Генерал кудалар, казы, аким, депутат Ариповдор жана академиктин дарыгер-саясатчы күйөө баласы

TugandarКарап көрсөк, кыргыздын саясат айдыңындагы аткаминерлери арасында тууганчылык жайлары барлар жетишерлик экен. “Туугандуу бийде ыйман жок” дегендей, балким, ушундан улам оңоло албай, телчиге албай атабызбы деген ой келбей койбойт. Төмөндө тууганчылык жайлары бар айрым саясатчылар менен таанышып коюңуз, окурман.

Генерал кудалар
Милициянын генерал-майору, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары, кандуу Ош окуясында Ош, Жалал-Абад шаарларына кураторлук кылган Бактыбек Алымбеков – башка генерал менен кан куда. Тагыраагы, Бакиевдердин кезинде ташы тездик менен өйдө кулап, 2010-жылдын апрелинде Чек ара кызматынын башчысы болуп турган Замирбек Молдошевге куда болот. Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин экөөнө тең оңой болгон жок. Тагдырдын жазмышын караңыз, убагында “Жаныш Бакиевдин жакыны, санаалашы деп жетишерлик жазылып, айтылган Бактыбек Алымбеков 2 жылдан ашык убакыттан бери күч органынан алыстап, бош жүрсө, Замирбек Молдошевге 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча айып тагылып, 5 жылга эркинен ажыратылып, темир тор артына жөнөтүлгөн. Бул генералдардын жылдызы качан жанар экен эми?..

Саясаттагы бөлөлөр
ЖКнын “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, төшөк жаңыртканды жанындай жакшы көргөн, учурда жаш аялынан көргөн уулунун жытына мас болуп жүргөн Турсунбай Бакир уулуна кезиндеги “акжолчу” депутат, кийин “атажуртчу” болуп, учурда үйүндө бош жаткан, Турсунбек Акун “дабдырыраак” депутат деп баалаган Зиядин Жамалдинов бөлө болот. Ошол себептен Бакиевдин “Ак жолунда” депутат болуп турган кезде бөлөсүнүн түбөлүк атаандашына айланган Турсунбек Акунга ылайыгы келген да, келбеген да жерден тийишип, акыйкатчылык ишине сындарды жаадырып турчу. Муну менен сыягы, бөлөсүнүн көңүлүн көтөрүп турчу окшобойбу. “Бөлө, бөлө бөлөм деп, бөлөм үчүн өлөм” деп кайсыл бир ырда айтылгандай, бул эки бөлө бири бирин канчалык колдоп, жактай тургандыктарын билбейт экенбиз, билгенибиз бекерчиликтен жадаган Зиядин мырза депутаттыкты сагынып, учурда кайсыл партияга кирсем деп башын кашып жүрөт дейт.

Бирине күйөө бала, экинчисине кайын ага
Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев кимге кайын ата экенин көпчүлүк билбейт. Абдыганы агайдын күйөө баласы да өзүндөй илим жолунда жүрөт. Кесиби боюнча дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, өлкөдө саясий абал курчуй түшкөндө активдеше кетмейи бар Жаркынбек Касымбеков деген жаш саясатчы бар. Юридикалык жактан сабаты бар окшобойбу, Эркебаевдин кызы Гүлайым Эркебаева “пара талап кылган” деп айыпталып, кылмыш иши козголгондо, анын коомдук жактоочусу боло калган.
Ал эми Жаркынбек Касымбековдун күйөө баласы ким экенин билесиңерби? Өзүн мээлүүнүн мээлүүсү, билимдүүнүн билимдүүсү деп эсептеген, акыркы учурларда ар кандай акция, флешмобдорго катышып, Кубаныч Кадыровдон УОК жетекчилигин алган Адил Турдукулов Жаркынбек Касымбековго күйөө бала болот. Ошондуктан, эртең Жаркынбек Касымбеков Турдукулов жөнүндө жакшы сөз айтып, Турдукулов болсо Эркебаевди, Касымбековду жактап, коргогон акция уюштуруп калса, таң калбаңыз, тууганчылык деп билиңиз.

Депутат, аким, казы Ариповдор
Парламенттик башкаруу системасында көп маселелерди, анын ичинде кадрдык маселелерди да парламенттеги депутаттар чече баштайт тура. “Республика” фракциясынан Лейлек районунан депутат болуп келген Назарали Арипов кыйын экен, “Республика” фракциясы коалицияда тургандан пайдаланып, бир тууган агасы Тилеберди Ариповду Лейлекке аким кылганга жетишти. Фракция коалициядан чыкканы көптөгөн акимдер КСДПчыларга алмашса, Назарали мырза “Республика” фракциясынан чыгып, “Замандаш” партиясына өтүп алганына карабай, депутаттыгына салып, агасын акимдиктен кетиртпей кармап жүрөт. Ал эми Ош облусунун казысы Ниязали Арипов да – Назарали Ариповдун бир тууганы. Депутат бир тууганы Жогорку Кеңеште олтурганда, Ариповдордун казыгы да бекем болчудай…

