Кожобек РЫСПАЕВ, ЖКнын депутаты: «Келинчегим экөөбүз ажырашабыз деген күндөр да болгон”

Жогорку Кеңештин активдүү депутаттарынын бири Кожобек Рыспаев. Ал Ооган согушуна катышып келген адам катары белгилүү. Анан да анекдотту катыра айтканын журналисттер айтып жүрүшөт.

Kojobek R. 1– Кожобек мырза, канчанчы жылы үй-бүлө күттүңүз? – Эсимде, «Аламүдүн» базарынын жанында жакшы тамак жасаган жер бар эле. Студенттик кезде курсагыбыз ача калганда эле балдар менен ошол жерге барып тамак жечүбүз. Келинчегим ал жерде ашпозчу болуп иштечү. Экөөбүз мына ошол жерден таанышып, бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Ал кезде кыздарга катуу айтып, алардын көңүлүн оорутуу деген нерсе болгон эмес да. Биз ээрчишип алып киного көп барар элек. Мына ошентип жүрүп 1985-жылы баш коштук. Жеңеңердин тамагын сүйүп үйлөндүм. Келинчегимдин ата-энеси эрте кайтыш болуп кеткендиктен башынан жетимдикти да, кыйынчылыкты да өткөрдү. Биз баш кошкон жылдан тарта анын атасы да, күйөөсү да менмин. Азыр үч баланын сүйүктүү ата-энесибиз. Улуу уулум үй-бүлө күтүп, бизди Байзак аттуу неберелүү кылып сүйүнттү.

Kojobek 3– Балдарыңыз төрөлгөндө жубайыңызга эмне белек бердиңиз? – Жеңеңерге белек көп эле берем. Кайсы бирин айтайын (күлүп). Негизи мен үй-бүлөмдөн эч нерсе аяган жан эмесмин. Ким эмнени кааласа, анын баардыгы менен камсыз кылууга аракет кылам.

– Үйдө чыр-чатакты ким көп чыгарат? Казан-аяк кагышпай койбосо керек? – Келинчегим экөөбүздүн баш кошконубузга отуз жыл болуп калды. Отуз жылдын ичинде эмнелер гана болгон жок. Бул да болсо өзүнчө Kojobek 4бир тарых да. Биз баш кошкондон кийин үч жыл бири-бирибизге катуу сөз айткан жокпуз. Андан кийин пикир келишпестиктен улам казан-аяк кагышып, какус-кыкыс болгон күндөр көп эле кездешти. Казан-аяк кагышып эле тим болбостон, ажырашабыз деген да күндөр болгон. Бирок, кандай болгон күндө да жубайым экөөбүз бири-бирибизди түшүнүп, кол кармашып бирге түтүн булатып келе жатабыз. Бир үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк сөзсүз кагышат да. Менимче, «Биздин үй-бүлөдө эч качан чыр-чатак болбойт» деген чанда эле үй-бүлө бар болуш керек.

Kojobek R. 2– Жеңебиздин кайсы сапатын койдура албай убарасыз? – Менимче, баардык эле сапаты жакшы. Баса, эркектей болгон айрым сапаттары бар. Мисалы, биз үйдөн бир нерсеге таарыныша кетсек, мен тез эле жазылып кетем. Ал болсо көпкө чейин жазылбай жүрө берет. Акыры бир нерседен бир нерсе болуп кантип сүйлөп калганын өзү да түшүнбөй калат.

– Калп айтып кармалып калган учурларыңыз болгонбу? – Жок, мен өмүрүмдө калп айткан адам эмесмин. «Калптын казаны кайнабайт» дегендей калп айткыча болгонун болгондой айткан туура деп билем.

– Аялыңыз ашпозчу болсо анда тамакты катыра жасайт турбайбы? – Ооба, анын ар бир жасаган тамагын балдарым менен биргеликте тамшанып жейбиз. Айрым учурда келинчегим ары-бери басып жүрүп эле бир заматта тамакты даяр кылып коет (күлүп). Кээде балдарым болуп «биздин мамабыз тамакты мыкты жасайт» деп мактанып калабыз.– «Эч убакта чыдамдуулугуңду жоготпо, бул ачыла турган эшиктин эң акыркы ачкычы» деген сөз бар. Сиз чыдамдуусузбу?

– Биз 1981-1983-жылдар аралыгында Афганистанда аскердик кызмат өтөдүк. Ал жерде башыбыздан кандай гана кыйынчылыктар өткөн жок. Акыры ошонун баардыгын жеңе билдик. Мен ошондон улам өзүмдү чыдамдуу адамдардын катарына кошом.

Kojobek 5– “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” эмеспи, эл алдында сөзүңүздөн жаңылыштык кетирген учур болду беле? – Мурда жаштык-мастык кылып жаңылган учурлар көп эле болгон. Маселен, эл адамы болгон соң эл алдына чыкканда ар бир сөзүңдү байкап сүйлөп, жүрүм-турумуңду да оңдогонго да аракет кыласың.

– Акыркы жолу байпагыңызды качан жуудуңуз эле? – Аскерде кызмат өтөп жүргөндө өзүбүздүн байпагыбызды өзүбүз эле жууп алчубуз. Кийин, үй-бүлөлүү болгондо деле жеңеңер сыркоолоп, же бошобой калса өзүмдүн көйнөгүмдү өзүм эле үтүктөп кийип алып жүрдүм. Азыр деле айрым учурларда көйнөгүмдү үтүктөп калам. Башка эркектерге салыштырмалуу менде бул аялдын иши, бул эркектин иши деп бөлгөн нерсе жок.

– Эркектерге тийиштүү жумуштарга кандайсыз? – Эркектерге тийиштүү делген иштерден мык каккандан тарта айнек кескенге чейин жасайм. Биздин балалыгыбыз чөп чаап, мык кагуу менен өттү да.

Кымбат Турдубекова