Өкмөт «Мегаком” уюлдук компаниясын сатыкка коюуну сунуштады. Сиз колдойсузбу?

megacomӨкмөт “Мегаком” уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” ЖАКсын сатууну сунуштады. Бул тууралуу мурдагы күнкү өкмөт жыйынында Экономика министри Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, “Альфа Телеком” ЖАКсын өкмөт пайдалуу баада сатышы мүмкүн. “Мегаком” компаниясы 2015-2017-жылдардагы менчиктештириле турган объектилердин катарына кирди. Эми бул тизмедеги объектилердин тагдыры парламенттин кароосуна коюлат. Министрдин айтымында, эгерде парламент компанияны сатууну жактырса, анда аукционго коюлат, азырынча баасы белгилене элек. Сиз бул сунушту колдойсузбу?

Темир Сариев, Өкмөт башчы: “Мегаком” атаандаштыкка туруштук бере албай, чыгымдары көп компанияга айланып калышы мүмкүн”
– Коомчулук эмне үчүн “Мегакомду” сатканы жатышат?” деген суроону бериши мүмкүн. Компаниянын кирешеси чоң. Бирок мамлекет көптөгөн төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин компаниянын өнүгүүсү үчүн аз гана каражат калтырып коюп жатат. Эгер мындай нерсе улана берсе, анда “Мегаком” атаандаштыкка туруштук бере албай, чыгымдары көп компанияга айланып калышы мүмкүн. Ошон үчүн компанияны өкмөт сатыкка коюп жатат.  Аны менен катар эле жакында санариптик телевидениеге өткөндө, толкундар бошоп калат. Ошол толкундарды биз аукционго кое баштайбыз. Көпчүлүгүнүн 4Gга өткөнгө мүмкүнчүлүгү болот. Ошондуктан, Мамлекеттик байланыш агенттиги бул маселени карап чыгышы керек. Кыргызстандын бардык аймактарын байланыш менен камсыз кылуу үчүн учурда бардык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Айрым жерлерде байланыш жетпеген “ак тактар” бар. Көрсөтүлгөн байланыш кызматтарынын деңгээли жогору болуп, бардык аймактарда Wi-Fi  болушу керек».

Эмил Υмөталиев, «Кыргызконсепт» ишканасынын жетекчиси: “Россия тарапка сатылышы ыктымал”
-Ɵкмөттүн кандай эсеп, логика менен мындай чечимге келгенин так айтыш кыйын. Компания сатылгандан көрө менчиктештирилгени максатка ылайыктуу болмок.  Менимче, компания ачык аукцион аркылуу сатылбай, көмүскө жол менен саясий чечимдин негизинде сатканы жатышат.  Аукцион өткөрүлүп, ачык сатылып атканын шардана кылган учурда да «Мегакомдун» жаңы кожоюну алдын-ала сүйлөшүлүп, аныкталып калган адам болорунан шек санабайм. Бул жолу да мурдагыдай эле бир колго, Россия тарапка сатылышы толук ыктымал.

Бакыт Бакетаев, серепчи: “Коомчулук колдобойт”
-Бул чечимди эл, коомчулук колдобойт. Анткени чечимдин өзү эч бир акылга сыйбайт, сатууга эч кандай негиз жок болчу. Кирешелүү ишкана катары бюджеттин бир бучкагын толтуруп, кыргыз өкмөтүнүн оорун колдон, жеңилин жерден алып, ийгиликтүү иштеп жатпайбы. Ɵкмөттө  менеджер катары компанияны туура иштетип, кирешесин мындан да арттырганга толук мүмкүнчүлүк бар. Кандай жол менен сатылат, ачык сатылабы, жең-ичинен сүйлөшүүлөр жүрөбү, ал  өзүнчө чоң маселе. Сатылгандан кийин ар кандай соттук иштер башталып,  ал узак жылдарга уланышы ыктымал. Ушунун кереги бар беле?  Мында  жыландын башы башка жактан кылтыйып атпайбы. Жогору жактагы саналуу адамдар компанияны  сатуу менен ири суммадагы «откатка»  ээ болууну көздөшүүдө. Саясий маселе эмес, финансылык кызыкчылыктар  ишкананы  сатууга түртүүдө.  Мени айтты дейсиңер, эгерде сатып ийишсе, компанияны сатуу туура эмес болгонун моюндаган учур келет.

Тынычбек Табылдиев, мурдагы вице-премьер, коомдук ишмер: “Өкмөт жоопкерчиликтен качып жатат”
– «Мегаком» ишканасынын иши жакшы болбой, кирешеси түшүп жаткан болсо да башка кеп эле. «Мегаком» өлкөдөгү эң кирешелүү ишканалардын бири болуп эсептелет. Компанияны сатууга эч кандай негизди көрө албай койдум. Бул биздин өкмөттүн мамлекеттин алдындагы жоопкерчиликтен качуу аракети. Ишканаларды натыйжалуу иштетип, жумушчу орундарын  түзүү, бюджетке киреше түшүрүү  жоопкерчилигин алгандан көрө сатып коюп, ал жерден чоң акча өөнөп калуу алардын кызыкчылык, максаттарына туура келет.  «Мегакомдун» сатылуусу жөнүндө сөз кылган Экономика министри Олег Панкратов ИДПнын көлөмү түшүп атканын айтып, ага кошуна өлкөлөрдү күнөөлөгөндөй сүйлөдү.

Досалы Эсеналиев, «Бир Бол» саясий партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы: “Мамлекет күчтүү менеджерлерди алып келсе”
– “Мегаком” – азыр эң бир киреше берип жаткан ишканалардын бири. Албетте,  өкмөт  эптеп  эле сатып, бюджетке акча түшүрүүнү ойлоп жатат. Эгерде дагы бир башка жеке максаттар жок болсо. Бирок сатууга шашпай, кайра кирешени көп бергенге аракеттерди көрбөйбү. Мисалы,  атайын менеджерлердин  командасына  белгилүү  мөөнөткө өткөрүп берип, кирешени 50%га  көбөйтөсүңөр деген тапшырма коюлса болот эле. Мындай мисалдар толтура.  Бюджетке стабилдүү акча берип турган үлгүлүү мамлекеттик ишкана кылууга эмне үчүн болбосун?

Ɵмүрбек Абдрахманов, Жогорку Кеңештин  депутаты: “Жайына коюш керек”
– Азыр Мегаком – толугу менен мамлекеттик ишкана. “Мегаком” компаниясынын жылына тапкан пайдасы 30-50 млн доллар болуп эсептелет. Азыр экономика оор абалда.  Дордой базары 80 % иши жок калды. Мигранттардан келген акча 40%га  азайды. Инвесторлордун салган акчасынын  40%ы  кетип калды. Экспорт жокко эсе. Сариев 4 жыл экономика министри болду. Бирок антикризистик программа жарата алган жок. Азыр премьер-министр болду. “Мегакомду” сатып бюджеттин жыртыгын бүтөп, экономика мыкты өнүгүп жатат деген алдамчы  пиар менен элди алдагысы келип жатат.  Эгер чын эле приватизация кыла турган болсок, биринчи иретте банкрот абалында турган “Кыргызтелекомду”, “Кыргызалтынды”, “Кыргызкөмүрдү”, “Учкунду” ж. б.  пайдасыз иштеген малекеттик ишканалардан башташы керек эле… Мыкты иштеп, мамлекетке зор пайда берип турган  ишкананы жайына коюш керек.

Сөз аягы
Эгерде бул компанияны мамлекет сата турган болсо, Сариев мырза айткандай, атаандаштыкка туруштук бере албай калган абалга жеткирбей сатышы керек. Сатпай турган чечим кабыл алса, анда башкаруудагы бир топ мүчүлүштүктөрдү оңдошу кажет. Анткени, бул компанияда майда-барат кагаз, кеңсе буюмдарын сатып алса дагы тендер өткөрүү керек. Ири телекоммуникациялык компаниялар үчүн тендер – бул бут тосуу. Тез аранын ичинде жасап кое турган иштердин баары тендердин айынан аксап келе жатат деген пикирлер бар. Анан дагы өкмөт “Мегакомду” саан уйдай эле, бюджетке акчасын болушунча алып коюп, анын өнүгүүсүнө каражат калтырбаса, анда, эртеңки күнү чынында эле башка жеке менчик компаниялар озуп кетиши мүмкүн. Анан эле “Мегаком” “Кател” менен “Фонекстин” кейпин кийип калбайт деп ким кепилдик берет?

Мирбек Нарынбеков