Кыргыздарга нике келишими керекпи?

Nike kelishimiЖогорку Кеңеште депутаттар “Үй-бүлө кодексине” толуктоолорду кошуп, нике келишимин киргизүү мыйзам долбоорун сунуштап чыгышты.

Демилгечи депутат Надира Нарматова эки жаш үйлөнөрдөн мурун нике келишимин түзүп алса, ажырашып кеткен учурда мүлк бөлүштүрүү жагы эки тарапка тең жеңил болорун айтат. “Нике келишимин түзүү өтө олуттуу артыкчылыктарга ээ. Азыр айрым кыз-келиндер ажырашып кеткенде кыйналып калып жатышат. Мыйзам долбоору ишке ашса, ажырашып кеткенде сотко кайрылуунун жана моралдык жана материалдык бөлүшүүнүн кереги жок болуп калат” деп билдирди. Бирок, көпчүлүк депутаттар бул мыйзам долбооруна каршы пикирлерин айтып чыгышты. «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында, илгертен эле кыргыздар эч кандай мыйзамсыз эле баш кошуп келишкен. «Мен үй-бүлө кодексине нике келишими жөнүндө оңдоо киргизүү тууралуу окуп таң калып атам. Жаштардын арасындагы сүйүү сезими кайда кетти? Ээрчишип басып, гүл берүү, сүйүү менен жактыруу жоголдубу? Илгертеден эле кыргыздар эч кандай мыйзамсыз эле баш кошуп келишкен. Же жаштарды мыйзам менен сүйдүргөнү жатасыңарбы?» деди Кожобек Рыспаев. Ал эми ЖКнын депутаты Мамытбай Салымбеков «Мурда кыргыздарда эки жашка нике күбөлүгү берилбей эле, молдо келип нике кыйып койчу эмес беле. Биз азыр кайда баратабыз? Биз аялдар аялдар менен, эркектер эркектер менен баш кошкон сыяктуу батыштын багыты менен баратабызбы?» дейт өз сөзүндө.

Махабат Шакирова