Камчыке кантип шок болду?

Tashiev K.Күндөрдүн бир күнү карачотур бир бала китепканага кирсе, ал жерде килейген колжазма эми кулап кетчүдөй салаӊдап турган экен дейт. Чуркап барып апторун караса, Темирчи Чыӊгызкаан деген алтайлык кыргыз экен. Эртеӊ менен шашпаай, кайраттуу кара чачты артка силке тарап туруп, жумушка мына жөнөп бараткан маал эле да, чиркин ай-йе! Кеч күз, өктөбүр айы эле. Өшөнтүп, китепканага кире калсале, жанагы колжазма мына кулайм деп салаӊдап туру дейт. Колуна ала коюп, чыдайалбай, сыразым орто жеринен, тактап айтканда 2012-беттен баштап шабыратып окуп кирет. Отуз алты тамга жетишсиз сезилгендиктен («үч тамганы» эртерээк эле колго алып коеюн десе керек), сыразым отуз тогуз тамгага көбөйтүп, жарым тыбыш калтырбастан тыкыр окуйт. Окуй берет, окуй берет. Катуу берилип кеткен белем, бир маалда көзүн ачсале… кудай бетин салбасын, ыштакетникте сайылып турган экен. Жөн ыштакетникмес, темир ыштакетниккен. «А-а» деп ойлоп коет, Темучин өзү койгон эме тувайбы депчи…». Алаа жагына жаӊы жел каттаганынан карай койсо, шымынын жанагы жеринин «форточкасы» ачылып калыптыр дейт. «Эй бала, кыркынчы жип менен ийне саптап бере салчы» деп айтайын деп атканын бир билет. Андан сырткары, ошончолук кургозоруна карабастан «Мына, мен гана Чыӊгыскаан! Кана менин армиям?! Нака шыйракка ок тийдиле, ок тийди!» деп кыйкырып аткан экен. Түшүм болсо керек деп ары оодарылып жатайын дегиче дал ошол ары жактан бирөө «секир эле секир!» деп табарсык тушка тепкилеп атканда араӊ эсине келет. Караса, арт жагында он-он беш сыпайы жүрү дейт, суутуп койгонсуп. Ошондо настренийеси рески бузулат. Көрсө, тажаал турмуштун тегирмен ташына мына кирип бараткан чагы тура, атаганат. Бөөдө курмандык болуп баратканын сезе коюп колун сунат, ким мени тартып алат деген илгери үмүт менен. Жакын эле жерден америкадан эмиле келгендей, Эдил Байсалуптун үнүнө окшош бир доош угулат. Же эр эмес, же хер эмес дегендей доош. Кечээ кимге шашилик алып бердим эле деп ойлонгуча болбой, кимбирөөлөр аны желкечачтан алып абакка «жүктөйт»…
Андан бери далай арак суудай агып, далай закүскө бөөдө желбей калды да, эй! Каап десеӊ, эй! Эми эминесин айталык, абактан деле чыкты. Буту покто болгон менен, башы серүүндөдү. Эсиӊе кел, Каке дегендей, Агүй тарапка кайта-кайта кат жолдоду. Бутумду поктон арылт деди. Агүйдө деле анча-мынча абийир бар көрүнөт, өткөндө жооп келиптир: «Давай Вася, шуруй да, эй!» деген. Ал анда, Камчыке, Ыштакетник көрсөӊ, саламыӊды жазбай жүр деп шайлоочулардын кийинки жана мурунку муунунун атынан мен, Теӊтөрага Баатыр Мурдуӊучайын.
Кимбайке