Кенже ДҮЙШЕЕВА, ырчы: «Жазга болгон кусалык кадимкидей байкалат»

Kenje 1– Кенже айым, жаз мезгили сизге кандай таасир берип атат?
– Ар бир чыгармачыл инсанга жаратылышта болуп жаткан ар бир кубулуштарга жараша эргүү келет. Мен бул нерсени өтө жакшы билем. Маселен, менде чыгармачылыкка болгон эргүү жаз мезгилинде башталат. Жазга болгон кусалык кадимкидей байкалат. Ѳзүм жазды кандай сагынып, кандай күткөн болсом, менин ырларым да ошондой сагынат. Чыгармачылыгымдагы чарчабаган убакыт жазда башталат. Менин жолдошум да, кызым да жаз мезгилин жакшы көрөт.

– Кызыңыздын кылыктары чыгып чоңоюп калса керек? Кимиңерге окшош?
Kenje 3– Кызыбыз Томириска үч жарым жашта. Негизинен балага эң күчтүү ген энеден берилет деп коюшат. Бирок, жолдошум экөөбүз бир топ жашка келип калган  учурда балалуу болгондуктанбы, кызым менен сүйлөшүп жатканда өзүмдү чоң адам менен сүйлөшүп аткандай сезем. Мисалы, атасы же мен бир жакка кетип атсам «жакшы баргыла» деп узатат. Сырткы келбети атасынын эле көчүрмөсү. Мүнөзү деле атасынын мүнөзүнө окшош деп айтам. Анткени, мен шарт-шурт жүрүп, болгонун болгондой бетке айткан адаммын да. Эми кандай төрөлгөн болсом ошондой өлөм да (күлүп). Мага бардык нерседен да чындык жакыныраак. Бул менин канымдагы нерсе. Мына ушул нерсени кызымдан көп издеп калам. Атасы аябай сыпаа, жумшак, акырын айтып бирөөнүн көңүлүн оорутпаган адам. Жолдошума кээде тамашалап «Эми мен өзүмө окшош эркек бала төрөшүм керек» деп күлүп калам.

– Экинчи балалуу болууну пландап жатсаңыздар керек?
– Көпчүлүк «Кенже чыгармачылыкты биринчи орунга, үй-бүлөнү экинчи орунга коюп атат деп ойлошу ыктымал. Мен мындай ойдо эмесмин. Себеби, мен өзүм он балалуу үй-бүлөдө чоңойгондуктан, көп бала-чакалуу болсом дейм. Эми Алланын буюрганы да.

– Кызыңыз чыгармачыл инсан болуп калса эмне кыласыз?
– Кыргызда «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» дейт эмеспи. Эгерде Алла Тааладан берилген чыныгы таланты болсо, анда биз чыгармачылыгын колдойбуз. А эгерде билим жаатын тандай турган болсо, бул да жакшы нерсе. Себеби, кызыбыз Томириска азыртан ар түрдүү китептерге болгон кызыгуусу күч. Маселен, эч нерсеге шыгы болбосо, анда бары-жогун жыйнаштырып коюп татынакай үй-бүлө куруп жашаса, мага ошол жетиштүү. Баардык нерсени убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси Кудайым ден-соолугун берип, жакшы адам болуп чоңойсун.

Kenje  2– Кош бойлуу кезиңизде эмнеге талгак болдуңуз?
– Томирискам боюмда барда эмнегедир бананды көбүрөөк жедим. Андан сырткары бадыраң, помидор, дарбыз сыяктуу жер-жемиштерге көбүрөөк басым жасадым. Анан эле жер-жемиштей таттуу кыздуу болдум.

– Алматыга кайын-журтуңузга тез-тез каттап турасызбы? Эки ортодо жүрүү кыйынчылык жаратса керек?
– Жок, ал нерсе мага кыйынчылык жарата албайт. Буга чейин кичине оордукту жаратчу деп айта алам. Анткени, дайыма мамам-кайненем менин жанымда жүрчү. Ал киши да ооруп, жети ай болуп калды көзү өтүп кеткенине. Жаз айларында «Кенже эже, эмнеге көрүнбөй калдыңыз?» деген суроолор болду. Ошол убакта кайненем менен алышып, ал киши менен дайыма чогуу болдум. Ал кишинин көзү өтүп кеткенден кийин эки айга чейин өзүмө келе албай жаман болуп жүрдүм. Адам тытынып, баардык нерсеге чуркаганы менен көз жаздымда адамдын көрчү күнү, өмүрү бүтүп калаарын негедир элес албаптырмын. Кайненемдин кыркы өткөнгө чейин Алматыдан бул жакка келбестен, жолдошумдун жанында болдум. Себеби, эне-атаны жоготуш да бир топ эле кыйын да. Ыраматылык кайненем: «Менин Кенжем «метеорит», бир заматта эле тамагымды даярдап, жуунтуп-кийинтип коет» деп калчу. Аны менен катар эле «Жебе» тобунун балдары да «Кенже эже бир заматта эле Алматыга барып, кайра бат эле келип калат» деп тамашалап калышат. Албетте, Алматыдан Кыргызстанга келе албай калган бир мезгилдер келет. Анткени, бала-чака чоңойгондон кийин алардын окуу-жайы бар, аларды караш керек. Башкача айтканда, түйшүк көбөйөт. Мен аялмын да. А мага баардык нерседен үй-бүлөм биринчи орунда турат. Мына ошонун баардыгына жетишип, колум бошоп калган учурда чыгармачылыгым менен алекмин.

