«Коррупциялык схеманы түзгөн Шаикова жоопко тартылсын»

Alina ShaikovaРедакциябызга КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жетекчиси Алина Шаикованын мыйзамсыз жана жетекчинин моралдык принциптерине жатпаган иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирип кайрылышкан. Анда эмесе, каттын мазмунуна назар салыӊыз.

Алина Шаикова мурдагы иштеген жеринде да мамлекеттик кызматтын тартиптерин бузгандыгы көрүнөт. Ал финансы министринин орун басары- казына директору кызматында (17. 09. 2012- 08.05. 2013) иштеп турганда финансы министри О. Лаврованын көрсөтмөсү боюнча андагы премьер-министр Ж. Сатыбалдиевдин буйругу менен мамлекттик органдардын эскертүүсү, коррупциялык белгилери жана иштеги кемчиликтери үчүн кызматынан алынган. 2004-2008-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун казына башчысы болуп турганда да коррупциялык схема түзүп, ага өзүнүн орун басары Э. Сатиевди да тарткан. Мында ири акча каражаттары жел фирмаларга которулуп, андан өздөрүнүн чөнтөктөрүнө түшүп турган. 2012-жылы Э. Сатиев УККнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалып, 11 жылга камалып кеткен. Ал эми коррупциялык схеманы түзгөндөрдүн анабашында турган Шаикова жоопкерчиликке тартылмак турсун, кызматынан жогорулап жатат.

Мурдагы премьер-министр И. Чудинов аркылуу “Инфо-система” мамлекеттик мекемесин түзүүгө жетишип, Борбордук казыналыкты автоматташтыруу шылтоосу менен мамлекеттин бюджетинин 0,1 пайызын которуп турууга өкмөттүн токтомун чыгартууга түрткү болгон.

2014-жылдын февраль айында Алина Шаикова “Ар-намыс” фракциясы жарыялаган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына болгон конкурска катышып, “0” балл алган. Фракция жетекчиси Ф. Кулов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасын тандоону премьер-министрдин өзүнө ыйгарган. Ж. Сатыбалдиев төраганы тандап алууга шашылган эмес. Ал эми премьер-министр Ж. Оторбаев 2014-жылдын 10-апрелинде Шаикованы Мамкаттоо кызматынын төрайымдыгына дайындаган.
Кызматка келгени менен Шаикова бул жактагы кемчиликтерди оңдоого шашылган жок, тескерисинче, эмгек жана кылмыш мыйзамына туура келбеген иштерди жасай баштаган. Өз ишин кадрдык тополоң менен баштап, мамлекеттик маанидеги биометрикалык документтерди чыгарууга жабдуу алуу үчүн соодага катыша турган катышуучулардын эсебинен дайыма чет өлкөлүк командировкаларда чардап жүргөн.

Эч кандай негизи жок туруп эле “Инфоком” мамишканасынын директору Б. Токсобаевди кызматтан кетирген. Токсобаев Сорбонн университетин аяктаган билимдүү жана креативдүү жетекчи, маалымат технологиясынын ийне-жибине чейин билет, чет тилдерди да өздөштүргөн, экономика илиминин доктору. Анын ордуна “Инфо-системада” өзү менен бирге иштешкен жакын санаалашы Т. Абдуллаеваны алып келген. Орун басары Элбира Теңизбаеваны да кызматтан алдырууга жетишкен. Элбира Теңизбаева – мамлекеттик каттоо кызматынын ардактуу кызматкери, 15 жылдан ашуун ушул системада иштеген. Теңизбаеванын ордуна Шаикованын көрсөтмөсү менен “Инфоком” системасынын кызматкери Дастан Догоев дайындалган. Бүгүнкү күнү “Инфо-системанын” кызматкерлери “”Инфоком” мамишканасына бүт эле келип жатат, Борбордук аппараттын штаты 40 кишиден 70 кишиге өстү.

Жакында эч кандай негизи жок эле Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору А. Дүйшалиев, Маалыматтык кызматтын адистештирилген борборунун директору Б. Жакыпбаев кызматтарынан кетирилди. Булар дагы – системанын мыкты кызматкерлери. Мамкаттоо кызматынын басма сөз катчысы Б. Секимовду бошотууга аракет кылууда. Финансы-экономика башкармалыгынын начальниги Б. Суюмбаевдин сары изине чөп салып жүрөт.

Калктан биометрикалык маалыматтарды жыйноого керектүү жабдуу боюнча тендерге катышуучулар менен мыйзамсыз байланышка барган. Мисалы, алардын эсебинен Эстония, Монголия, Россия, Швейцария, Франция, Таиландга барып келди. Бул командировкалардын баары тендерге катыша турган фирмалардын эсебинен ишке ашырылган.

2014-жылдын жай айларында Мамкаттоо кызматы калктан биометрикалык маалымат чогултуу боюнча жабдуу алуу боюнча тендер жарыялап, бир катар чет өлкөлүк фирмалар катышкан. Ал компаниялар ноутбук, фотоаппарат, сканер, планшет менен жабдышкан. Бул тендерди ишке ашырууда абдан орой, кылмыш жазасына тартылчу каталар кеткен, техникалык тапшырма бир да мамлекеттик орган менен макулдашылган эмес, техниканы азыраак акчага алып келчүлөр тандалып алынбай, чоң акчааларга алчулары тандалган. Натыйжада мамлекетке 40 млн 625 миң 550 сом зыян келген, алынып келине турган техника жергиликтүү мамстандарттан өткөн эмес. Маалыматтарды жыйноо коопсуздугу сакталган эмес.
Кыргызстандын бардык аймагында автоматташтырылган информация системасын “Инфосистема” мөөнөтүндө, так аткара алган эмес.
Биометрикалык жабдуу алууда мамлекеттик сатып алуулар боюнча 2 эксперт кызматка тартылып, аларга 250 миң сом “Инфоком” системасынан төлөнүп берилген. Ошол эле учурда “Инфоком” системасында сатып алуулар боюнча бөлүмдөр бар.

Тендерден жеңип алган “Гизеке жана Девриент” компаниясы менен Мамкызматтын ортосунда 3 881 511 АКШ долларына акты түзүлгөн. Бирок ушу күнгө чейин иш толугу менен аягына чыга элек.
Мамкаттоо кызматында коррупциялык схема улам күч алып баратат. ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча 2013- жылы бул кызматта 42 коррупциялык иш болсо, 2014-жылдын 9 айында 54, ал эми 11 айында 63 коррупциялык иш болгон. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматтын эч бир жетекчиси мындай мыйзамсыздыкка жол берген эмес.

Мамкаттоо мекемесинин кызматкерлери: Б. Жакыпбаев, Б. Карыбеков, К. Суюмбаев ж.б.