Ички иштер министри Мелис Турганбаев ачылбай жаткан кылмыш иштери, үй-бүлө, көзү ачыктар тууралуу

Turganbaev 8– Алманбет Анапияевдин өлүмүнө өзүн күбө катары атап келген Гүлжигит Абилазизов менен чогуу милиция кызматкерлери учуп келгени тууралуу маалыматтар чыкты. Бул кандайдыр бир шектенүүлөрдү жаратпай койбойт экен. Бул иштин чоо-жайын өзүңүз түшүндүрүп берсеңиз? Себеби бул ишке сизди да байланыштырып жазып чыгышты.
– Акыркы мезгилдерде интернет түйүндөрүндө Алманбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу бир катар ушак түрүндөгү материалдар жарыяланып, анын өлүмүнө ИИМди шектүү туткан маалыматтар жана ага ар кандай комментарийлер берилген. Албетте, ар ким өз пикирин билдирүүгө өз укугу бар деңизчи, бирок мына ушуга окшогон оор кылмышты эч кандай далилдери жок эле божомолго салып, коомчулукту дүрбөтүүгө аракет жасалып жаткандыгы өкүнүчтүү. Аталган фактыны бүгүнкү күндө Беларуссиянын ИИМи иликтеп тергеп жатат. Алар бизге тергөө иштерин Кыргызстанда жүргүзүү боюнча өтүнүч-сураныч катын жиберишкен. Биз аларга тергөө, иликтөө иштерин жүргүзүүгө көмөктөш болууга жана тергөөгө тиешелүү чиеленген маселелердин жообун издөөгө даяр экендигибизди бир ай мурда эле билдиргенбиз. Бирок мына ушул күнгө чейин Беларуссиядан эч кандай кат- кабар жок. Демек алардын аракеттеринен улам аталган ишти тергөөгө кызыкчылыгы жокпу деген таасир калтырууда.
Экинчиден, фейсбукта айтылган маалыматтар боюнча: ИИМдин УККББнын (ГУБОП) жетекчиси жана ал башкармалыкта иштеген кызматкер Москвага 22-февралда тааныштарынын чакыруусунун негизинде барышып, 23-апрелде түнкү рейс менен кайра артка кайтышкан да, 24-февралда эртең менеки саат 04.00 чамаларында Бишкекте болушкан. Мен иш сапарда болгондуктан, алар анын орун басарынын уруксаты менен барышкандыгы анык. Ал эми А.Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу жана ошол окуянын жалгыз күбөсү Г.Абилазизов менен бир самолетте отуруп калгандыгы болгону ошол убакытка туш келип калгандыгында, мындан эч кандай божомолдорду издештин кажети жок. Анапияевдин өлүмүнө Кыргыз ИИМинин эч кандай тиешеси жок. Иш Беларуссияда тергелип жаткан соң, биздин ага кийлигишүүгө акыбыз жок жана беларуссиялык кесиптештер аталган кылмыштын бетин ачууга тийиш деп эсептейбиз.
Ал эми ИИМдин УККББнын (ГУБОП) жетекчилиги Абилазизовду мурда эч качан көргөн эмес жана анын видеомаеги интернетке чыккан кезде анын кандай жаран экендигин билген. Ал эми Гүлжигит Абилазизов 25-февралда өзүнүн адвокаты менен ИИМдин БТБна (ГСУ) келип, болгон окуя тууралуу өз көрсөтмөсүн берген. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Абилазизовду коштоп келишкен деген сөз кимдир бирөөлөрдүн атайын каралаган жалган маалыматы жана аны коомчулукка таратуу аракетин кимдир бирөөлөр көрүп жатышкандыгы айдан ачык. Ошол себептүү коомчулукка сиздердин гезитиңиздер аркылуу аталган маалыматтар боюнча кыскача тактоо киргизип коелу.

