Курмантай АБДИЕВ, ЖКнын депутаты: «Үч жыл окуу жайга тапшырып өтпөй калып, төртүнчү жылы тапшырганымда өткөм»

Kurmantay Abdiev
– Курмантай мырза, саясаттан тажаганда кандай эс аласыз?
– Айрым учурларда иштен бир аз оолак болуп эс алгың келет. Мен бош убактымды «Красная речка» деген айылдагы чакан чарбама барып өткөргөнгө аракет кылам. Айрыкча, жаз, жай, күз айларында ал жакка барып дарак отургузуу – менин хоббим. «Жакшыдан бак калат, жамандан так калат» деген принципти тутунам. «Эртеңкини ойлосоң, бүгүн бак отургуз» деген да жакшы сөз бар. Негизи эле мен жаратылышка аяр мамиле жасайм. Келечек муунга жакшы акыбалдагы жаратылышты өткөрүп берсек деген принципти да тутунам. Эгерде бир дарак куурап калып кыйган болсоң, анын ордуна бешти отургузууга аракет кылыш керек. Биздин ата-энебиздин негизги тарбиясы эмгек менен болор эле. Эмгектин аркасында жогорку тарбия ала алдык.

– «Кечире билген адамды Кудай да кечирет» дейт. Кекчилсизби же кечиримдүүсүзбү?
– Менде адамга таандык баардык эле мүнөздөр бар. Негизи ызы-чууну көп жактыра бербейм. Ар кандай кырдаалдан, ызы-чуудан оолак болгонго аракет кылам. Кимдир-бирөөнүн аркасынан түшүп өжөрлүк кылбайм. Бул менде кекчилдик жоктугунун белгиси деп ойлойм. Айрым учурда адам адамга жамандык кылганын угуп калсам, аябай капа болом. Себеби, бул жашоо кыска мөөнөткө гана келет жана тез эле өтүп кетет. Ошол аралыкты сапаттуураак кылып, жашоо эмнени буюрса ошону пайдаланып, жашоону маңыздуу жашаганга аракет кылышыбыз керек. Маселен, караманча эле мени жамандай берсе, кечиримдүү болуп эле калбастан, мен да аларга тиешелүү жообумду бергенге аракеттенем.

– Кимдир-бирөөгө алданып, же бирөөнү алдаган учурларыңыз болсо керек?
– Ооба, ишенчээктигим бар. Кимдир-бирөөгө алданып калган учурларым көп эле кездешкен. Аны азыр конкреттүү мисалдар менен айткым келбейт (күлүп). Кээде «сен ушундай дараметиң, билимиң менен кантип алдаттың» деген адамдарды деле угуп жүрөм. Мен башка адамдарды да өзүмдөй көрүп, мендеги сапаттар аларда деле бар да деген ишенич бар. Чындыкты сүйлөгөндү абдан жактырам. Балдарымды да кичинесинен тарта «кандай гана кырдаал болбосун, дайыма чындыкты айткыла» деп тарбиялап келем. Облустук деңгээлдеги жетекчи болуп иштеп жүргөндө да колумда иштеген балдарды дайыма чындыкты айтканга тарбияладым. Эсимде, бир кызматкерим такай жумушка кечигип келер эле. Бир күнү «балам ооруп калды, экинчи күнү кызым ооруп калды» деген ар шылтоону айта берчү. Анын айткандарын угуп «Оозуңду куу чөп менен аарчыбасаң, акыры келип ал сенин башыңа тиет. Анан чындап кызың же балаң ооруп калса отурасың. Андан көрү чындыкты айтып телефон чалсаң, мен сага эки күн уруксаат берейин» деп калаар элем. Негизи чындыкты туу тутуп карманам.