Kenje 4– Айрымдар «Кенже жолдошу менен ажырашып кетип топ түзүптүр» деп да айтып жүрүшпөдүбү…
– Мен эмне деген ушак сөздөрдү укпадым. Бир учурларда «Кенже жолдошу менен ажырашып келип балдардын тобун ачты» деп да айтышты. Маселен, өзү жасай албайт да, жасаган адамдарды көрө албаган адамдар бар. Ѳзү ошол нерсеге жете албайт да, жеткен адамдардын ийгилигин көрө албайт. Бизде, кыргыздарда бирөөнүн ийгилигин мактоо дагы бир топ оор. Бул кыргыздын бүгүнкү күндөгү чоң көйгөйү. Сөзсүз түрдө күйөөм менен ажырашып, анан топ ачыш керекпи? Адамдын жүрүм-турумунан, коомдогу адамдардын сага жасап жаткан мамилесинен ким экени билинет. Менин чыгармачылыгыма жыйырма жыл болсо да ушул убакка чейин бир адам келип мага оңтойсуз суроо берген жок. Себеби, бул сенин жүрүм-турумуңа көз каранды. Мисалы, «Жебе» тобунун балдарынын тартибинен эле менин кандай адам, кандай жетекчи экенимди байкап койсо болот. Себеби, жетекчи кандай болсо, топ да ошондой болот.

– Жездебиз кызганган учурлар деле болсо керек?
– Жездеңерге салыштырмалуу мен аябай кызганчаакмын. Кээде кызганычты ойлоп тапкан адам мен болсом керек деп ойлоп калам. Себеби, Талгат обу жок эле кызганып, жаман-жакшы сөз айтып менин көңүлүмдү ооруткан адам эмес. Баш кошконубузга 24-апрелде беш жыл болду. Бул жылдардын аралыгында жолдошум менин көңүлүмдү оорутуп, катуу айткан жок. Мурда баш кошкон күнүбүздү экөөбүз эле белгилеп келсек, эми үчөөбүз белгилейбиз. Адамды кызганыш үчүн сөзсүз түрдө себеп болуш керек. Маселен, менин ар бир сүйлөшкөн адамдарымдын баардыгын жолдошум билет. Жездеңер мага ишенгендиктен, мени кызганбаса керек деп ойлойм. Ал кээде тамашалап: «Сен менин досумсуң, сүйгөн адамымсың, уюштургучсуң. Дегиле сен баардыгысың го» деп айтат. Анын сыңарындай жолдошумдун мага жаккан сөзү «сен менин жашоомдогу эң жакын ишенген досумсуң» деп айтканы. Бул сөзү мага абдан жагат. Себеби, мен жашоодо достон да өксүгөн адаммын. Бүгүн кимдир бирөөгө көкүрөгүңдү ачкан болсоң, эртең ал сага душман болуп чыга келет. Ошол үчүн ак -караны ылгап, досту, тууганды салмактап, иргеп билип калган учур болот экен. Бирок, мен жолдошума ыйлап, эркелеп алышым ыктымал.

– Айрым учурларда жолдошуңуз менен «сен казак, мен кыргыз» деп кайым айтышып кеткен учурлар болобу?
– Жок, биз үчүн бул нерсе жат көрүнүш. Биздин үй-бүлөдө андай нерсе жашабайт. Себеби, менин кайнатам дагы биздин элдин үрп-адатын жакшы билип, биздин элди сүйгөн киши. Ал «меймандостук жагынан кыргызга жеткен калк жок» деп айтат. Мисалы, жолдошум деле Бишкекти аябай жакшы көрөт. Мага караганда Ошко тууган-уруктарыбызга жездең көбүрөөк баргысы келет. Айылга барып баары менен учурашып келгенди жакшы көрөт. Бирок, мен деле Алматыны кадимкидей сагынып турам. Барган жерде кыргызча эле сүйлөйм.

– Жолдошуңуздун кайсы сапатын баалайсыз? Сизге жакпаган да сапаттары болсо керек?
– Ишенесиңби, эгерде адамды сүйүп, жан дилим менен жактырып, ошол адамды бааласаң – адамдын жакпаган сапаты көрүнбөйт жана болбойт. Мен үчүн жездеңдин телегейи тегиз деп айтам. Кээде көз тийип кетпесе экен деп жолдошум жөнүндө бир нерсе айткандан тартынам. Мурда турмушка чыга элек мезгилимде жаным кыйналып кеткен учурда «мени түшүнгөн, көңүлүмө төп келген адам туш келсе экен» деп тилейт элем. Мен жараткандан кандай өмүрлүк жолдошту тилеген болсом, мени дал ошондой адамга туш кылды. Көз тийбесин!

Кымбат Турдубекова