Камчыбек Ташиевдин соттолгону алынып, саясый жолу ачылды. Сиз буга кандай карайсыз?

Toktogul KakchekeevТоктогул КАКЧЕКЕЕВ, саясий серепчи:
-Кыргызстандын эли саясат айдыңын жакшы эле билип калбадыбы. Камчыбек Ташиев өзүнүн ишин көрсөтүп, мамлекеттик үйдүн дубалына да чыгып, өзүнүн оюн айтты. Андан ашык кандай ой жүгүртүүгө болот? Адам көзү менен көрүп, акылы менен туят. Биз көзүбүз менен көрүп, сүйлөгөн сөздөрүнүн баарын уктук. Ошол сүйлөп аткан сөздөрүнөн эмне деген жыйынтык чыгарса болот? Ташиевди мактагандан да, жамандагандан да эч кандай натыйжа жок. Турмушта өзүн кандай көрсөтүп, сүйлөсө ошол адамдын ички дүйнөсү десек болот. Сүйлөгөн сөзү эле бар, жасаган иши бөлөк.

Omurbek Abdrahmanov

Ѳмүрбек АБДЫРАХМАНОВ, ЖК депутаты:
– Камчыбек Ташиев “Чыңгызхандай болуп, 17 эле адам менен бийликти басып алам” деп дубалга секирип “тентектик” кылды эле. Бирок камалып чыккандан кийин бийликтен кечирим сурап, соодалашып, соттон акталып отурат. Демек бизде мыйзамдуулук деген такыр жок экендиги дагы бир жолу далилденди. “Бийликти жактасаң – каалаганың болот, а бийликке каршы болсоң, күнөөң жок болсо да, камалып каласың” деген принцип менен жашап жатканыбыз дагы бир жолу далилденди.

Эдил БАЙСАЛОВ, саясий ишмер:
-Камчыбек Ташиев өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып соттолуп, жазасын алды. Соттолгондугу мыйзам боюнча алынып салынды. Демек Камчыбек Ташиевдин коомдо, мамлекетибизде, бийликте өзүнө тийиштүү орду бар. Кыргызда Ташиевдей таянып, элди жетектей турган инсандар аз. Ошондуктан элдин таламын талашып майданга чыга турганын эл туура эле кабыл алышы керек.

Dosaly EsenalievДосалы ЭСЕНАЛИЕВ, саясий ишмер:
– Камчыбек Ташиевдин соттолгону алынып салынганы жакшы иш болду. Саясатчы катары да, адам катары да соттолгон деген күнөө оор нерсе. Ошондуктан соттун мурунку чечимине жаңы чечим чыкканы туура эле иш болду. Акталып чыкса андан жакшы болмок. Ар бир саясатчынын келечеги өз колунда. Саясатчы ошол коомдун чагылышы. Ал эми коом — күзгү, баарын көрүп баалап турат. Саясатчы дайыма: өзүн кандай алып жүрөт, тигил же бул маселеде позициясы кандай, жетекчи катары иш тажрыйбасы болду беле, болсо кадыр-баркы кандай болгон, билимин мамлекетти өнүктүрүүдө толук колдонуп жатабы, коррупциялык аракеттерден алыспы, айткан сөзү менен кылган иши дал келеби жана башка багыттарда коомдук пикирдин талкуусунда болот.

Mars SarievМарс САРИЕВ, саясий серепчи:
– Учурда демократия деп атышпайбы, Кыргызстанда ага узак жол керек. Ошол үчүн транзиттик жол болгондо жердешчилик, уруучулук болгондон кийин элита бири-бири менен сөз табышып чечпесе, бизде да Афганистандай болуп кетет. Ошондуктан ушундай чечилгени туура эле. Анткени түштүк-түндүк болуп бөлүнүп-жарылып атканда, сырткы күчтөр пайдаланып кетиши ыктымал. Алар сырткы күчтөр Кыргызстанды талкалап кетпесин деп туура эле кылышты. Башка күч жок. Батыштын демократиясы Кыргызстанга сиңбей атат.

Кымбат Турдубекова