Куурчактар

kukla 1Куурчак театрына балдарыңызды алып барып көрдүңүз беле? Ар бир спектаклде ойногон ар башка куурчактар кандай жасалып, каякта сакталарын билгиңиз келсе, бул макаланы окуңуз.

Гүлайым АБДЫЛДАЕВА, куурчактарга кийим тигүүчү: «Өлчөп кесип, колдорун кибиретип тигиш керек»
– Мен куурчак театрында төрт жылдан бери куурчактарга кийим тигем. Театрларда иштегендерден баланча айлык алып байып кеттим дегенин уга элекмин. Мен да эл катары айлык алам. Чоң кишилерге тиккен кийимдер менен куурчактарга тигилчү кийим бир топ эле айырмаланып турат. Куурчактарга кийим тигүү бир топ эле кыйынчылыкты жаратат. Ар бир куурчакка жакаларын өлчөп, колдорун кибиретип тигиш керек. Бир спектаклде он куурчак болобу, он беш куурчак болобу, алардын сырткы кийимдеринин баардыгын мен тигип берем. Тиккенде да көрүүчү балдарды өзүнө тартып туруш үчүн өзгөчө кооздош керек. Кээде «көйнөгүн узартыш керек, кыскартыш керек, чөнтөк салыш керек» деп алып келишет. Аларды кайра оңдоп берем. Ушундай кыйынчылыктар менен жаралгандан кийин куурчактар көп жыл туруш керек.

kukla 2Художник-бутафор Калича БАЙГАЗИЕВА куурчактар кандай жасаларын айтып берет:
– Спектаклди сахнага куурчактар менен ойноп чыкканда кай бирлерине бул жеңил эле көрүнүшү ыктымал. Бирок анын артында канчалаган кыйынчылыктар турганын эч ким биле бербесе керек. Алгач режиссер жазып чыккан пъесаны башкы сүрөтчү менен талдоого алышат. Андан соң башкы сүрөтчүбүз ар бир каармандын образын кагаз бетине түшүрүп, андан соң бизге – бутафорлорго жиберет. Биз ошол кагазга түшкөн образды иш жүзүндө жасай баштайбыз. Адегенде пластилинден куурчактын башын жасайбыз. Башынын образын түшүрүп алган соң гипс менен катырабыз. Ал кургагандан кийин алып чыгып, эки калыпты бириктиребиз. Бети даяр болгондон кийин ал механиктин колуна түшөт. Ал колдорун, ооздорун, көздөрүн кыймылдагандай кылып жасайт. Андан соң кайра бизге- бутафорлорго келет. Биз даяр болгон куурчактарды материал менен чаптап, ооздорун, көздөрүн, каштарын боеп, чач жасап, кооздойбуз. Анан тигүүчүгө жиберебиз. Айрым учурларда кыздын образын жасап атсаӊ эркекке окшоп калат. Биз жасаган ар бир куурчакка спектаклдеги каармандардын аттары ыйгарылат. Алар спектаклдер ойнолул бүткөндөн кийин биздеги куурчактарды сактоочу жайларда сакталат.

kukla 3Жолдош ЭРКИНБАЕВ, КР эмгек сиңирген артисти: «Гастролдорго чыкпай калдык»
– Мен бул театрда 1972-жылдан бери эмгектенип келем. Ал убакта театрга кызматка кирүү өтө кыйын болчу. Эсептесем быйыл театрда иштеп атканыма кырк үч жыл толуптур. Азыр ойлоп көрсөм, театрда ойнолгон ар бир спектаклде роль жаратып келиптирмин. Союз убагында куурчак театрын чоң адамдардан бери сүйүп, кызыгуу менен көрүшчү. Ал убакта театрда эки ай эле болбосок, калган убакыттарда сырт жакта гастролдордо жүрчүбүз. Азыр болсо таптакыр башкача болуп калды. Мурдагыдай бир- эки айлап командировкага чыкпайбыз. Чыгайын дейсиң, бирок бардыгы каражатка такалат. Ошентсе деле куурчак театры өлбөс театр экен. Бул жерде күндө иш болуп турат. Биз бала бакчанын балдарына, мектеп окуучуларына жагымдуу маанай тартуулайбыз. Союз убагындагы балдар менен азыркы балдардын деңгээли кадимкидей айырмаланып турат. Мурда жогорку класстын окуучуларына чейин куурчак театрынан оюн көрүшсө, азыр 4-класска чейинки окуучулар гана келишет. Калгандары «биз чоңоюп калдык, куурчак театрга бармак белек» деп калышты.

