Кыргызстанда жалданма эненин кызматы канча турат?

surrogatДүйнө жүзүндө балалуу боло албаган үй-бүлөлөр «жалданма эненин» кызматын кеңири колдонушат. Мындан Кыргызстан дагы четте калган жок. Жарнамаларда «жалданма эне керек» же «бала төрөп берем» деген саптарды көрүп эле жүрөбүз. Кыргызстанда башка аялдын жардамы менен балалуу болгондордун саны уламдан-улам көбөйүп баратканы менен бул ыкма мыйзам чегинде дагы, медициналык жактардан дагы колго алынбай келет. «Бирөөнү жалдап бала төрөтүүгө мыйзам боюнча тыюe салынган эмес. Бирок ал мыйзам турмуш жүзүндө колдонулбайт, анткени кемчиликтери көп. Азыр ошол мыйзам иштеши үчүн оңдоп-түзөтүү алдында турат» дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин эне жана баланы коргоо бөлүмүнүн башчысы Айгүл Бообекова.

Гүлзина МАДРАИМОВА, психолог: «Жалданма эне баланы эмизбегени туура»

Үйбүлөгө тиешеси жок адамдын жардамы менен бала күтүү өтө орчундуу маселе экенин адистер айтышат. Мындай учурда жалданма энеге да, баланы күтүп жаткан үйбүлөгө дагы психологиялык жардам керек. Бул тууралуу үйбүлөлүк псиохолог Гүлзина Мадраимова айтып берди:

– Бул баланы төрөчү да, алчу да аял үчүн өтө кылдат карай турган маселе. Анткени, 9 ай толгонуп көтөргөн баланы төрөп туруп бирөөнүн колуна карматып коюу оңой эмес. Биринчиден, төрөп берчү аялдын психологиясына кайрылсак, биологиялык эне өзүн, орой айтканда, жөн гана «инкубатор» эненин билиши керек. Ичиндеги балага мээримин төкпөй, башка бирөөнүн баласындай мамиле кылганы жакшы. Боюна болгон күндөн тарта «мен бул баланы төрөп, бир үйбүлөнүн багын ачам, өзүм дагы финансылык абалымды бекемдейм» деген ой менен жашашы зарыл. Негизи айрым ата-энелер балабыз уз сүтүн эмсин деп төрөгөн аялга алгачкы күндөрү эмизип бөрүүсүн суранышат. Бул чоң жаңылыштык. Анткени, эне менен баланын ортосундагы жылуулук дал ошол эне сүтүнөн башталат. Эмизе баштаганда автоматтык түрдө аялдын мээрими төгүлүп, жүрөгү жылыйт.

– Ал эми баланы ала турган аялды кантип даярдоо керек?
– Өзү төрөй албаган аялдар мындай учурда өзүн күнөөлүү сезип, ичтен сызып жүрө берет, чүнчүйт. Экинчиден, 90% учурда «төрөлгөн баланы биологиялык энеси» бербей койсочу деген корнунучта жашайт. Бул жагын юридикалык жагдай деп коелу. Башка аял төрөгөн балага эне болчу аялдарга берер кеңешим, кыргызда «бала тапкандыкы эмес, баккандыкы» деп айтылат. Дүйнөдө бакма баланын бактылуу энеси болуп жүргөндөр толтура. Медициналык практикада ымыркай багып алган энелер мээримин төгүп, чын дилинен берилсе, эмчегинен сүт чыгып кеткен учурлар болгон. Өзү төрөй албаса эле, ал эне болуу бактысына татыктуу эмес деген туура эмес ой.

 Дамира, жалданма эне болууну каалаган айым: «Үй сатып алуу үчүн жалданма эне болуп атам»

«Жалданма эне» болом деген жарыядан Дамира деген айымдын номерин алып, кардар болумуш болуп телефон чалдык.

– Саламатсыңарбы, Дамира! «Жалданма эне болом» дептирсиз. Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– 30 жаштамын, билимим жогору. Күйөөм, 3 балам бар. Улуу кызым – 10, кичүү уулум – 1 жашта. Ден-соолугум жакшы, жугуштуу оорум жок, операция болгон эмесмин. Үч баламда тең толгоом да, төрөтүм да жеңил болгон. Эң көп дегенде 15 минутанын ичинде төрөйм. Баарын тең операциясыз, өзүм төрөгөм. Ичимдик ичпейм, тамеки тартпайм. Каным 1-топто. Боюм – 168 см, салмагым дайыма 55 килограммдын тегерегинде жүрөт. Өзүм ак жуумал, чачым, көзүм кара.

– Кандай шарттарыңыз бар?
– Боюмда болгон күндөн баштап ар бир айда тамак-ашка – 300, кийим-кечеме – 300 доллардан төлөп турасыңар. Бул менин колума бере турган акча. Ал эми оорукана, дары-дармекке кете турган акчаны мени менен чогуу барып, өзүңөр төлөшүңөр керек. Төрөткө бир жума калганда 15 миң доллар беришиңер керек. 6-7 айга чейин үйбүлөм менен жашайм. Анткени, балдарымды карашым керек. Андан кийин силер ижарага батир алып бергиле, төрөгүчө ошол жакта болом. Ал жакка өзүңөр бат-баттан келип, эне болгусу келген аял чогуу жашап турса дагы болот.

