“Кумтөр”: Көшөгөнүн артындагы оюндар

KumtorЧубактын кунундай созулуп, чечилбей келаткан “Кумтөр” маселеси боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаев “биргелешкен компания түзүү да, улутташтыруу да мүмкүн эмес, ишеним көрсөтсөңөр мен үчүнчү жол менен чечем” деген кескин билдирүү менен чыкты.

Буга чейин өкмөт 50:50 пайыз менен биргелешкен ишкана түзүү жагын сунуштап келген. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүн эмес, себеби канадалыктар “Кумтөрдөгү” алтын запасын белгиленгенден аз көрсөтүүдө, иш жүзүндө да ошондой, бул вариант бизге пайдасыз деди. Өкмөттүн азыркы позициясы чет өлкөлүк 7 кишини акционерлер катарына сунуштап, “Центеррадагы” директорлор кеңешинин курамын өзгөртүүгө баруу. Буга мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Дүйшөн Ирсалиев каршы чыгып, кызматынан кетирилди. “Кыргызалтын” жетекчиси Токон Мамытов да премьер менен макул болбой, отставкага кетти. “Кумтөр” маселеси туңгуюкка кептелди. Парламент өкмөткө 15-майга чейин бул маселени бир жаңсыл кылууга убакыт берди.
“Центерранын” акционерлери 8-майда Директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлашары айтылууда. Директорлор кеңешиндеги 11 кишинин 7 кишисин премьер-министр Кыргызстан сунуштаса боло тургандыгын жана алар аркылуу өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого болорун билдирүүдө. Азыркы учурдагы курамда Кыргызстандан Эмил Орозбаев, Калинур Садыров, Кылычбек Шакиров бар. Жаңы составга Лорд Кланвильям (Улуу Британия), Мартин Грэхем (Улуу Британия), Боб Букан (Канада), Питер Холодный (АКШ), Павел Скитович (АКШ), Дияр Канашев (Казакстан), Мария Черновалова (Казакстан) сунуш кылынууда.
Оторбаевге түшкөн сунуш боюнча “Центерранын” Директорлор кеңешине 7 адамды сунуштап, алар аркылуу акция алып, Аткинсон сыяктуу жетекчилердин таасирин төмөндөтүү аркылуу максатка жетүү. Аталган кишилер майда акционер болгондуктан, компанияны башкарууга катыша алышпайт. Эгер буларга Кыргызстандын атынан чыгууга ишеним көрсөтүлсө гана башкарууга катыша алышат. Ал эми Кыргызстандын “Центеррада” 33 пайыз акциясы бар.
joomart-otorbaevЖоомарт Оторбаев, КР Премьер-министри: “Биздин өкмөткө “Кумтөр” маселесин чечүү тагдыры буюрган”
-Азыр “Кумтөрдөн” түшчү акча каражаты 742 миң сомго кыскарып калганы көрүндү. Мурда болжолдуу айтылган алтын запасы да бир кыйла азайып жатат. Ошол себептен мурда сунуш кылынып жаткан 50:50 катышы менен биргелешкен ишкана түзүү жагы биз үчүн пайдасыз болуп калды. Биргелешкен ишкана түзүүдө “Центерра” бизге бир кыйла ыңгайсыз сунуштарды билдирип жатат. 30-мартта чет өлкөлүк эки ири адистен кат келип түштү. Алардын ою боюнча “Центерра” начар иштеп жаткандыктан, “Центерранын” Директорлор кеңешинин курамын өзгөртүү боюнча сунушун билдиришкен. Директорлор кеңешинде эл аралык статусу бар көз карандысыз талапкерлер биз менен бирге иштешкиси келет. Азыркы өкмөттүн позициясы – “Центеррадагы” Директорлор кеңешинин курамын өзгөртүүгө баруу. Жогорудагы адистер – финансы жана тоо-кен сектору боюнча адистешкен, башкаруу тажрыйбасы бар талапкерлер. Биз Кыргызстандын гана кызыкчылыгын эмес, бардык акционерлердин кызыкчылыгын коргоого көз карандысыз директорлорду сунуш кылып жатабыз. Булар Кыргызстанга чакырылды. Аларды жеке өзүм тааныбайм, келгенде таанышабыз.
TekebaevӨмүрбек Текебаев: “Кумтөрдү” эмес, “Центерраны” басып албайлыбы?!»