– Жогорку кызматтагы адамдардын аты-жөнү аралашып калган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн жакын арада ачабыз деп убада бердиңиз эле, бирок бул иш боюнча али жыйынтык чыга элек. Эмнеге иштин бетин ача албай жатасыздар?
– Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө жүрүп жатат жана өзгөчө көзөмөлдө турат. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн. Учурда аталган топ иштеп жатат. Иш абдан көлөмдүү. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында бир нече версиялар айтылды, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын бардыгын азыр угузганга болбойт. Айрым учурларда мындай иштер жылдап иликтенет. Өзүңүздөр деле күбөсүздөр, тергөөнүн жүрүшүндөгү дагы бир божомол «Камила Дүйшөбаеваны өлтүрүү версияларынын бири – капысынан өлтүрүп алуу болушу ыктымал. Телефондогу байланыштардын бардыгын тактадык. Көп маалыматты коомчулукка жарыялаганга мыйзам жол бербейт. Экспертиза өткөргөндө анын өлүмүнө өтө чукул муунтуу себеп болгону аныкталган. Андан башка денесине залал келген, жаракат алган же зордук-зомбулуктун башка белгилерин экспертиза көрсөткөн жок. Ал кезинде акчасы жок такси жалдап, жетер жерине жетип жүргөнү тууралуу маалыматты көптөгөн күбөлөр тастыкташты. Кезектеги ошондой окуяда таксист менен экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр өлүмгө себеп болушу мүмкүн, мойнундагы шарфы менен жулкуп жиберген деген да божомол бар.
Бизде татаал адам өлтүрүүлөр бир нече ирет катталган, бирок биз алардын бетин ачканбыз да. Жадакалса Малайзиядан адистерди чакыртып, алар 1500 абонентти изилдеп чыгышты, бирок эч нерсе аныктай алышкан жок. Абдан көп адамды суракка алдык. Бул адам өлтүрүү иши боюнча материалдар 3 томду түзүп олтурат. Камилага атайылап күч колдонулбагандыктан ушундай версия жаралууда. Ал сабалган же зордукталган эмес. Ал тонолгон да эмес. Анын организми таза болуп, алкоголдук да, баңги затынын да таасири болгон эмес. Ага асфиксия – муунтуу болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан бул иштин бетин ачуу боюнча бардык иш -аракеттер жүрүүдө, ошол себептүү бул кылмыш сөзсүз ачылууга тийиш. Учурда айрым бир жарандар же гезит-журналдар бул кылмышты эми кимдир бирөөнүн мойнуна илет деген сөз таратууда, андай болушу эч мүмкүн эмес жана ага жол бербейбиз.

– Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча иштин бети ачылганда Руслан Шаботоев, Санжар Кадыралиевдердин өлүмдөрүнүн бети ачылат дедиңиз эле. Эмнеге ачылбай жатат?
– Медет Садыркуловго байланышкан кылмыштарды ачууда биздин кызматкерлер эбегейсиз иштерди аткарып, кылымда болбогон кылмыштын бетин ачтык. Ал эми Руслан Шаботоев боюнча учурда оперативдүү иликтөө издөө иштери токтогон жок. Биз аталган кылмышты ачуу боюнча бир катар иштерди жүргүзгөнбүз. Шектүү кылмышкерлер издөөдө турат. Биз анын ким экенин билебиз, бирок аны тергөөнүн жашырындуулугун эске алуу менен азырынча сыр кыла туралы. Санжар Кадыралиев боюнча ишти азыр Башкы прокуратура тергеп жатат.

– “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерден утуп чыккан “Стилсофт” компаниясына ишенбей турганыңызды айтып чыгып, сотко берем дедиңиз эле. Бул иштин жыйынтыгы кандай болду?
– Биз «Коопсуз шаар» боюнча тендер жүргүзүүдө көп кемчиликтер кеткенин аныктадык. Аталган долбоор боюнча тендердик комиссия башка министрдин учурунда түзүлгөн. Мен тендердин ишине жолтоо болгон жокмун. Тендер өттү, бирок мен эмне болгон макулдашууга кол коюп жатканымды билишим керек. Балким ал эртең экинчи «Кумтөрдөй» болуп калышы мүмкүн да. Биз эмне деген компания уткандыгын, тендер кандай өткөндүгүн текшердик. Мен эч кимди күнөөлөбөйм. Бирок биз текшерүү учурунда тендер өткөрүүдө кеткен көп кемчиликтерди таптык да. Кыргызстанда видеобайкоолорду орнотуу үчүн тендерди утуп алган «Стилсофт» ишканасы мен үчүн ишенбестик жаратты. Анткени тендерди өткөрүүнүн финалдык этабында «Стилсофт» ишканасынын документтер боюнча көйгөйлөрү жана кемчиликтери бар экендиги жөнүндө ыкчам маалымат алдым. Мени эртең бир нерсеге айыптабашы үчүн мен баарын дыкат иликтеп, андан кийин гана макулдашууга кол коюшум керек. Менин билишимче, көптөгөн документтер ИИМге жеткен эмес. Биз баарын текшерип чыктык. Адамды жөн гана макулдашууга кол коюуга мажбурлоо туура эмес. Макулдашууну Экономика министрлиги иштеп чыккан. Тендерди өкмөт ИИМ менен кызматташтыкта өткөргөн. Ага министр кол коет. Мен кол койгон жокмун, анткени биз консенсуска келе албаган көп жерлер бар экендигин далилдеп, Өкмөткө болгон материалдарды бердик. Ал жактан комиссия түзүлүп, биздин айткандарыбыз менен макул болушту. Материал толугу менен Башкы прокуратурага жиберилген эле.
Жакында Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууда жеке өнөктөштү тандоо боюнча тендерди өткөрүүнүн мыйзамдуулук маселесине текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө аныкталгандай, тендердик комиссия тарабынан аны өткөрүү процедуралары бузулган. Учурда тендердин туура эмес өткөндүгү  боюнча соттук териштирүүлөр улантылууда. Учурда соттун чечимин күтүп жатабыз. Бардыгы ошого жараша кайрадан чечилиши, чечилгенде да коомчулуктун көз алдында, эч кандай корруциялык схемаларсыз, эч мыйзам бузуусуз өткөрүлүп ишке киргизилиши зарыл. Бул долбоор ири суммадагы акча менен коштолгон, мамлекет үчүн пайда алып келе турган олуттуу долбоор, ошол себептүү биз “жети өлчөп бир кесишибиз” керек да.

