Ишенбай Абдуразаков: ойчул, элчи, адам

Ishenbay AbdurazakovРедакциядан: Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун дүйнөдөн кайткандыгына 23-апрелде бир жыл толот. 24-апрелде анын достору жана жакын санаалаштары конференция-реквием өткөрөт. Ошол күндү утурлап, И. Абдуразаковдун курсташы, кесиптеши жана досу, Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Вячеслав Гиззатовдун эскерүүсүн орусчадан которуп, кыскартуулар менен жарыяладык.

«Прага жазы»
Ишенбай Абдуразаков менен 1967-жылдын сентябрь айында Москвадан тааныштым. Биз, СССРдин тышкы иштер министрлигинин алдындагы Жогорку дипломатиялык мектебине жаңы өткөн 50 угуучу Чоң Басман чолок көчөсүндөгү эки кабаттуу эски имаратка окуунун биринчи күнү чогулганбыз. Ал Лермонтов метро станциясынын артында жайгашкан. Көңүлүбүз көтөрүлүп, ошол эле убакта абайлап турдук, анткени илгерки дворяндардын ордосунда бизди нелер күтүп жатат, чолок көчөнүн аталышына караганда бул жакта Орусиянын түрк кожоюндары, башкача айтканда биздин алыскы ата-тегибиз жашагандыр. Ал учурда советтик элдердин достук духу өкүм сүрүп, биз угуучулар арасында өзүбүзгө жакын келген азия түспөлүндөгүлөрдү издей баштадык, ал эми лекциянын биринчи тыныгуусунда эле бири-бирибиз менен таанышып кирдик. Кийин биз тамашалап айтып жүргөнүбүздөй, “орто азиялык бир колхоз” түзүлүп калды, ал жакка үч казак, кыргыз жана түркмөн жигиттер кирди. Мен ал жактагы “орто азиялык колхоздо” эле эмес, Жогорку дипломатиялык мектептин тарыхында баарынан жаш угуучу экенмин. 25 жаш деген эмне? Болгону артыбызда казактардын айылындагы согуштан кийинки бала чагыбыз, тез өтүп кеткен студенттик курагыбыз калган. Ишенбай менден беш жаш улуу болучу. Бирок көп өтпөй эле бул бир нече жылдар эмес, андан маанилүү айырма экенин түшүндүм. Ишенбай абдан жакшы даярдыгын, курч аналитикалык акыл калчоосун, илимий түшүнүктөрдү жана ыкмаларды жакшы билерин көрсөттү. Ал берген суроолор так, ар сөзүн бышыктап, жакшылап ойлонуп сүйлөчү. Анын айткандары адамды өзүнө тартып турчу. Үнүн акырын чыгарып, керек жерлеринде тыныгуу жасап, марксизм-ленинизм классиктеринен мисал келтирип турчу. Менин иституттагы мугалимдеримдин да мындай сапаттары жок болчу. Көрсө Ишенбай Жогорку дипломатиялык мектепке келгенге чейин башкаларга окшоп, Союздук республикалардын БК аппаратынан келген партиялык ишмер эмес, өлкөнүн экономикалык жогорку окуу жайы- Москвадагы Плеханов атындагы эл чарба институтун аяктаган, экономика илимдеринин кандидаты, СССР Илимдер академиясынын Экономика институтунун аспиранты экен.
Жогорку дипломатиялык мектепте окуп жүргөнүбүздө Чехословакияда “Прага жазы” деген ат менен белгилүү окуя болуп өттү. Ал социалисттик системанын олуттуу кризисинен кабар берип, ал системанын жакын арада тарых аренасынан жок болору билинип калды. Андагы окуялар абдан ыкчам өнүгүп, бүткүл дүйнөнүн көңүл борборунда турду, бул биз, болочок элчилер үчүн түздөн-түз кесиптик кызыгууну жаратты. Биз басма сөз каражаттарына жарыялангандарды эле окубастан, ТАССтын жабык бюллетендерин да алып турдук.