– «Эркектер аялдардан калышпай ушакташышат» деген кепке кандай карайсыз?
– Жынысы башка болгону менен мүнөзү окшошуп калгандар бар (күлүп). Муну мойнубузга алышыбыз керек. Кээде өзүбүздүн чөйрөдөгү эркектер кимдир-бирөөгө баа берип сүйлөшүп калганда «койгулачы бул темаңарды» деп айтып калам. Негизи эркек эркектей, аял аялдай жүргөнү жакшы. Кыргызда «аял үндүү эркекте убакыт болбойт, эркек үндүү аялда уят болбойт» деген жакшы сөз бар. Бул сөз деле бекеринен келип чыкпаса керек.

– Үй-бүлөдө ким көбүрөөк каражат табат, сизби же жубайыңызбы? Үйдө “минфин” ким?
– Эркек – үй-бүлөнү бага турган адам. Динде да ошентип айтылып, күнүмдүк жашоодо да эркектин вазыйпасы – каражат таап үй-бүлөнү багуу. Маселен, акчаны жаныма салып, көп сарптаганды деле каалабайм. Ал тургай дүкөндөрдү аралап, бир нерсе сатып алууну деле көп жактыра бербейм. Мунун терс жактары да, оң жактары да бар. «Жашоо бир келет, жашап өткөн күнүң артка кайрылбайт, айтылган сөз – атылган ок» деген принципти тутунам.

– Чөнтөгүңүздө бир сом калбай калган учурлар болобу?
– Албетте болгон. Эсимде, студенттик кезде батирде жашачумун. Батирден мен окуган окуу жайдын жатаканасына барып балдардан карызга акча сурайын десем, троллейбуска түшкөнгө төрт тыйыным жок жатаканага жете албай кыйналганмын. Бирок, адамдар мындай кырдаалдан чыкканга дайыма аракет кылат экен. Иштеп тыйын таап, кийим-кечебизди оңдоп алалы деп балдар менен көп эле жерде иштеп жүрдүк. Ал учурда азыркы балдардай оңго-солго басуу деген жок. Лекцияны да калтыруу деген нерсе болбойт эле. Айтор, ал мезгилдин талабыбы деп ойлоп коем.

– Ушунча болду үй-бүлөңүз тууралуу да кеп козгой кетпесек болбос. Канча баланы тарбиялап, окутуп-чокуттуңуздар?
– Менин үч уул, үч кыз, он эки неберем бар. Жээн-неберелеримдин алды кол арага жарап калышты. Балдарың айтканыңды укпаса, бир аз какыс-кукус кылып койгон учурлар болчу да. Ал эми неберелериң эмне кылса да унчуга албайсың. Булардын статусу таптакыр башка болот экен. Кээде келиниме «Балам, биз неберелерибизге катуу айта албайбыз. Эгер туура эмес кылып атса, сен кичине какыс-куккус кылып кой» деп кайрылып калам.

– Жубайыңыздын кайсы сапаттарын жактырып турмуш курдуңуз эле?
– «Аял киши эрге тийиш керек, эркек киши аял алыш керек» деп баш кошпой, ойлонуп, бир келген жашоодо очор-бачар болуп, сапаттуу жашасам деп тиленип, турмуш жолуна аттаныш керек. Биз да ошол максат, тилек менен жашап келебиз. Жаман эмес, алты баланы тарбиялап, аларга билим бердик. Келинчегим экөөбүз 1978-жылы баш коштук. Бул менин экинчи никем. Биринчи никемен бир кыз, бир уулум бар. Келинчегим экөөбүз бири-бирибизге жаккан үчүн баш коштук болушубуз керек. Ал эми сапаттары өзүбүздүн ичибизде эле калсын. Элге жар салганым туура эмес болуп калат го.

– Бул жашоодо сизди өкүндүргөн эмне? Эмнеге көп кейийсиз?
– Ар бир жаштын өзүнүн өзгөчөлүгү барбы, айтор, жаш өйдөлөгөн сайын артка көбүрөөк ой жүгүртүп, саресеп салып калат экенсиң. Мен жашоомо нааразы болбойм. Ар дайым шүгүрчүлүк келтирем. Себеби, менин ата-энем кат тааныбаган, сабатсыз кишилер болгон. Бирок атам бирөөнүн ала жибин аттабаган абдан эмгекчил, чынчыл адам эле. Балдарынын ичинен мен суурулуп, билим алып, азыркы дараметке жеткеним өзүмдүн күчүм болуп калдыбы деп ойлоп калам. Үч жыл окуу жайга тапшырып өтпөй калып, төртүнчү жылы тапшырганымда гана өткөм. Окуу жайды аяктаган соң бир топ кызматтарда иштедим. Кээде кыялданып отуруп менин жашоом башкача болуп калат беле деп ойлоп коем. Адамдын кыялы баарынан күлүк болот эмеспи. Бирок, Кудайга шүгүр.

