаткан үчүн эжеге ыраазычылыгымды билдирем. Бирок, ырдын мен жазган тексти алынып, башка текст коюлган. Себеби, эженин өзүнүн ырдоо ыргагы бар. Ошол ыргактын негизинде чыгарманын тексти да болуш керек. Чыгарманы сатпастан, белек кылып эле бердим.

Кымбат Турдубекова