“Кумтөр” кезектеги өкмөт башчыны чаап түшөбү?

joomart-otorbaev1.Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев капысынан эле “Кумтөрдү” улутташтыруу да, биргелешкен ишкана түзүү да мүмкүн эместигин айтып чыкты. Сиз буга кошуласызбы?

2.Эгер шарты аткарылбаса, премьер-министр кызмат ордун тапшырууга даяр экенин билдирди. Оторбаевдин ордуна кимди ылайык деп эсептейсиз?

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ, ЖК депутаты: «Оторбаев бизге түшүндүрүп берсин»
1.– Премьер-министрден “Бизге пайдасыз болгон аргументтерди айтып бериңиз, эмне үчүн биздин божомолубуз азайып калды, эмне үчүн мурда башка божомол бекитилген, жаңысын жасап атканда биз ишенген кайсы күчтөр катышкан, бул божомол канчалык деңгээлде ишенимдүү?” деген көптөгөн суроолорду сурагым келет. “Центерранын” акционерлери Кыргызстанга башка цифраны берип жаткан болсо, ал цифра акционердик коомдун жыйынында расмий түрдө бекитилдиби? Маалыматты ким даярдады? Ал маалыматты даярдап чыккан компанияга канчалык деңгээлде ишенсек болот? Бул ачык компания болгондон кийин акционерлерге ким туура эмес маалымат берген, ким көбүрөөк буйрук берип алдаган? Бул түздөн-түз биздин акцияга, “Центерранын” акциясына таасирин тийгизе турган маалымат. Демек, мунун баарын биз билишибиз керек, талап кылууга милдеттүүбүз. Эгерде премьер маселени чече албаса, анда кызматын өткөрүп берүүгө туура келет. Себеби, эки вариант бар болчу. Ал эми үчүнчү вариантты өзү кошуп атат. Бул үч варианттын кайсынысы жакшы, кайсынысы жаман экендигин далилдеп берсин. Маселен, Жоомарт Оторбаев жоопкерчиликти мойнуна алууга даяр экен. Эми аны бизге түшүндүрүп берсин, биз да ал киши ишенгендей ишенели. Жеке эле биз эмес, анын “Ата Мекен” фракциясы ишенип, алар да колдосун. Биз коалициялык көпчүлүк аны премьер-министр кылып көрсөткөнбүз. Демек баарыбызды ишендириши керек.
2.– Эгерде Жоомарт Оторбаев кызматынан кете турган болсо, ордуна ким келерин коалициялык көпчүлүк чечет.

Мирлан БАКИРОВ, ЖК депутаты: «Кызматынан кете турган болсо, мыйзам чегинде жооп берсин»
1. – Жоомарт Кайыповичтин кадамы күтүүсүз болду. Бир жылдан бери парламенттин, өкмөттүн, президенттин көз карашын, оюн билип туруп, аягында жеке өзүнүн пикирин жарыя кылган болсо, анысын жоопкерсиздик катары баалайм. Ал эми өкмөт башчы катары мындай чечимди коллегиалдуу түрдө кабыл алыш керек. Эгерде башка министрликтер да бул чечимге макул болсо, анда мен өкмөттүн азыркы позициясын түшүнбөйм. Буга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан бир канча токтомдор чыгып, тапшырмалар берилген. Жантөрө Сатыбалдиев 50:50 пайыз боюнча меморандумга жетишкен. Өкмөттүн чечимин биз колдогонбуз, жумуш жакшы жүрүп жаткан. Канча миллион евро эксперттердин кызматына жумшалган. Эми ушулардын баары жокко чыгарылып жатат. Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттө Жоомарт Оторбаев да иштеген. Ал эми премьерлик кызматка келип жатканда «Кумтөрдү” улутташтыруу да, биргелешкен ишкана куруу да мүмкүн эмес” деп айтканда, балким ордуна башка өкмөт башчы келип, бүгүнкү күндө иштеп, кандайдыр бир жыйынтык чыкмак. Ж. Оторбаевдин кадамын жоопкерчиликсиз кадам катары баалайм. Эгер Жоомарт Оторбаев кызматынан кете турган болсо, анда ал мыйзам чегинде жооп бериш керек.
2. – Кыргыз эли мыкты жетекчилерден куру эмес. Бир гана таза, так иштеш керек. Мен премьерлик кызматка экономика министри Темир Сариев, спикер Асылбек Жээнбеков татыктуу деп ойлойм.