Ишенбай япончу, мен кытайчы болдум
Экинчи- Жогорку дипломатиялык мектептин угуучуларынын арасында да, бүткүл өлкөнүн ичинде да өз ара талкууну жараткан көйгөй бул советтик-кытайлык карама-каршылык болгон. Ушуга байланыштуу азыр күлкүңдү келтирген бир окуя эске түшөт. Бизди тил үйрөнүүгө бөлүштүргөндө, (биз анда негизги бир чыгыш тилин, экинчи европалык дагы бир тил билишибиз керек эле), Ишенбайга негизги тил катары япон тили, мага кытай тили тийди. Бирок Ишенбай кытай тилин абдан окугусу келди. Ал кыргыздар арасында урматка татыктуу болгон кандайдыр бир жалпак кытай чайы тууралуу айтып жатты. Антсе да мында маселе кытай тилинде же мейли, ошо жалпак кытай чайында болсо дагы, Кыргызстан менен чектешип жаткан Кытай сыяктуу мамлекетке ал Японияга караганда көбүрөөк кызыгып жатты. Ал эми мага “баары бир” болчу, Батыш Казакстандан болгонумдан улам, Кытайдын жакын жайгашканын анча деле сезчү эмесмин. Ошентип экөөбүз өз ара сүйлөшүп алдык, Ишенбай кытай тилин үйрөнөт, мен болсо япон тилин үйрөнөм. Ушуну менен биз Жогорку дипломатиялык мектептин ректору Яковлевге бардык. Ал киши ушунчалык таң калып, шашкалактай кетип, бул маселени ал чечпестигин, КПСС БКга, биздин кураторубузга жиберди. Ал жактан биздин мээбизди ушунчалык “түздөдү” дейсиз, аны азыр да эстегим келбейт. Натыйжада Ишенбай япончу, мен кытайчы бойдон калдык. Кийин, 1969-жылдын аягында биз дипломду коргоор алдындагы стажировкага бардык, Ишенбай Япониядагы СССР элчилигине, мен Кытайга. Ошондон кийин кайра тилдерди алмашалыбы деген ойду айтсак, анда мурункудай кытай тилин үйрөнөм дебей, Японияга биротоло берилип калыптыр.
Улуу агам Элдостун кеңеши боюнча студенттик курактан бери эле мен дайыма өзүмөн күчтүү курсташтар менен бирге жүрчүмүн, анткени мен да аларга теңелишим керек болчу. Бул практика мага абдан жардам берди. Бул жолу мен Ишенбай менен жакындаштым. Ушул бирге окуган үч жыл менин жаңылышпаганымды көрсөттү. Биздин курстагылардын ичинен Ишенбай экөөбүз гана Жогорку дипломатиялык мектепти “кызыл диплом” менен аяктадык. Жогорку дипломатиялык мектепте окуганыбызда Ишенбай экөөбүз тең үйлөндүк.
1991-жылы Ишенбай жогорку кызматка көтөрүлүп, СССРдин Саппородогу Башкы консулу болуп дайындалышы анын кесиптик жана саясий жактан бышып жетилишине баа берүү болду. Бирок ошол эле учурда өзгөрүү, кайра куруу шарапаты терезебизди черткилеп турган. Ошол жылдын аягында Советтер Союзу тарап кетти. Эмне кылуу керек? Бул суроону Ишенбай дагы өзүнө берип турду. Анын милдети өзүнө тагылган жоопкерчиликти аркалап, Саппородогу жумушун жыйынтыкташ керек эле. Аны жүрөгү Кыргызстанга, жаңы көз карандысыз улуттук мамлекетти курууга үндөп жатты.
1994-жылы ал Кыргызстанга кайтып, тышкы саясатты, дипломатиялык мамилелерди калыптоо боюнча өзүнүн терең билимин, бай тажрыйбасын жумшады. Бул учурда мен Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп жаткам. Анда-санда эле жолугушчубуз, ошондо да ал узакка командировкага кетип жаткан учурларда, Алма-Ата аркылуу кеткен учурларында. Биз сүйлөшчү сөздөр абдан эле көп болчу, ар кимибиз өз көйгөйлөрүбүздү айтып, бири-бирибизден кеңеш сурачубуз.1996-жылы Ишенбай Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп, мамлекеттин багытына таасирин тийгизип, айрыкча тышкы иштер маселесинде анын таасири чоң болду.