Суваналиев иниси үчүн дымый береби?
Эсиңиздерде бардыр, кадимки «Катани» атка конгон, саясатта акыркы ирет «Каршылык көрсөтүү кыймылын” түзүп, андан бери дайыны чыкпай калган Өмүрбек Суваналиев Бишкек мэрлигин көксөгөндө, ошондогу мэр Иса Өмүркуловдун дарегине сындарды катуу жаадырып, болушунча эле боктогон болчу. Азыркы мэр Кубанычбек Кулматовдун колунан эч нерсе келбей жаткан ишмердиги боюнча сынын айта алат болду бекен?.. Мынтип суроо салганыбыздын жөнү бар, окурман. Анткени, кечээ жакында эле Өмүрбек мырзанын бир тууган иниси Жеңишбек Исаков бүгүнкү мэрдин буйругу менен Бишкек мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын башчылыгына дайындалды. Буга чейин ал Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турганда, Өмүрбек мырза бажы тармагы боюнча бир ооз акыйкат сөзүн айта алган эмес. Сыягы, “иниме зыяны тийип калбасын” деп тизгинин тартып, коңулга кирип алганды туура көргөн окшобойбу. Балким, адам катары аны түшүнсө деле болор. Не дебейли, бир тууган деген бир тууган да.

Канатбек Муратбеков – генералдын күйөө баласы
Ишкерликти Кытайда жүргүзүп жүрүп, “Республика” партиясы менен саясатка аралашып, Нарындын губернатору катары үзүрлүү иштеп, андан соң Энергетика министринин орун басары болуп иштегенге үлгүргөн Канатбек Муратбековду көпчүлүк жакшы билип калды. Саясий оюн, интрига дегендерден алыс, өзүнүн кызматтык милдетин жоопкерчилик менен аткарган кадр катары айтылып, жазылды. Канатбек мырза кимдин күйөө баласы экенин көпчүлүк билбейт. Анда билбегендер билип алышсын, Бакиевдин учурундагы ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевдин 1-орун басары, генерал-майор Сабырбек Курманалиевдин кызынын жолдошу. Сабырбек Курманалиев Бакиевдин бийлиги кулаары менен кызматтан кеткен жок. ИИМди убактылуу жетектөөгө алган Болот Шердин орун басары катары иштеп, апрель окуясынан кийин Бишкекти тартипке келтирип, коопсуздукту камсыз кылуу үстүндө иш алып барды.

Дипломат кайындуу экс-вице-премьер
Билсеңиздер, кесиби боюнча дарыгер, бирок дарыгерликтен дары бизнесине ооп, андан баар да, байлык да таап, аялдарды жасалма жол менен уруктандырып, балалуу боло албай келаткан далайларга бала жытын искетип келаткан медициналык клиниканын ээси, бизнестен “Ар-намыс” партиясына кирип, ЖК депутаты да болуп, кызмат бөлүштүрүүдө социалдык маселелер боюнча вице-премьер болгон Гүлнара Асымбекова деген айым бар эле. Вице-премьерликтен кеткени кайда экени билинбей, дайыны чыкпай кетти. Кыязы, медицина жаатындагы бизнеси менен алектенип жүрсө керек. Мына ошол айым КРнын Орусиядагы элчиси болуп иштеп атып, анан жылкы теппей, жылан чакпай кызматтан алынып, КРнын Украинадагы элчилик кызматына дайындалган Улукбек Чыналиевге келин болот. Улукбек мырзанын бир тууган инисинин жубайы. Андыктан Гүлнара айымдын үй-бүлөсү менен Украинага сапар тартканын көрүп калсаңар, кайын агасынын чакыруусу менен Киевге конокко баратат деп билгениңер туура.

Экс-премьер менен Масалиев куда
Кыргызстанда аз эмес учурда кесипкөйлүгү, иш билгилиги, тармактагы тажрыйбасына караганда жакындыгы, туугандыгы 1-орунга чыгып кетери жашыруун деле эмес. Мунун анык мисалын мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев көрсөттү. Кызматына келип, келбей жатып, тармакта Исхак Масалиевди башкы салыкчы кылып дайындай салды. Тармактагы миңдеген салыкчылардын, коомчулуктун нааразылык, макул эместиктерин уруп да койгон эмес. Сатыбалдиев көпчүлүк таптакыр күтпөгөн дайындоосунун ачык себебин айтпаганы менен анын бир эле себеби бар болчу. Себеби, Сатыбалдев менен Масалиев бири бирине куда. Исхак Масалиевдин жубайы Атыргүл Нурматова 2012-жылга чейин мамлекеттик байланыш агенттигин жетектеген Байыш Нурматовдун карындашы. Ал эми Байыш Нурматовдун уулу Жантөрө Сатыбалдиевдин кызына үйлөнгөн. Анан ушул жагдайда кайдагы кадр саясаты жөнүндө сөз кылууга болот? Масалиевдин болсо иштегенин баарыбыз көрдүк.

Мирбек Нарынбеков