Жылдыз ЖОЛДОШЕВА, ЖК депутаты: «Жоомарт Оторбаев чындыкты айтты»
1.– Жоомарт Оторбаев “Кумтөр” маселеси боюнча «биринчиден, улутташтырганга болбойт, экинчиден, биргелешип иштешүү да мүмкүн эмес» деп болгон чындыкты айтты. Мен да муну өз убагында айтып чыккам. Садыр Жапаровдун комиссиясында айткам. Экинчиден, кош эсеп-кысап деген түшүнүк бар. Биргелешип иштешкенде түшкөн каражатты 50:50 пайызга бөлүп койгондо, ал эмнеге жарамак эле? Менин позициямды эл билет. Анда алтындын 70 пайызы бизде калып, 30 пайызы “Кумтөр” ишканасына калсын деп айтып атам. Себеби, “Кумтөр” жылына 18-20 тонна алтын казып алат. Аны «Кыргызалтын» доллар менен сатып алат. Ошондо “Кумтөр” жылына 941 млн доллар пайда көрүп, анын 13 пайызын гана бизге берет. Ал 100-110 млн долларды түзөт. Аны биз 30 пайызга көбөйтүп алсак, анда бизге түшкөн киреше 300 млн доллар болот. Жоомарт Кайыпович мунун баарын иликтеп көрүп, өзү ынангандан кийин гана пайдасыз экенин айтып жатат.
2. – Биз бир да премьер-министрдин отчетун уга элекпиз. Маселен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди кызматынан кетирбей туруп, отчетун угуп, андан соң бир чечимге келишибиз керек. Эгерде ага чейин кызматынан кетип калса, бул кызматка ким келерин коалициялык көпчүлүк чечет. Азыркы өлкөдө болуп жаткан орчундуу маселелерди чече турган өкмөт башчы келиши керек.

Ташболот БАЛТАБАЕВ, ЖК депутаты: «Дагы жыйырма жыл уурдасын деп атышабы?»
1.- Өкмөт башчынын “Кумтөрдү” азыркы эле статусунда калтыралы дегени, мындан ары да өз орогун оро берсин деген менен барабар. Бизди жыйырма жыл уурдап келишсе, дагы жыйырма жыл уурдай беришсин деп атышабы?!
2.- Өкмөт башчылык кызматка Ашмат кетип, Ташмат келеби, негизги маселе анда эмес. Маселе, кызматка келген премьер “Кумтөргө” болгон мамилени өзгөртөбү же өзгөртпөйбү, кеп мына ошондо.

Назарали АРИПОВ, ЖК депутаты: «Мен Оторбаевди колдойм»
1.– Оторбаев ачык-айкын, туура айтты, мен аны колдойм. «Мен Кыргызстандын кызыкчылыгына чечип берем» десе деле болмок. Бирок, Оторбаев андай кылган жок, өз оюн айтты.
2.– Ким “Кумтөр” маселесин чече алса, мен ошол премьер-министрди колдомокмун.

Анвар АРТЫКОВ, ЖК депутаты: «Алтындын 25-30 пайызы бизге калып, калганы өндүрүлүшү керек»
1.– Жоомарт Оторбаевдин айтканын колдойм, бул туура чечим. Себеби, «мен деле 50:50 пайыз деген туура эмес» деп айткам. Казып алынган алтындын 25-30 пайызы бизге калып, калганы өндүрүлүшү керек. Ошол акчага Кыргызстандын компаниясы кылып койсо болот. Бирок, мунун аягына чыгыш керек. «Премьер-министрликти өткөрүп берүүгө даярмын» деп айтканын да колдойм. Себеби, ал киши Кыргызстанга зыян алып келе турган чечимди кабыл алгыча, кызматымды тапшырып кетем деген ойду айтыптыр.
2.– Жоомарт Оторбаев кызматтан кете турган болсо, ордуна ким келе тургандыгын айта албайм.