– Министрлик кызматты кандай өтөп жатам деп ойлойсуз? Бул системага кандай жаңылык алып келе алдыңыз?
– Мага чейинки министрлерден айырмаланып, иш ордумда олтуруп албай, Кыргызстанды түрө кыдырып, эл менен жолугушуп, жергиликтүү милиция кызматтарынын иши менен таанышып, коомдук тартипти сактоо боюнча акыркы он жылдан бери каралбай калган маселелерди чечүүнүн үстүндөмүн. Эл менен милициянын ортосундагы биримдикти чыңдоо боюнча абдан көп аракеттерди көрдүм. Милиция кызматкерлерине берилген баа – элдин гана ишеними болууга тийиш.  Мекенге жан дилинен кызмат кылуу милиция кызматы үчүн дайыма эң жогорку жоопкерчилик болуп калууга тийиш. Мына ушул приоритеттүү багыт биз үчүн карманган багытыбыз болууга тийиш. Жер-жерлерде жергиликтүү бийлик органдарынын, аксакалдар сотторунун, коомдук алдын алуу борборлорунун ролун көтөрүү жана коомдук тартиптин сакталашына алар да жооп бере турган, алардын да көйгөйүн чечүү максатында ар областта форум өткөрдүм. Анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, райондук жана шаардык администрациянын, айыл өкмөтүнүн башчылары, аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин жана жаштар кеңешинин өкүлдөрү- жалпысы болуп республиканын бардык аймагынан 1000 адам катышкан форумду Бишкекте өткөрдүм. Андан сырткары 2014- жылы Тоң районунда милиция кызматкерлери үчүн 2 бөлмөлүү 4 квартира бүткөрүлүп тапшырылды. Ал эми быйыл Бишкек шаарында милиция кызматкерлери үчүн 180 батирлүү көп кабаттуу үй бүткөрүлгөнү турат. Ага кошумча Ош шаарында 90 , Баткенде 24 батирлүү социалдык турак-жайларды куруу иштери башталып, ошондой эле дагы 140 батирлүү турак-жайды Бишкек шаарына куруу иши планга коюлду. Бул жыл ИИМ үчүн өзгөрүүлөрдүн жана курулуштардын жылы болот. Чукул убакыт ичинде 30га жакын милициянын имараттары ишке киргизилди, бул жылы дагы 20га чукул жаңы милициянын имараттары ишке киргизилмекчи. Мен милициянын ишин жакшыртышым керек. Анын элге кылган кызматынын сапатын арттырышым керек. Милиция элге кызмат өтөп, жарандардын укугу менен эркиндигин сакташы керек. Ошол эле убакта мен милицияга да кам көрүп, ага бардык шарттарды түзүп беришим керек. Ал эми кылмыштуулук багытында ага каршы аесуз күрөш жүргүзүү – менин милдетим. Мен кандай жаңылык алып келгендигимди мен айтпастан, коом айтышы керек. Анткени ар бир иш, ар бир кадам, ар бир жаңылык, ар бир реформалык ишмердүүлүгүм  мына сиздер аркылуу- массалык маалымат каражаттары аркылуу коомго жетип жатпайбы. Мен жөн эле олтуруп алган жокмун го.

