Кыргызстан экономикалык карым-катышын кеңейтүүгө багыт алды

BirimdikАкыркы 2-3 жылдан бери кыргыз коомчулугунда катуу талкууланып, эки ачакей пикирди жаратып келаткан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (Кыргызстан экономикалык карым-катышын кеңейтүүгө багыт алды) кирүү маселеси акыры бир ыңтайына чечилди. Ушул жылдын 8-майында Кыргызстан аталган биримдикке расмий кирди. Тиешелүү документтерге Москва шаарында Жогорку Евразия экономикалык биримдигинин отурумунда мамлекет башчылары кол коюшту. Эксперттердин пикиринде, Кыргызстан аталган уюмга өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоп кошулду.
Евразия экономикалык биримдигинин келишимине 2014-жылдын май айында кол коюлган жана ал үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта кыймылга кирген болчу. 2-январдан тарта бул биримдикке Армения да кошулган. Өткөн жылдын 23-декабрында Кыргызстандын биримдикке кошулуусу тууралуу келишимге мамлекет башчылары кол коюшкан. Биримдиктин өнүгүү планы боюнча 2025-жылга чейин анын курамындагы өлкөлөр ортосунда товарларды, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылынын эркиндигин камсыз кылуу, жумушчу күчтөрүн жана капиталдарды эч кандай чектөөсү жок колдонууну камсыз кылуу болуп эсептелет. Албетте, мындай натыйжага этап-этап менен жетүү да каралган. Маселен, 2016-жылы дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун түзүү пландаштырылган. Ошондо бул биримдиктеги өлкөлөрдө дары-дармектердин баасы бирдей болуп калышы мүмкүн. 2019-жылы жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү каралган. 2025-жылга карата нефти, газ жана нефти продукцияларынын жалпы рыногун түзүү планы бар. Ошол эле убакытка чейин айрым кызмат көрсөтүүлөрдү либерализациялоо да аякташы керек. Маселен, машине унааларын ташуу жана курулуш кызматтары. Айтор, биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык карым-катыш, өз ара мамиле өтө тыгыз болушу кажет. Мындай жагдай бир топ көйгөйлүү маселелердин өзүнөн-өзү чечилишине жол ачып бере алат. Маселен, мурдагыдай бажы постторунан өтө албай, акыйып айлап отуруп калмай өнөкөттөрү жокко чыгарылат. Муну менен бирге көмүскөгө катылган бизнестер да жарыкка чыгып, анын негизинде өлкө казынасына түшчү салыктардын көлөмү көбөйөт. Евразия экономикалык биримдигине кирүүнүн кандай оң жагдайлары бар экендиги тууралуу буга чейин эле кыргыз өкмөтү тарабынан кеңири маалыматтар айтылып келген.
Ошол эле тушта биримдикке кирүүгө каршы пикирлерин билдиргендер өздөрүнүн ойлорун конкреттүү жүйөөлөр менен коштой алышпаганын айтып коюшубуз кажет. Кыргызстандын бул биримдикке кирүүсүндө эки протоколго кол коюлду. Кыргыз тарап биримдикке кирүү алдында эки пункттан турган талапты коюп келген. Анын негизинде протоколдорго кол коюу кечиктирилип келген болчу. Ал талаптардын биринчиси – Кытай каржылап жаткан долбоорлор үчүн бажы жагынан жеңилдикти калтыруу. Экинчиден, республикадагы ветеринардык кызматтарга аудит жүргүзбөө талабын койгон эле. Расмий маалыматтарга караганда, бул маселелер Кыргызстандын өтүнүчүн кабыл алуу менен чечилди. Демек, биз өз мамлекетибиздин кызыкчылыгын чечүү менен бирге аталган биримдикке кадам таштадык десек туура болот.
Эми биз бул биримдиктин жалпы рыногуна шайкеш келе тургандай талаптарды учурда көрсөтүлүп жаткан жардамдардын негизинде жасап алышыбыз шарт. Учурда Россия, Казакстандын базарларында Кыргызстандан тигилген кийим-кечектер кеңири жайылганын билебиз. Эми биримдикке кирүү менен бирге бул өнөр жайын дагы да кеңири жайылта алабыз. Андан сырткары, мал чарбачылыгын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө эң сонун кырдаал түзүлүп турат. Алдыда Москвада кол коюлган протоколдор өткөн жылы Минскиде Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине кабыл алуу боюнча келишим менен биргеликте парламенттерге ратификациялоо үчүн жөнөтүлөт. Алдын-ала божомолдор боюнча Жогорку Кеңеш каникулга таркаганга чейин бул келишимди ратификациялоого үлгүрөт. Андан кийин гана келишим расмий күчүнө кирмекчи.
Көз карандысыз эксперттердин пикиринде, кыргыз бийлиги өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоп, өз позициясына бекем турду. Ар кыл тоскоолдуктарга карабастан, акыры биз каалагандай шартта ЕАЭБге кошулдук. Экономика жаатында эксперт Жумакадыр Акенеев жергиликтүү сайттардын бирине курган маегинде бул окуяны чоң жеңиш катары сыпаттаган. Анын айтымында, ЕАЭБке кошулушубуз айрымдар божомолдоп аткандай ири долбоорлорго кедергисин тийгизбейт. «Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине өзүнүн кызыкчылыктарын толук коргоп киргени биздин өлкө үчүн өтө чоң жеңиш. Мисалы, Кытай менен биргеликте салынып жаткан ири долбоорлорго келе турган жабдыктар эски эле шарттар менен ташыла берет. Ошол эле Бишкек ТЭЦин жаңылоо, түндүк-түштүк альтернативдүү жолдун курулушу сыяктуу долбоорлор өтө чоң каражатка салынып жатат. Андан сырткары темир жол салабыз деп жатабыз. Ушундай долбоорлорго Бажы биримдигине киргенден кийин да эски шарт менен жабдыктардын алынып келиниши Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу» дейт ал.
Улуттук кызыкчылык демекчи, Кыргызстан ЕАЭБге «ураалап» эле кирип кеткен жок. Кыргыз-орус биргелешкен инвестициялык фонду түзүлдү. Лабораториялык ишканаларды куруш үчүн ири каражат бөлүндү. Аталган уюмга кошулуу үчүн Кыргызстанга жалпы жонунан 1,2 млрд. доллар бөлүү чечими кабыл алынды. Бул каражаттын алгачкы бөлүгү келип түштү. Убагында Кыргызстан дүйнөлүк соода уюму сыяктуу ири уюмдарга кошулганда мындай жеңилдиктер каралган эмес. Демек, азыркы бийлик Евразиялык экономикалык биримдикке кошулууда Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгын баарынан жогору койду десек жаңылышпайбыз.
Албетте, бул Кыргызстандын экономикалык карым-катышты кеңейтүү багытына жасаган алгачкы гана кадамы.

Акылбек Чынтемиров