– Социалдык тармактардагы сиз тууралуу айтылган сын-пикирлерди окуйсузбу? Дегеле дарегиңизге айтылган сын-пикирлерди кандай кабыл аласыз?
– Жашоо болгондон кийин досуң канча болсо, касың деле ошончолук болот экен. Мен тууралуу айтылган ушак айыңдарга өкүнүчтүү көз караш менен карайм. Мага таандык маалымат айтылса, мен аны мойнума алам. Кээде тамашалап «Биздин эки бир тууганыбыз бар. Биринчиси – жалкоолугубуз, экинчиси – ичи тардыгыбыз» деп күлүп калам. Мындай терс көрүнүштөрдөн оолактаганга аракет кылалы. Кээде массалык маалымат каражаттарынан мен тууралуу такыр чындыкка коошпогон маалыматтарды чыгарышат. Мен ошондо «Бул гезиттин бетине чыгып калды. Элдин колунан гезитти алып кое албайсың, коомчулукка чыгып кетти. Бул маалыматты чыгараардан мурда менден бир ооз сурап койсоңор болмок» деп нааразычылыгымды айтып жүргөн учурларым деле болду.

– Көпчүлүк мектепти аяктаган соң классташтары менен катышпай калат эмеспи. Сиз классташтарыңыз менен катташып турасызбы?
– Мен жолдоштукту, достукту ыйык тутуп, абдан аяр мамиле жасайм. Былтыр, 65-жашка келдим деп куда-сөөк, жоро-жолдошторумду чакырып чай бердим. Классташтарым менен да катташып, кабарлашып турабыз. Кызматтык деңгээл ал жерде эч кандай роль ойнобойт. Биз жолукканда бала кезибизди эскерип, сүйлөшүп калабыз. Үй-бүлөбүз менен да катташабыз. Кээде тамашалап «Жынысы башкалар бири-бирин жактырып калышса сүйүшүп, үйлөнүп тынат. Бир жыныстуулар бири-бирин жакшы көрүп калса, достошуп тынат» деп айтып калам. Достун дагы бир артыкчылыгы – кээде бир тууганыңа, үй-бүлөңө айтпаган купуя сырыңды алар менен бөлүшө аласың. Дос деген – үч тамгадан турган кыска сөз. Бирок, анын артында опол тоодой жоопкерчилик турат.

– Балалык кездеги кызыктуу окуяларыңыздан айтып бербейсизби?
– Жок, мен тентек окуучулардын катарына кошулчу эмесмин (күлүп). Мени бала кезимен билгендер азыр да «сен мектепте окуп жүргөндө эле зыпыйган неме элең» деп айтып калышат. Эсимде, 4-класста окуп жүргөндө Саламат Шамшиева деген эжекебиз бар эле. Ошол мугалим баардыгыбызга ак көйнөк, кара шым кийгизчү эле. Ал убакта андай форманы табуунун өзү кыйынга турчу. Азыр ойлосом, ал эжекебиз өзүнүн кесибин сүйүп бийик тутчу экен. Кийин, көзү өтүп кетти. Дагы бир эсимде калган нерсе- 4-классты аяктаганда чейректен баардык сабактарым «5» болуп, бир гана орус тил сабагынан «4» болуп калды. Мугалимим мени ээрчитип орус тил мугалиминин үйүнө алып барганы эсимде. Азыр ойлосом, ал мугалимим «бардык сабагы «5» болду, сен деле «5» коюп койчу» деген максатта алып барган экен. Мен аны кийин билдим.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА