Капчыктуулар көчөсүндө

dollar
Таксист, коммерсант, депутат…
Кезинде күйүүчү майга байланышкан контрабандист деп шек саналып, аз жерден кылмыш иши козголуп кете жаздаган ири ишкерлердин бири, ЖК жыйындарында акыркы убактарда өзү да, үнү да чыкпай дымып калган ЖКнын атажуртчу депутаты Азамат Арапбаев Бишкекте ЖОЖдо окуп жүргөндө эски “Москвич” автоунаасы менен таксист болуп, жан багып, күнүмдүк акча табуудан жадаганда Кара-Суу базарына барып, контейнер алып челнокчу болгон. Товарларды араб өлкөлөрүнөн алып келип, аларын контейнерде олтуруп алгач өзү пулдаса, капчыгы калыңдаган соң башкаларга айлык берип иштеткенге өткөн. Товарларды машинадан өзү түшүрүп, арабага жүктөп, мүшөккө салып, алып жүрүп капчыгын бир топ эле кампайтканга жетишет. Товарларын уурдатып, не кылар айласын таппай отуруп калган учурлары да болгон. Бул иште жалгыз болгондуктан далай кыйынчылыктарды баштан өткөргөндүгү бар. Капитал топтогон соң акырындап өндүрүш бизнесине өткөн Арапбаевдин учурда бир катар өндүрүш объектилери, кызмат көрсөтүүчү бизнестери бар. Кара-Суудагы контейнерлери да Азамат мырзага жаман эмес киреше берип турат.

Терек кыйып, жыгач ташып…
ЖКнын республикачы депутаты, волейболдун ышкыбозу Нурбек Алимбековду Кыргызстандагы жыгач бизнесинин “атасы” десек аша чапкандык болбойт. Чыны менен эле ошондой. Ишкерлигин Ошто студент кезинде баштаган. Албетте, бизнесте телчигип, бутуна туруусуна ага чейин эле бизнестин битин сыкканга жетишип калган бир тууган агасы Давлетбек Алимбековдун жардамын белгилебей коюуга болбостур. Нурбек мырза алгач курсташтары менен айылдан терек кыйышып, аны Ошко алып келип курулуш материалдары катары сатышчу. Алгач бир Камаз менен ташышса, убакыттын өтүшү менен ондогон Камаздар менен ташый башташкан. Ошол бойдон жыгач бизнесинде келатат. Бишкекте ири “Папан-Курулуш” жыгач ишканасын ачкан. Учурда анын ишканасы Россиядан баалуу жыгач материалдарын ири көлөмдө алып келип, курулуш ишканаларын, жеке жарандарды орустардын сапаттуу жыгачтары менен камсыз кылып келет. Ал эми акыркы учурда Кыргызстанды жыгачтан тышкары Россиянын, Кытайдын өндүрүшүндөгү металлдар менен камсыз кылууга өтүптүр. Өзү ЖК депутаты болуп, ити чөп жеп турса, бизнести кеңейтиш кеп бекен.

Бизнесин Бабановго пулдаган атажуртчу
Мурдагы акжолчу, азыркы атажуртчу депутат Нарынбек Молдобаев да – саясатка чоң бизнестен келгендердин бири. Нарынбек мырза капчыгын алып сатарлык менен кампайтыптыр. Алгач бизнесин Россиянын Уфа шаарынан 500 тонна бензинди карызга алуу менен баштайт. Карызынан жарым жылдын ичинде кутулуп, андан топтолгон капиталына Тогуз-Тородон бал алып келип сатып, андан да чоң пайдага туйтунган. Андан соң автоунаа майларын алып сатып, нефти бизнесине бой таштайт. Нефти компаниясын түптөп, Бишкекте бир катар май куюучу станцияларды ачкан. Акаевдин учурунда көз арткандар болуп, иштетпей кыйнай баштаганда, нефти бизнесин бүтүндөй Өмүрбек Бабановго пулдап кутулат. Каарманыбыздын бизнеси, негизинен, соода-сатыкка байланыштуу болуп келген болсо, акыркы учурларда тейлөө, кызмат көрсөтүү бизнесине ыктап, ал жактан өзүн сынап жүрөт. Шаарда курулган көп кабаттуу үйлөрдүн бир тобун анын курулуш компаниясы тургузуп келет. Ал эми Бишкектин чок ортосундагы ири “Жыргал” мончосу дал ушул байкебиздики экенин баары эле биле бербесе керек.

