Канжар Кадыралиев жаткан палатага ээн-эркин эле кирип кетсе болот экен. Качып кетсе ким жооп берет?

Kanjar KadyralievТалап-тоноочулук, бейбаштык беренелери менен кылмыш иши козголуп, бир нече убакыттан бери издөөдө жүрүп, акыры өзү укук коргоо органдарына келген Канжар Кадыралиевге карата Жогорку Сот камакка алынсын деген чечим кабыл алган. Бирок Кадыралиев ооруканада жатканына байланыштуу алиге чейин камакка алына элек.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кылмышка шектүү Канжар Кадыралиевдин ооруп жаткандыгына байланыштуу №1 шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө жаткандыгы, анын тергөөдөн жана соттон качып кетпешин алдын-алуу максатында милиция кызматкерлеринен күзөт коюлганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок бул күзөт өтө деле катуу кайтарууга албаптыр, көрсө.

Канжардын палатасына кирип кеттим
Канжар Кадыралиев ооруканада жатты бекен деп гезит чыгаар алдында, кечээ, 29-майда эртең мененки саат ондордо Фучик паркы тараптагы аталган №1 ооруканага барып калдык. Эшиктин оозунда кайсы бейтап канчанчы палатада жатканын айтып берип олтурган ападан Канжар Кадыралиевдин кайсы палатада жатканын сурасак, кечиктирилгис хирургия бөлүмүндө, биринчи кабаттагы 5-палатада жаткандыгын айтып берди. Жугуштуу дарттан алдын-алуучу бахилланы беш сомго сатып алып бутка кийип, ал жакка жөнөп калдым. “Карантин” деп жазылганы менен эшиктин оозун эч ким тосподу. Палатаны кайтарган киши да көрүнбөгөндүктөн, палатанын ичине кирип кеттим. Эки керебети бар эки кишилик палата. Оң жагындагы керебеттин биринде чалкасынан жаткан кишинин Канжар Кадыралиев экенин дароо эле тааныдым. Өзүн мурда көрбөсөм дагы, сүрөтү боюнча дал өзү экенин баамдадым. Ушу азыр Канжар Кадыралиевди ооруканадан качырып чыгып кетсе деле эч ким билбей калчудай. Ээн-эркин эле жаткан турбайбы деп ойлойсуң. Бир кездеги сүрөтүндөгүдөй эле, толмоч тартып турат, жүзү кубарып, жылмакай . Бейтап экенин билбегендер сопсоо катары кабыл алчудай. Менин кирип келгенимди байкап калдыбы, анда-санда онтоп коет. Жаткан кишиге кайрылып калдым:
-Саламатсызбы? Сиз Канжар Кадыралиевсизби?
-Ооба.
-Ден-соолугуңуз кандай?
-Операция болуп, реанимациядан жаңы эле чыктым.
-Аппендицит менен сизди доктурлар ушунча күн кыйнаштыбы? Кайсы доктур жасады эле операцияны?
-Ушул жактагы доктурлар эле жасаган.
– Кылмыш кодексинин бир канча беренеси боюнча кылмыш козголуп, шектүү катары издешип, анан ооруганда табылып калгандыгыңыз айтылууда. Коюлган айыптарга карата эмне деп айтмакчысыз?
-Азыр кыйналып турам, сүйлөгөнгө да оор болуп турат, эже. Анын үстүнө азыр менин сүйлөгөнүм да туура болбой калат. 2-3 күндө, балким, ооруканадан чыга турган болсом, ошондо айтып берейин…

Бул тушта палатага европалык түспөлдөгү, кепка, капкара окшош кийим кийген эки киши кирип келип, Канжар Кадыралиев кайтарууда экенин, аны менен сүйлөшүүгө болбой турганын айтып, кетүүмдү сылык гана өтүнүштү. Кадыралиевдин сүрөтүн тартууга андан бетер каршы болушту. Бейтаптын жанында каралашып турган кызыбы, келиниби, бул жерге кирүүгө жана сүйлөшүүгө уруксат жок экенин кайталады. Кайтаарда Канжар Кадыралиев:
-Эже, сизге рахмат, -деп коштошуп калды.

“Сиздин кирип кеткениңиз чыгып кетсе, чуу чыгат”
Сыртка чыкканда милициянын кызматкери деген жигит палатага кантип кирип кеткениме кызыкты:
-Эже, сиз киргенде күзөт кызматкерлери кайда эле?
-Кайда экенин билбейм, келсем, эч ким алдымды тосподу.
-Күзөт кызматы бул эле жерде турбады беле? Эми сиздин кирип кеткениңиз ачыкка чыгып кетсе, чуу чыгат.
-Алар балким дааратканага кетишкендир. Эч ким көрүнгөн эмес.