-Жаштар сиздерден таалим-тарбия алып, эмгек жолун театрдан уланткандар көп келишеби?
– Куурчак театры 1935-жылы ишке киришкен. Биз жакшы убакта иштеп калдык. Ооба, биз 60 сом айлык алчубуз. Бирок ошол алган айлыгыбыз тамак-ашыбызга да, баскан-турганыбызга да жетчү. Жакшы жери -мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп, кезек менен үй алчубуз. Азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Ага карабастан, жаштарыбыз иштөө максатында театрга агылып келип атышат. Бирок биздин театрда иштеген жаштар башка да кызматта иштешет. Анын кесепетинен жумушка кечигип келип, эрте кетип калышат. Ошондон улам учурда жаштар да, жетекчилер да чайналып атат.

kukla 4-Театрда иштегениңизге 43 жыл толуптур. Алгачкы убактарда театр кандай эле?
– Биздин убакта айыл жергесине куурчак театры көп концерт коюп барчу. Бала болсом да ошолорго суктануу, кызыгуу менен карачумун. Кийин, театрга келип иштей баштаганда анын баардыгын өз көзүм менен көрүп, жүрөгүм менен өткөрдүм. Эсимде, театрга жаңы келгенде бардык кызматкерлер гастролдо экен. Мени да Жумгалга жиберишти. Ал жактан тосуп алышты. Алардын эч кимисин тааныбайм, куурчак эмне экендиги тууралуу да менде түшүнүк жок эле. Эртеси кайсы бир айылга барганыбызда мага «Сен ажыдаардын ролун ойнойсуң» деп ажыдаарды колума кармата салышты. Ошентип, спектаклде биринчи жолу роль жараттым. Андан соң «Концерт беребиз, ырдаганды билесиңби?» деп калышты. «Билем» деп кыяк менен сатиралык ырлардан ырдап чыктым. Анын баары аяктагандан кийин кечинде конокко барабыз деп калышты. Тез эле бир үйгө жетип бардык. Ал жактан шаан-шөөкөт менен тосуп алышты. Мына ушундай кызык дүйнөгө туш болуп, бул чөйрө мага күндөн- күнгө жага баштаган.

– Азыркы куурчактар менен мурдагы куурчактардын айырмачылыктары болбой койбосо керек?
– Ооба, айырмачылыктары бар. Мурдагы куурчактар абдан оор жасалчу. Мисалы, Жаңыл Мырзанын образын жаратканда мойнуңан кадимкидей тер агып, чарчап калчусуң. Ал убактагы куурчактардын салмагы 20 килограммдын тегерегинде болчу. Бир спектаклди ойноп бүткүчө колуң кадимкидей ооруп калчу. Азыркы куурчактар ага салыштырмалуу жеңил. Техника өнүккөнүнө байланыштуу улам барган сайын жеңил куурчактар жасалып атат.

Ботобек ЭСЕНГУЛОВ, режиссер: «Режиссер дайыма жалгыз»
– Кайсы бир образды жаратып жаткан актер куурчакка болгон күчүн, ниетин, дитин берип ойнош керек. Анда биринчи план, экинчи план деген түшүнүк бар. Анын бардыгын сахнада сезе билип, образды туура чагылдырууга аракет кылыш керек. Биз учурда Касымалы Жантөшевдин пьесасынын үстүндө иштеп атабыз. Пьесада жазылган айрым сөздөрдү балдар түшүнбөй калышат экен. Биз аны балдардын тилине ылайыктуу кылып өзгөртүп атабыз. Себеби ал учурдагы балдар менен мурдагы балдарды салыштырууга болбойт. Куурчактарды жаратып, алардын образын туура тандап, жан киргизүү бир топ кыйынчылыктарды талап кылат. Айрым актерлор өздөрүнүн образын жеткиликтүү деңгээлде ойной албай, бир топ кыйынчылыктарды туудурат. Мыкты актер бардыгын сенин каалаганыңдай, жеткиликтүү ойнойт. Режиссер дайыма жалгыз. Ал ар бир актердун тилип таап, көңүлүп алып иштеш керек, антпесе иш жүрбөйт.

Кымбат Турдубекова