Абдыманап КУТУШЕВ, ЖК депутаты: «Өкмөт башчынын позициясын түшүнбөй калдым»
1.– Мен премьер-министрдин позициясын жакшы түшүнбөй калдым. Бир жактуу пикир айтканга да маалыматтар керек. Бир жыл убакыт текке кетип жатпайбы.
2.– Премьер-министрлик кызматка татыктуу кадрлар көп. Азырынча алардын аттарын атабай эле коеюн.

Улукбек КОЧКОРОВ, ЖК депутаты: «Кумтөрдүн” кызыкчылыгын коргогон күчтүү саясий күч бар»
1.– Бул жерде “Кумтөрдүн” кызыкчылыгын коргогон күчтүү саясий күч бар, ал күчтөрдүн атын атай албайм Ошол күчтөр бул маселени чечкенге мүмкүнчүлүк бербей атат.
2.– Эгерде Жоомарт Кайыпович кызматынан кетсе, бул кызматтын башкалар үчүн кызыкчылыгы болбой калат. Себеби, өкмөт башчылыкка сунушталган талапкер алты айга гана дайындала алат. Анын иштегенге мүмкүнчүлүгү да болбой, күчтүү колдоочусу да жок болот. Башка олуттуу иштерди аткарып, элдин эсинде жакшы премьер-министр катары калууга мүмкүнчүлүккө ээ боло албай, алдыдагы саясий иш-чараларды өткөрүү менен эле алек болот.

Токон МАМЫТОВ, “Кыргызалтын” ААК төрагасы: «2009-жылдагы келишим менен иштеп атабыз»
1.- Премьер-министрдин айтканы туура. “Кумтөр” маселеси боюнча 2012-жылдан бери сүйлөшүүлөр болуп келе жатат. Ал сүйлөшүүлөргө ылайык 2013-жылдын аягында биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандумга кол коюлган. Январь айында кыргыз өкмөтү ал келишимди жактаган. 2014-жылдын февраль айында парламент муну колдоого алып, өкмөткө жумушту улантуу жана биргелешкен ишкана түзүү боюнча тапшырма берген. Бул иш улантылып келип, тилекке каршы январдан август айына чейин токтоп калды. Сентябрдан баштап кайра сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир топ маселелерди чечип, бүгүнкү күнү кол коелу деп келгенбиз.
Акырында премьер-министр билдиргендей, “Кумтөр” кенинде алтын запасы 50 тоннага азайтылганына байланыштуу сүйлөшүүлөр бурчка такалып, чечим чыкпай калды. Келишимге кол коюлбагандан кийин 2009-жылдагы келишим менен иштеп жатабыз. Бул жерде кандайдыр корко турган нерсе жок. Себеби, 50 тоннага алтын азайып атса, 50:50 пайызды биз кантип түзөбүз? «Эмне үчүн алтын 50 тоннага азайып атат?» деп «Кыргызалтын» жана геология агенттиги текшерип аныктагандан кийин, бул маселени кайра көтөрүш керек. Бул бир. Экинчиден, Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы катары «мен улутташтырууга каршымын» деп жеке пикирин айтты. Бул жеке пикирге «Кыргызалтын» жетекчиси катары комментарий берүү туура эмес болор.
2.– Премьер-министр отставкага кетеби же кетпейби, аны күтүшүбүз керек. Конституция боюнча премьер-министр кызматтан кетсе, анын ордуна ким келерин көпчүлүк коалиция чечет. Ошол коалиция парламентке бир талапкерди сунуш кылат. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.

Кымбат Турдубекова