Ишенбай Иранда кантип жыңайлак калды?
1997-жылдын башында мен Казакстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалдым. Ал жактагы Кыргызстандын элчилигинде Ишенбай менен Майрамдын уулу Авазбек да иштечү, ошондо алар Тегеранга келишти. Алардын келиши биздин үй-бүлөбүз үчүн кубанычтуу окуя болду. Биз аларга кантип көңүл буруп, кантип сыйлаарыбызды билбей, жетине албай калдык. Ишенбай баягыдай эле жаңы нерсеге умтулуп, башкаларга караганда өзүнүн адаттан тыш баасын берип, кыраакылыгын, өзүнө гана тиешелүү кайталангыс сапаттарын көрсөтүп жатты. Бай тарыхы, уникалдуу саясий түзүлүшү бар Иран аны кызыктырып гана тим болбостон, көптөгөн суроолорду берип, ага биз жооп таба албай жаттык. Анын айрыкча ар нерсени билгиси келгени кээде айрым окуяларга да туш кылдырчу. Ал ирандык шеиттердин диний башчысы, ислам революциясынын жетекчиси улуу аятоллы Хомейнинин мекенине, Кум шаарына баргысы келип туруп алды. Дем алыш күнү бармак болдук, (Иранда жума күн дем алыш күнү болуп саналат), ал күнү зыяратчы көп ыйык жерге барчу, анын ичинде имамдын карындашы, шеиттердин 12 имамынын бири- Резанын табытын көрүүгө кызыккандар көп. Эл көп экенине карабай, Ишенбай да ал мечитти көргүсү келди. Мечитке кирерде баары бут кийимин чечип киришет, биз да бут кийимибизди чечип, мечиттин ичине киргенбиз. Чыксак эле Ишенбайдын бут кийими жок. Бизден айырмаланып, анын бут кийими жаңы болсо керек. Анын бут кийими ал жактагы мечиттегилерге эле эмес, дагы бирөөнө жагып калыптыр. Ал күнү дем алыш, дүкөндүн баары жабык, башка бут кийим сатып берели десек, эч жерден таппайбыз. Ошентип, ал Тегеранга носкичен келди. Андан кийин биз аны «жылаңаяк чиновник» деп тамашалап жүрдүк.

Дараметин толук пайдалана албай калдыкпы?
Чет өлкөлөрдө бир катар жылдары Казакстандын элчиси болуп жүрүп 2005-жылы пенсияга чыгып, мен Мекениме кайтып келдим. Ошентсе да мага Казак Республикасынын чек арасын демаркация жана делимитация боюнча өкмөттүк делегациясын жетектөө сунушу болуп, Кыргызстанга тез-тез каттап турдум. Ошондо Абдуразаков менен жолугушуп турдум. Ишенбай анда пенсияга чыгып калган, бирок коомдук-саясий иштер, окутуучулук менен алектенип жүргөн. Кыргызстандык ар кандай өкүлдөр менен жолугушканымда Ишенбайды мекендештеринин баары сыйлап, аны «акылман» деп аташаарын билдим. Аны «Данакер» ордени менен сыйлашканда жана Япониянын эң жогорку сыйлыгы «Улуу лентадагы Күн Чыгыш» ордени менен сыйлаганда аны Мекенинде гана эмес, алыскы Японияда, өзү көптөгөн жылдары берилип иштеп, күчүн, эмгегин арнаган жерде да сыйлашаарын билдим, адегенде СССРдин, андан кийин Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын коргоп жүрдү. Ишенбай Абдуразаков кесиптик бийик чеберчиликке жетишип, көз карандысыз Кыргызстанда белгилүү адам болгонуна карабастан, мен анын саясатчы жана мамлекеттик ишмер катары мүмкүнчүлүгү толук ачылбай калдыбы деп ойлой берем. Минтип айтканымдын себеби мен анын жөндөмүн, анын эң мыкты сапаттарын, кызмат деп мамлекеттик кызыкчылыкты сатпаганын, бирөөлөр менен атаандашпаганын жакшы билем. Жапалдаш бойлуу, жөнөкөй Ишенбай Абдуразаковдо кыргыз бабаларынан калган эр жүрөк жана эркиндикти сүйгөн духу бар эле, анын элин сүйгөндүгү жана ага берилгендиги, улуу Манастын арбагы колдоп, кыргыздын кийинки урпактарына сабак болуп, алар да өз Ата Журтуна ошондой жан аябастан кызмат кылууга, анын жаркын келечегин камсыз кылууга багыттайт деп ойлойм.

Вячеслав Гиззатов, Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси