Күнсобол

– Оштогу митингге чыккандар Акмат Келдибековду үй камакка чыгаруу талабын коюп, бийликке үч күндүк мєєнєт берди. Бул митингде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов “Оштун кожоюну менмин” деген билдирүү жасады. Бул окуялар боюнча пикириңиз кандай?

 

Кусеин ИСАЕВ, коомдук ишмер: Алайлыктардын чыгып атканын туура эмес деп эсептейм

– Мен буга туура эмес көз караштамын. Акматтын туулуп өскөн жери «мынчалык байлыкты каяктан жыйган? Эмне үчүн мынча көп?” деп кызыгып сурап, ошонун чындыгына жеткен соң митингге чыгышса биз сыйлайт элек да. Анан «биздин тукумубуз» деп көтөрүлүп атканы ошол жердеги элге кызмат кылып жүргөн элдин жетекчилери, айылдын аксакалдары туура эмес кылып атат. Бул жерде эң биринчи мамлекеттин биримдиги, элдин турмушу жөнүндө кам көрүш керек. Бүгүнкү митингге Алайлыктардын чыгып атканын туура эмес деп эсептейм. Эгер, Мелис Мырзакматов антип айтса, анда көөп калган го?! Буга чейин ал мырзаны сыйлап, башка пикирде жүрдүм эле. Ал жетекчи болуп барган жеринин баардыгына эле «мен кожоюнмун» дей берсе, анда Кыргызстан кандай болот? Бул сөздү Мырзакматов айтпаш керек болчу.

Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясый серепчи: “Мындай сєздєр короздонгон адамдын оозунан чыгат”

– Эки саат же үч күндүк мөөнөт коюп, чектеп, аны жасагыла деген єзү мыйзамга туура келбейт. Анткени, ошол убакытта чечип берүүгє мамлекеттик органдардын укугу жок. Бирок, ээнбаштык сезим Бакиев доорунда аябай өнүгүп кеткен. Мына ошонун кесепети болуп атат. Экинчи жагынан, Мырзакматовдун милицияларды кекетип, «баарыңарды талкалайм. Таластагы окуяны, Конгантиевди тепкилегенин унутуп калдыңарбы?” деген сөздү айтуусу бул мамлекеттик жетекчиге, шаардын мэрине туура келбейт. Мындай сєздєр короздонгон адамдын гана оозунан чыгат. Бирок, кылган иштеринин баарын көрүп туруп, кылмыш жасаган деп шектелип аткан адам үчүн мамлекетке согуш ачабыз деген бүгүнкү күндө ар бирибизди кооптондурат.

Марс САРИЕВ, саясый серепчи: “Мырзакматовдун ыкмасы туура»

– Менин оюмча, ультиматум койгон туура эмес. Митингге катышып жаткан элди айрым саясатчылар пайдаланып атат. Азыр өкмөткө ультиматум койбой, маселени чечели дешсе, сүйлөшүш керек. Ал эми Мелис Мырзакматов боюнча айта турган болсом, азыр акыбал курчуп аткан учурда шаардын мэри катары ошондой сөздү айтып атат. Бул деген мен мэрмин дегени. Муну туура эмес түшүнбөш керек. Кырдаал курчуп жатканда ушундай сөз менен токтотсо болот. «Силер туура эмес жолго түштүңөр» десе мына Сооронбай Жээнбековду кабыл албай кубалап салышпадыбы? Менин оюмча, Мырзакматовдун азыркы ыкмасы туура. Мырзакматовду «азыркы бийликке каршы чыгып атат» деп айтып атышпайбы, азыр андай деп айтуу эрте.

Бактыбек КАЛМАМАТОВ, ЖК депутаты: “Бул ашынган эмоционалдуулугунун белгиси»

– Тынчтык митингдерин өткөрүүгө өлкө аймактарында мыйзам менен уруксат берилген. Ал ким тарабынан уюуштурулса да мыйзам чегинде гана өтүүгө тийиш. Ал эми мындай митингдерде ар кандай талаптар коюлушу мүмкүн. Бирок талаптардын аткарылышы кырдаалдан көз карандысыз, мыйзам жол берген тартипте болот. Тигил же бул тарапты колдоп чыккан адамдар да мыйзам чегиндеги талаптарды койгонго аракет кылганы жакшы. Деги эле өлкө аймагындагы өтүп жаткан ар бир митинг маданияттуу формада болуусу зарыл. Мырзакматов тууралуу айта турган болсок, Кыргызстанда эч ким тигил же бул шаардын жеке менчик ээси боло айбайт. Кыргызстан биздин коомдогу ээлеген ордубуздан жана кадыр баркыбыздан көз карандысыз баарыбызга таандык. Башкача айтканда, өлкө кимдир бирөөнүн менчиги болушу мүмкүн эмес. Ал эми Мырзакматовдун айткандары бул анын ашынган эмоционалдуулугунун белгиси.

Өмүрбек АБДЫРАХМАНОВ, ЖК депутаты: «Мэр деген чын эле шаардын “кожоюну” болуш керек”

– Демократия шартында ар ким өз оюн айтууга акысы бар. Ар ким митинг уюштурууга да укугу бар. Ар кандай маселени жана талапты да койгонго акылуу. Бирок митинг тынчтык жолу менен болуп, административдик имараттарды басып албаш керек. А бирок, биз эки жолу революция кылып, бийликти басып алып өзүбүз бийликке келип жаман жөрөлгөнү баштап бербедикпи. Муну кантип токтотобуз, мен билбейм. Мэр деген чын эле шаардын “кожоюну” болуш керек. Эми аны кандай маанайда айтканын биз билбейбиз да. Биз деле аялдарыбызды үйдүн “кожейкеси” деп айтып жүрбөйбүзбү. Эгер жакшы мааниде айтса, туура. А эгер бандиттерче “мен кожоюнмун” деп короңдосо, албетте, туура эмес.