Курут менен кошкон май устаты -Айымжан Аманова

Kurut jasagan ayal-Мен- Айымжан Аманова, Нарын областынын Жумгал районунун Жел-Арык айылынанмын. Мурда мектепте химия жана биология сабактарынан мугалим болуп иштечүмүн. Азыр пенсияга чыккам. Бир катар жылдардан бери кыргыздын тамак-ашы, даамдары боюнча конкурстарга катышып, жеңүүчү болуп атам. Жакында М. Өмүракунов атындагы фонддун конкурсунда “Жылдын кыргыз даамы” номинациясынын жеңүүчүсү болдум.
“Кыргыз даамы” долбоорлоруна кандайча аралашып калгандыгым тууралуу айта кетейин. Биздин айылга ПРООН тарабынан Жаңы Зеландиядан топ адамдар келип калды. Алар ким элге али белгисиз кыргыз даамдарын өндүрсө, ошолорго материалдык колдоо көрсөтүшөт экен. Мен түнү менен ойлонуп, куруттун жети түрү тууралуу сунушумду билдирдим. Ал сунуш өтүп кетти. Эми жаңы зеландиялыктар бизге курут кургата турган аппаратты орнотуп беришмекчи. 20 мүнөттө курут кургатат экен. Ошентип, жакында чакан ишканада фасовкаланган курут чыгара баштайбыз. Айылда 8 киши үчүн жумушчу орун ачтым. Элден сүзмө, сүт ж.б. сүт сырьесун сатып алып турабыз. Куруттун түрүнөн башка жентекке даярдачу кошкон майды өндүрүүгө аракетим бар. Анын рецебин чоң энем Дилдеден алып калгам. Чоң энем кошкон майга сары май, бал, талкан кошчу. Мен аны өркүндөтүп, мейиз, жер жаңгак да кошом. Кечээ жакында неберелүү болдум, эми жентекке кошкон май жасайм. Биз бала кезде апам жентек бергенде, качан кошкон май жейбиз деп күтүп калчу элек. Менин балдарым, неберелерим да ошентип мени күтүп турушун каалайм. Андан сырткары уй кымыз, көжө ж.б. жасайм.

ПК-пресс