Гүлнара КАЛДАРОВА, ырчы: «Кызыбыз да ырга-бийге шыктуу»

Kaldarova 1Чыгармачылык чыйыры «Кыз Бурак» тобунан башталган ырчы Гүлнара Калдарова учурда өз алдынча ырдап келет. Ал чыгармачылыгындагы жаңылыктары, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

– Гүлнара айым, чыгармачылыгыңызда кандай жаӊылыктар болуп атат?
– Жаңылыктарым көп. Жаңы ырлардын үстүндө иштеп атам. «Күткүм келет» аттуу жаңы ырыма клип тарттырганы турам.

Kaldarova 2– Сахнанын босогосун аттагандан бери кандайча өсүп-өзгөрдүңүз?
– Бала кезимден музыкалык мектептен окудум жана аны музыкалык окуу жайдан уланттым. Окуу жайда окуп жүргөндө «Кыз бурак» тобуна жарыяланган сынактан өтүп, топтун солисткасы болдум. Эсиңиздерде болсо керек, алгач сахнага чыкканда деле азыркыдай эле шайыр, жөнөкөй кыз элем. Андан бери канча жыл өттү. Ошентсе да турмушта бышып, чоңоюп, такшалып, эне болгонум болбосо, мүнөзүм дегеле өзгөргөн жок окшойт. Ал эми кандайча өсүп жетилдим, аны көрүүчүлөрүм бааласын.

– Топтун ырчысы менен жеке ырчы болуунун кыйынчылыктары, артыкчылыктары эмнеде экен?
– Албетте, топтон өз алдынча ырчы болуп бөлүнүп чыкканда, кыйынчылыктар болбой койбойт. Бирок ырчылык менин сүйгөн кесибим болгондуктан, ар бир жасаган жумушуман ырахат алам. Жеке ырчы болуу менен топтун солисти болуунун айырмачылыктары- топто көп адам болуп, топтун кызыкчылыгы үчүн көбүрөөк иштейсиң. Ал эми жеке ырчы болгондо, ар бир нерсени өзүң гана чечип, бардык жумушту өзүң жасайсың, жоопкерчилик жалгыз гана өзүӊдүн мойнуңда болуп калат.

Kaldarova 4– Гүлшайыр Садыбакасова менен азыр мамилеңиз кандай? Байланышып турасыңарбы?
– Гүлшайыр эже- көп нерсени үйрөткөн устатым, ошол себептен эжени сыйлайм. Мамилебиз мурдагыдай эле жакшы, азыр деле байланышып турабыз.

– Силердин учурдагы «Кыз Бурак» тобу менен азыркы «Кыз бурак» тобунун кандай айырмачылыктары бар?
– Айырмачылыктары көп. Биздин убактагы ырдаган кыздардын бардыгы кетип, топ жаңы, жаш кыздардан куралган. Биздин учурда гастролдук сапарларга көп чыкчубуз. Негизги киреше ошол концерттерден түшчү. Ал эми учурда ырчылар көбөйүп кеткендиктен, негизги киреше тойлордон түшүп калды. “Кыз Бурак” аракет кылса бир топ ийгиликтерди багындырат деп ишенем.

– Кээде ырчылыктан тажаган же чарчаган учурларыңыз болду беле?
– Ооба. Чыгармачылык чөйрө көзгө көрүнбөгөн, бирок түйшүктүү жумуш. Кыйынчылыктар болгондо, кээде эки-үч күндөп уктай албай калган учурлар кездешет. Ал эми ийгиликке жетишкенде кыйынчылыктардын баары унутулуп калат. Мындай учурда мени колдоп, түшүнгөн жолдошум, жакындарым, бир туугандарым бар. Кандай кырдаал болбосун, алар мени колдоп, жалгыз калтырышпайт.

Kaldarova 3– Көчөдөбү, сахнадабы – дайыма күлүп жүргөнүңүздү байкайбыз. Көп күлгөндө бетке бат бырыш түшөт дешет, эрте картайып кеткенден коркпойсузбу?
– Ооба, көчөдөбү, үйдөбү – дайыма күлүп жүрөм. Бул менин мүнөзүмдүн өзгөчөлүгү. Көп күлсө көздүн астына эрте бырыш түшөт дешет. Бирок мен бетиме жакшы эле кам көрөм (күлүп). Көпчүлүк эл мени жаш көрүнөт экенсиз деп айтышат. Анда аябай сүйүнүп калам (күлүп).

– Репертуарыңыздагы кайсы чыгарма өзүңүздүн жан дүйнөңүзгө жакын?
– Ар бир чыгармамды жүрөгүмдөн өткөрүп, берилип, сүйүп ырдаймын. Ошондуктан ырларымдын баары жан дүйнөмө жакын десем жаңылышпаймын.

– Кызыңыз чоңоюп калгандыр? Кимиңиздерге окшош? Дагы балалуу болгуңуз келеби?
– Кызым мага да, атасына да окшош. Үнү коңур жана бийик чыгат. Бирок бийлегенди көбүрөөк жакшы көрөт. Кудай насип эткен күнү кызымды инилүү кылсак деген ойдобуз.

– Жолдошуңуз менен баш кошконуңузга он жылдан ашты. Үй-бүлө менен карьераны бирге алып кетүү аялзаты үчүн кыйын эле болсо керек?
– Ооба, жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга тез эле он бир жыл болуп кетиптир. Аялзаты үчүн чыгармачылыкты да, үй-бүлөнү да бирдей алып кетүү бир топ эле кыйынга турат. Жолдошум биз баш кошордун алдында «Эгерде чыгармачылык менен үй-бүлөнү бирдей алып кете алсаң, анда ырдай берсең болот. Мен эч тоскоол болбойм» деген. Бирок, баары бир, үй-бүлөлүү болгондон кийин биринчи орунга үй-бүлөнү коет экенсиң. Мен эки жакты тең бирдей алып кеткенге колумдан келишинче аракет кылып атам.

– Жети бир тууган экениңизди, ырчы Темир Назаров күйөө балаңыз экенин билебиз. Күйөө балаңыз менен чыгармачылык тууралуу кеңешип калсаңыз керек?
– Чыгармачылык тууралуу көп сүйлөшүп, жаңы ырларыбызды бири-бирибизге угузуп калабыз. А сиңдим Мунара бажы кызматында менин жолдошум менен кесиптеш. Алар да адистиги боюнча сүйлөшүп калышат (күлүп).

Маектешкен Кымбат Турдубекова