-Биринчи жолу кыргыз премьери Аткинсонго каршы чыгам деп жатат. Аткинсон: “50:50 кылам десеңер, кылмыш жообуна тартам дегенди токтоткула, бизди кечиргиле, 500 млн кем эмес экологияга зыян келтирген деген доодон баш тарткыла” деп жатат. Алар бизге 56 пайыз эмес, 46 пайыз беребиз дешет. Ага кол койгон кылмышка тете деп жүз жолу айтып олтурабыз.
Жанагылар биригип, 18-20 пайызды сатып алалы деп жатат. Эгерде Директорлор кеңешин алмаштырсак, мен муну колдобойм, бул убактылуу нерсе. Бирок бизде башка арга жок.
Жоомарт Кайыпович айткан вариант 50:50 нү дагы, улутташтырууну дагы жокко чыгара албайт.
Улутташтыруу деген басып алат деген сөз. Биз “Кумтөрду басып албайлы. Биз “Центерраны” басып албайлыбы дейт. Алар сунуштаган 200 млн долларга 18-20 пайызды сатып алса болот. Сатып алардан мурун Директорлор кеңешиндеги душмандарды жоготуп, ошону сатып алсак, 51 пайызы бизде болот деп жатат.
Бир жылдын ичинде Улуттук банк 600 млн долларды сомду кармайбыз деп таратып берди. Эгер былтыр сатып алганда, ошол алтындын эсебинен сомубузду кармабайт элек. 400 миллион болбосо дагы 150 млн доллар чөнтөгүбүздө калат эле.
“Кумтөрдүн” акцияларын сатып алыш үчүн Өкмөт эмнелерге гана барган жок, Келдибеков дарыланып келсин” деген токтомду кабыл алдык. Ошону жанагы мыйзамга алмаштырдык. Бирок Өкмөт муну жасаган жок.
D. IrsalievДүйшөн Ирсалиев, КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун экс- башчысы: “Эл алдында күнөөлүү болгуча, кызматымдан айрылайын”
-Биздин фонд ушул тизмени башынан баштап эле бекиткиси келген эмес. Бирок премьер Оторбаевдин жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүнөн кийин баш ийдим. Бирок юристтер менен кеңешип, УКМКдан маалыматтарды алгандан кийин ал кишилердин чоо-жайын толук иликтеп көрөлү деп, ал тизмени кайра кайтарып алдым.
Мен бул чет элдиктер Кыргызстандын кызыкчылыгын коргорунан күмөнүм бар. Ошондуктан алардын тизмесин берүүдөн баш тарттым. Балким, алар жакшы кишилер болушу мүмкүн, бирок… Булар ар кайсы мамлекеттерден болсо дагы, бир компанияларда иштешкен экен, алар балким кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп кетиши да мүмкүн. Ошол себептен бул маселени жакшылап иликтеп көрөлү деп айттым. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин ушул маселеге өтө кызыкдар болуп жатканы кооптондурду. Акыркы убакта ал өзү “Кыргызалтынга” келип, бул тизмени “Центеррага” жиберүү тууралуу өтүнгөнү болду.
Бул тизмени колдоп кой деп Оторбаев артыман үч күн жүрдү, чакырып, өтүнүп, коркутуп, СМС жөнөтүп жатты. Анан мени ооруканага жатып ал, командировкага кетип кал, орун басарың кол коюп койсун деп суранды. 8-апрелде мени бир айга ордуман жылдырышканда, менин орун басарым Абдыбеков да өз каалоосу менен арыз жазып кетип калды. Ал дагы жоопкерчиликти алган эмес окшойт. Командирлер солдатка элди атууга буйрук бергенде да алар ойлонушу керек. Эл алдында күнөөлүү болгуча, кызматымдан айрылайын дедим.
Tokon MamytovТокон Мамытов, “Кыргызалтындын” экс- башчысы: “Кумтөр” маселесин кыргызга күйгөндөр чечиши керек”
-“Кумтөр” маселеси боюнча менин позициям “Центерранын” директорлор кеңешине сунуш кылынып жаткан чет өлкөлүк 7 киши боюнча карама-каршы келди. Мен “Кумтөр” маселесин Кыргызстандын жарандары жана патриоттору чечиши керек” деп эсептейм. Мамлекеттин тагдырын чет өлкөлүктөргө ишенип берип коюу абдан коркунучтуу. Бул кандай гана вариант болбосун, биргелешкен ишкана болобу, улутташтыруу же башка жолу болобу, муну Кыргызстандын жарандары гана чечиши керек. “Кумтөр” кыргыз элинин кызыкчылыгына гана иштеши керек”.

Айгүл Бакеева