Гүлпери МУРЗАКУЛОВА, модель: “Сулуулардан да акылдуулар чыгат”

Gulperi 3– Гүлпери, моделдик дүйнөгө кандайча келип калдың?
– Модель болом деп ойлогон эмесмин. 8-класста окуп жүргөндө “НБТ” каналынын музыкалык телеберүүсүнө алып баруучулукка кастинг жүрүп жатканын Айпери эжем экөөбүз угуп калып, ага катышып өтүп кеткенбиз. Теле алып баруучу болуп, шоу-бизнес жаатына бир аз аралашып калдым. Анан «Модель болбойсуңбу» деген сунуштар көп түшө баштаганынан, ушул чөйрөгө тартылып кеттим.

– Модель кыздар, актрисалар ушакка көп кабылышат го. Ушак-айыңды кандай кабыл аласың?
– Андайлар мектепте окуп жүргөндө эле башталат экен. Сулуу кыздарды көрө албагандар көп болот да, ошондон улам ар кандай сөз ээрчийт болуш керек деп ойлоп калам. Башында дарегиме айтылган ар кандай сөздөрдү укканда аябай ызаланып ыйлачумун. Бара-бара көнүп калат экенсиң.

Gulperi 2– Жүрөгүңдү ээлеген мырза бар чыгар?
– Бар, аты Алмаз. Мен 1-курсту бүткөндө ата-энеси менен келип сөйкө салып кетишкен. Эжемдин классташы болот. Бир мектепте билим алганбыз. Эң кызыгы, мектепте экөөбүз таптакыр сүйлөшчү эмеспиз. 11-классты бүткөндөн кийин эле келишкен кыз-жигит болуп чыга келдик. Бири-бирибизди ар дайым колдоп турабыз. Сүйүктүү адамым түшүнүктүү, акылдуу, камкор, боорукер сапаттары менен туткундап алды.

Gulperi 6– Эл арасында “сулуулардан акылдуулар аз чыгат” деген кеп бар…
– Азыр эл модель десе эле жаман ойлошот. Чын-чынына келгенде бул да бир өнөр. Мен модель катары көп олимпиадалардан 1-орунду алып жүрөм. Аны менен бирге сабагымды да жогорку деңгээлде алып кетип жатам. Мени курчап турган башка модель кыздардын да жетишкендиктери өтө жакшы, баары сулуу. Ошондуктан, сулуулардан акылдуулар аз чыгат дегенге таптакыр кошулбайм.

Gulperi 7– Эжең Айпери да моделдик өнөр менен алектенип, киного да тартылып жүрөт. Бир үй-бүлөдө эки модель болгону кандай экен?
– Биринчиден, биздин үй-бүлө үчүн бул чоң сыймык. Экөөбүз тажрыйбабыздан бөлүшүп, бири-бирибизге жардам беребиз. Моделдик бизнеске алгачкы кадамды мен таштадым. Анан эжем аралашты. Айтмакчы, бизде эки эмес, үч модель бар десем да болот. Суйкайган Нурпери аттуу сиңдибиз да бара-бара биздин жолубузду жолдоп калышы мүмкүн. Негизи үй-бүлө деген керемет бир баалуулук. Бош убактыбызды текке кетирбей, тоодо, көлдө, ар кайсы курорттордо эс алганды жактырабыз. Бош боло калганда үйдөн ар кандай камыр тамактарды жасап бергенди жактырам.

– Жаш, сулуу кыздарга «колдоо көрсөтөм» деген дараметтүүлөр да чыгары  жашыруун деле эмес. Андай сунуштар болсо керек?
Gulperi 8– Албетте, таанылып калган жаш кыздарды демөөрчүлүк кылып өзүнө тарткан акчалуу чиновник, бизнесмендер болушу мүмкүн. Бирок менин мисалымда андайлар боло элек жана болбой эле койсун. Андай сунушту эч убакта  кабыл алмак эмесмин. Башка бирөөнүн каражаты менен ийгиликке жетким келбейт. Өз эмгегиң, маңдай териң менен келген ийгиликтерден өткөн ырахат жок.

Gulperi 5– Сулуулуктун пайдасы көп тиеби же зыяныбы?
– Жакшы да, жаман да жактары бар. Жакшы жагына токтолсом, өзүңүздөр билгендей эле көп жактардан жардам берилет. “Адамдын көркү-чүпүрөк” дегендей, азыр көпчүлүк кийимине, келбетине карап мамиле жасашат. Ал эми жаман жагы – ич күйдүлүк көп кездешет. Ал эми кыздар үчүн эле эмес, бардык адамзаты үчүн жан дүйнөнүн сулуулугу өтө маанилүү деп ойлойм. Анткени, сулуулук убактылуу гана нерсе. Ал убакыт өткөн сайын жоголот. Ал эми ички дүйнөнүн сулуулугу дайыма сакталып кала берет.

Gulperi 4– Кайсы фирманын косметикасын көп колдоносуң?
– Подиумга чыгуу алдында косметологдордун кеңешин угуп, бетибизге макияж жасатканга туура келет. Мен кайсы бир фирманын косметикасын баса колдонбойм. Табиятыман эле күнүмдүк жашоомдо косметика колдоно бербейм.

– Моделдик бизнесте атаандаштык күч эмеспи. Көпчүлүктүн көлөкөсүндө калбаш үчүн эмне кылыш керек?
– Ооба, моделдик бизнес жаатында атаандаштык курч. Мисалы, подиумга чыгаарда “мен биринчи чыгам” деп талашкан учурлар болот. Көпчүлүк моделдердин көлөкөсүндө калып калбаш үчүн кандай гана жерде, кандай гана кырдаалда болбосун, өзүмдү жакшы жагынан көрсөткөнгө аракет кылам. Дайыма жаныма керектүү кийим алып, көргөзмөлөргө кечикпей, таза жана сулуу болууга бар күчүмдү жумшайм.

Маектешкен Кымбат Турдубекова