Диагнозу кандай?
Мындай диалогдон кийин оорукананын ушул кечиктирилгис хирургия бөлүмүнүн дарыгерлер бөлмөсүнө кирдим. Канжар Кадыралиевдин алгачкы дарты “катуу кармаган аппендицит” анчалык деле коркунучтуу дарт эмес. 26-марттан бери, бир айдан ашык убакыттан бери ооруканада жатат. “Катуу кармаган аппендицит” дарты менен ооруканага ушунча күн жатышы мүмкүнбү же дарыгерлер аны укук коргоо органдарынан калкалап, дарылоону атайылап создуктуруп жатышкан жокпу деген суроо туулбай койбойт. Анткени, сокур ичеги менен ооруган оорулардын көпчүлүгү бир жуманын ичинде айыгып чыгып кетип жатышпайбы. Бейтаптын ал-абалы тууралуу сурайын деп дарыгерлер бөлмөсүнө кирсем, андагы врачтар жооп берүүдөн баш тартышты. Бөлүмдүн башчысы Улан Имашев ордунда жок экен, аны менен телефон аркылуу байланышсам, бейтап Канжар Кадыралиевдин ал-абалы тууралуу маалыматты оорукананын администрациясы гана айтып берерин билдирди. Башкы дарыгер шаардык кеңештин депутаты болгондуктан, шаардык кеңештин сессиясына катышууга кетиптир дешти. №1 оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Улан Мусаев мындай жооп узатты:
-Канжар Кадыралиевге экинчи жолу операция жасалып, кечээ реанимациядан чыгарылды. Биздин ооруканага түшкөндө аппендикси жарылып кетип, өтүшүп, курч кармаган аппендициттин кыйын түрүнө айланган. Аппендицитке операция жасалгандан кийин ичегинин эч нерсе өткөрбөй калган дарты менен жабыркап, орусча айтканда, “острая кишечная непроходимость” деген диагноз коюлуп, экинчи операция жасалды.
-Операцияны ким жасады эле?
-Имашов Улан жасаган.
-Эми канча күндө айыгып, бутуна турушу мүмкүн?
-Аны айта албайбыз. Дарылоонун жүрүшү көрсөтөт.
Айтор, өзгөчө бейтап Канжар Кадыралиев дарыланып жаткан кечиктирилгис хирургия бөлүмүнүн аны кайтарууга алган милиция органдарынын күзөтчүлөрү, мен бейтап тууралуу дарыгерлерден сураштырып жүргөнүмдө, кара кепка, кара курткачан, окшош кийинген эки күзөтчү палатанын оозуна эки отургуч алып келип, маңдай-тескей отуруп, жанында дагы бир милиция кызматкери кайтарып калышты.Ооруканага кире бериш эшиктин оозуна да оорукана кызматкерлеринен коюп, кайтарып калышыптыр. Эми Канжар Кадыралиевди катуу кайтарууга алышса экен, болбосо бир күнү ал качып кетсе деле, бирөө аны уурдап кетсе деле билбей калышчудай.

Чын эле ооруп жатабы, текшерилиши керек
Сокур ичеги менен ооругандар ашып кетсе бир жумада айыгып кеткенин көрүп жүрөбүз. Өтө эле өтүшүп кеткен түрү болгондо деле бир айдан ашык убакытка созулуп кеткени шектенүүнү жаратпай койбойт. Анан дагы шаардык сот аны үй камагына чыгаргандан кийин Ошко барып, “Мына мен бошоп келдим, арыздангандарга эми көрсөтөм” деп мактанганы тууралуу маалыматтар бар. Эгер оорусу өтө эле катуу болсо, Ошко кантип барды? Кайра Жогорку Соттун камакка алуу тууралуу чечими чыкканда ооруканага келип жатып алдыбы? Анан дагы акыркы кезде кимге кылмыш иши козголсо эле, дароо оорулуу болуп калып жатканы эч кимге деле жашыруун болбой калды. Ошондуктан, мындай жагдайларда Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, чынында эле ооруп жатабы, же жоопкерчиликтен качып эле ооруканадан чыкпоонун амалын көрүп жатабы текшериши зарыл деп эсептейбиз.

Айгүл Бакеева