– Министрлик кызмат адамды өзгөртөт бекен? Сизди кантип өзгөрттү?
– Мен мурда кандай болсом, бүгүн да дал ошондоймун. Бир гана жоопкерчилик абдан жогорулап, ишим абдан арбыды. Эгер мен өзгөрсөм, анда мага айтышат эле. Кызматыма жараша кээде катуу чечимдерди кабыл аламын, анткени мага тартип маселеси да жогору болушу керек. Мен кол алдымдагы кызматкерлерден аларга тапшырылган милдеттерди таза, так жана өз убагында аткарууну талап кылам. Менин талабыма чыдай албагандар, мезгилдин бизге коюп жаткан талаптарына чыдай албагандар менен жолубуз башка.

– Мурда берген маегиңизде күн сайын эртең менен 2 чакырым сууда сүзөм деп айттыңыз эле, министр болгондо дагы убакыт таап жатасызбы?
– Мен спортко дайыма убакыт табам. Күнүгө иштен кеч кеткеним менен, таң заардан убакыт таап спорт менен машыгам. Күрөшөм, сууда сүзөм, айтор күнүгө машыгуунун үстүндөмүн. Ишке да, спортко да убакыт табам.

– Көбүнчө жумушуңуз боюнча эле маек бересиз. Биз сизден жумшуңуздан, саясаттан тышкары суроолорду да берели. Сиздин үйүңүздө ким кожоюн?
– Албетте, мен кожоюнмун да. Аялдын өзүнүн орду болуш керек да. Үй-оокат, бала-бакыра деген бар. Ошол эле учурда эркектин дагы өз милдеттери бар. Үй-бүлөнү эч нерседен кем кылбай багыш керек. Жубайымдын деле пикирин угуп, чечим чыгарам.

– Кайсы сапатыңыз менен сыймыктанасыз?
– Азыр эркектердин арасында бири бирин сатып кеткендер толтура. Мен эч качан бирөөнү саткан эмесмин. Кичине кезимден ушундай тарбия көргөм. Мага адамдар канчалык жамандык кылган сайын мен ошончолук жакшылыгымды аябайм.

– Тескерисинче, кайсы саптыңыз жакпайт? 
– Өтө эле ишенчээкмин. Элдин баарын эле өзүмдөй көрө берген жагым бар.

– Кырс мүнөздүүдөйсүз…
– Жок, мени көптөр ушинтип айтышат. Тескерисинче, ак көңүл, боорукермин.

– Мал союп, устукандап, жиликтегенди билесизби?
– Кыргыздар чоңойгон эркек баласына төрт нерсени үйрөткөн. Кой сойгонду, устукандаганды, эт бышырганды, баш бузганды билиш керек. Мисалы, биздин Нарында башты кичүүсүнө берет. Ушул төрт нерсени билбесең, эмнең кыргыз? Мен бул төртөөнү тең билем. Бул жагынан чебермин.

– Аялыңызга кол көтөргөн учурлар болобу?
– Аялга кол көтөрмөк белем? Аялын сабагандык эркектердин алсыздыгы деп билем. Андай күчтүү болсо, күчүн эркектер менен мушташып көрсөтсүн.

– Сатып кеткен достор болгонбу?
– Мен өзүм достукка бекеммин. Сатып кеткен достор толуп атат. Андай достор азыркы саясатчылардын арасында деле толтура.

– Азыркы учурда саясатчылар бүбү-бакшыга, көзү ачыкка катуу ишенип калышыптыр, кабинетинен түйүлгөн жиптерди табышып… Сиз дагы ишенесизби?
– Ата-бабаларыбыз колдонуп келген ырым-жырым деген баары бир бар да. Көзү ачыкка, бүбү-бакшыларга ишенүү биздин каныбызда жатат. Төлгө ачтырган учурлар далай эле жолу болгон. Дал келген учурлары дагы көп. Мен барганга жараша күчтүү делгенине барам. Бирок кабинетиме алып келип, аңтарып, издеткен эмесмин. Жип, чөп, дагы бир нерселерди дубалатып таштап кетишет экен. Менде деле толтура болуш керек эле. Мен аны сезем, анткени менин өзүмдө дагы кандайдыр бир касиет бар.

– Көзү ачыктыкпы?
– Бар да, эми ушундай бир нерсе… Качан бир кыянаттык, же жамандык болорун алдын ала сезип турам.

Акылбек Чынтемиров