Компьютерден акча жасаган Султанов
Өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп жатып, “шайлоо фондуна керектүү 50 млн сомду табыш мен үчүн кеп эмес” деген Жогорку Кеңештин атажуртчу депутаты, учурда “Бир бол” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын “мозговой центри” катары сыпатталып келаткан Марат Султанов да – өлкөдөгү капчыктуулардын бири. Марат мырза бизнеси эмнеге байланыштуу экендигин ачык айта бербейт. Кесиби боюнча электроникага жакын болгондуктан, компьютерди мыкты түшүнгөн жайы бар. Союз тарап, компьютерлештирүү доору келатканын туя билген Марат Султанов иниси Омар менен 90-жылдардын башында Россиядан компьютер жабдыктарын алып келип пулдап, чоң капитал топтогон. Компьютерлерди сатып эле тим болбостон, бир катар мамлекеттик органдарды компьютерлештирип да берген. Алардын ичинде Ак үй да бар. Ушул жагынан туңгуч ажо Акаевдин көзүнө илинип, аны Улуттук банктын төрагасы кылып дайындайт. Бул жерден Султановдун саясаттагы карьерасы башталган.

Дарыдан агарып-көгөргөн вице-премьер
Кыргызстанды ири көлөмдөгү дары- дармектер менен камсыз кылгандардын бири, социалдык маселелер боюнча өкмөттүн вице-премьери Дамира Ниязалиева – кезиндеги чоң ишкер. Депутаттыкка бизнестен келген. Анын бизнестеги жолунун башталуусу көптөрдүкү сыяктуу эле Союз таркагандан кийинки мезгилге туш келет. Ошондогу башкалар сымал Дамира айым да челнокчулук кылган. Италия, Испания, Кытай сыяктуу өлкөлөргө каттап, ошол убакта “импортный” делген кийим-кечектердин түрүн алып келип, кыргыз элине пулдап турган. Өзү контейнерде азыраак убакытка эле турганы болбосо, калган учурда дүңүнөн өткөрүп ийип, кайра эле товарга “кайдасың Европа?” деп зуу койчу экен. Кесиби фармацевт болгондуктанбы, 95-жылы дары-дармек бизнесине өтөт. Алгач дары-дармектерди базарларда ачык абада эле пулдап жүрсө, ити чөп жеген сайын дарыканалардын бир нече түйүнүн ачкан. Депутаттыкка келгени, бизнесин жакындарына өткөрүп берген. Айтымда, улуу кызы жүргүзөт дешет. Дамира айым болсо сырттан гана акчаны эсептеп, кирешенин эсебин алып турат.

Заводду талап-тоноп…
Кыргызстандагы ири бизнесмендердин бир тобу Союз кулагандан кийинки приватизация дегендин шарданы менен байыгандар экени жашыруун деле эмес. Бизнестери өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан ишкер, ЖКнын мурдагы төрагасы, 2010-жылдан бери дайынын таптырбай кеткен Айтибай Тагаев да – ошондойлордун бири. Эгемендиктин алгачкы жылдарында Кызыл-Кыядагы кирпич заводун жетектеп тургандыгынан пайдаланып, сатчусун сатып, алчусун алып, ири капиталга ээ болуп алган экен. Кирпич заводдун кыйроосуна Айтибай мырзанын “салымы” аз эмес экендигин айтышат билгендер. Приватизация процессинен тапкан акчасын кийинчерээк бизнеске жумшап, ишин илгерилетип, бизнесменге айланып кеткен. Анын Ош тарапта кафелери, кызмат көрсөтүүчү жайлары, бир канча кыймылсыз мүлктөрү бар. Баткендеги көмүр, таш карьерлеринде көмүр, курулушка пайдаланчу таштарды өндүрүп сатып да чоң киреше табат.

Тамак-аш, туризм бизнесинин “атасы”
“Боёкчу, боёкчу десе, сакалын кошо боёптур” дегендей, туризм тармагындагы чиновник болуп турганда Кыргызстанды Санта Клаустардын мекенине айланткысы келген ишкер Турусбек Мамашевди билбеген адам аз болсо керек. Туризм тармагына жөн жерден аткаминер болуп калган эмес. Анткени Турусбек мырза бизнесин дал ушул тармакта баштап, ошондон чоң ишкерге айланган. Тагыраак айтканда, Кыргызстан эгемендикке келгендин алгачкы жылдарында фирма ачып, сырттан туристтерди чакырып, келген туристтерди Кыргызстандын кооз, ажайып жерлери менен тааныштырып, алардын акчаларын кагып алып, жолуна салып, узатып турган. Ошентип жүрүп олтуруп, бизнесин кеңейтүүгө өтөт. “Авиа агенттик” ачып иштетти. Тейлөө, кызмат көрсөтүү тармактарында өзүн сынады. Кийинчерээк тамак-аш, кызмат көрсөтүү бизнесине биротоло ооп кеткен. Атагы алыска кеткен “Дасмия” көп тармактуу компаниясы Турусбек мырзаны биротоло бутуна тургузду десек болот. Азыр “Дасмия” дегенде Мамашев, Мамашев дегенде “Дасмия” эске келет. Бизнестеги визиттик карточкасына айланган.

Мирбек Нарынбеков