Койсун Курманалиеванын ордуна Кубат Болотканов барабы?

Kubat BolotkanovӨкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева өз каалоосу менен отставкага кеткенден бери анын орду бош турган. Азыр бул орунга эки талапкердин аты аталып жатат. Булар – КТРдин мурдагы жетекчисинин орун басары Кубат Болотканов менен Мамлекеттик мүлктү башкаруунун экс-жетекчиси Дайыр Кенекеев. Ишенимдүү булактарыбыздын маалыматына караганда, экөөнүн ичинен Кубат Болоткановго артыкчылыктар берилип жатат. Ал буга чейин “Республика” партиясынын өкүлү болуп келген. Бирок партиядагы ички таарынычтардан улам алардын катарынан чыгууга камынып жүрөт.

ПК-пресс