Илмиянов “Замандаштын” тизмеси менен шайлоого барабы?

Ilmiyanov I.Өткөн жуманын олуттуу окуяларынын бири буга чейин артынан көптөгөн чуулгандуу имиштер айтылып келген Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрам Илмияновдун отставкага кетиши болду. Ал бул кадамын акыркы кезде анын дарегине айтылган каралоолорго мындан ары чыдоого мүмкүн эмес экенин айткан. Илмияновдун отставкасын шайлоо алдындагы жасалган кадам катары баалагандар да чыкты. Айрым маалыматтарга караганда, Икрам Илмиянов “Замандаш” партиясынын алдыңкы тизмеси менен шайлоого аттанат. Ал ээлеген Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына Улукбек Марипов дайындалды. Марипов буга чейин Президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп иштеп келген.

ПК-пресс