– Буга күйөөңүз кандай карайт?
– Ал бардык шартка макул, бул чечимди чогуу кабыл алганбыз.

– Эмнеге бирөөгө бала төрөп берем деп чечтиңиз?
– Бизге акча керек. Үйлөнгөндөн бери күйөөмдүн ата-энеси менен жашап атабыз. Үй тар, аябай тажадым ушундай жашоодон. Үй сатып алганга акчабыз жетпей аткандыктан ушул жолго барып отурам.

– Документтерди нотариус аркылуу бүтүрөбүзбү?
– Албетте, ошондо мага да тынчыраак болот. Мен эмнеге төрөткө бир жума калганда акчасын бересиңер деп атам. Анткени, баласын төрөтүп алып, акчасын толук бербей койгондор болот экен. Менин болгон шарттарым ушул. Калганын кезигип сүйлөшөлү. Документтерин өзүңөр даярдап алып келгиле, кол коюп берем. Баланы бербей коет деп коркпогула. Өзүмдүн 3 балам жетет өзүмө.

Кемел, жалданма эне издеген кардар: «Буга чейин да жалдап, Алматыдан уруктандырсак боюна бүтпөй калды»

Бул жарнамалардан жалданма эненин кызматына муктаж болгон үйбүлөнү да таптык. Кемел аттуу мырза аялы экөө 6 жылдан бери балалуу боло албай, бала төрөп бере тургана йымды издеп жүрүшөт.

– Кемел, силер жалданма эне издеп аткан турбайсыңарбы? Мен өз кызматымды сунуш кылайын дедим эле. Шартыңар кандай?
– Бизге жашы 32ге чейин өзүнүн 2-3 баласы бар, акыркысы 5 жашка чыга элек кыргыз аял керек. Балдарын операциясыз төрөгөн, тукум кууган оорулары жок, каны 1 же 2-топто болсун. Жерлиги роль ойнобойт. Бирок боюнда болгондон баштап биз менен чогуу жашаса дейбиз. Эгер иштеп аткан аял болсо, боюнда 5 айлык болгондо декретке чыгышы керек. Анализдеринин акчасын өзүбүз төлөп текшертебиз башында.

– Акчасын кантип төлөйсүңөр?
– Дары-дармек, кийим-кечесинен сырткары, айына 250 доллардан, төрөгөндөн кийин 10 миң доллар беребиз.

– 10 миң доллар аз болуп калат го?
– Буга чейин дагы бир аялга аракет кылганбыз. Алматыда анализ, дары, батир, тамак-ашын өзүбүз төлөп 1 ай жашадык. Ал жерде эң жакшы деген клиникада уруктандырдык эле, боюна болбой койду. Уруктандыруусунун акчасын кошкондо 10 миң доллардан көп акча кетти. Бирок ал кыз баланы берерде 8 миң берсеңер болот деген. Менимче, 10 миң доллар жакшы эле сумма.

– Байке, шашпай дагы сүйлөшөлү. Жакшы туруңуз.

Бишкекте жасалма уруктандыруу 4500 доллар турат

Жалданма энени уруктандыруу үчүн көпчүлүк ата-энелер Россия же Казактсандын клиникаларынын кызматын колдонушат. Ал эми Кыргызстанда жасалма жол менен уруктандыруу кызматын бир гана профессор Асымбекованын клиникасында көрсөтөт. Ал жерде бул ыкма 5 жылдан бери ишке ашырылып келет. Клиникадан билдиришкендей, 5 жыл аралыгында кайрылган бардык аялдардын 30-40%ынын боюна бүткөн. Кызматтын баасы 2700дөн 4500 долларга чейин турат. Ал эми Коңшу Казакстанда жасалма уруктандыруунун баасы – 6 миң доллардан өйдө болсо, Россиялык клиникалар бул кызматты башка өлкөлөрдүн жарандарына 7 миң доллардан жогору акчага сунуштайт.

Жалданма энени кантип уруктандырат?

  1. Жалданма эненин бир циклде жумуртка клеткалары жетиштүү өнүгүшү үчүн атайын дары-дармектерди беришет. Эгер кандайдыр бир себептер менен аны кылууга мүмкүн болбосо, башка донордукун алып, тоңдуруп коюшат.
  2. Аялга кыска мөөнөттүк наркоз берип, атайын ийненин жардамы менен жумурткалыгынан даяр болгон жумуртка клеткаларды алышат.
  3. Ошол эле маалда клиникада ата боло турган эркек өз уруктарын берет. Эгер эркек тукумсуз болсо, донордун уругун алууга туура келет.
  4. Репродуктолог жумуртка клеткалары менен урукту кошуп, 3-5 күн алардын жашап кетүүсүн көзөмөлдөйт.
  5. Жетилген эмбриондорду эненин жатынына салышат.
  6. Аял боюна бүткөн, бүтпөгөндүгүн билүү үчүн анализ тапшырат. Боюнда болсо, мындан аркы процесс кадимки эле жол менен боюна бүткөн аялдардыкы сыяктуу улана берет.

Мыйзам жагы кандай?

Кыргызстанда жалданма эне болуу мыйзам нормасында калыпка салынган жана аны коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салынган эмес. Жалданма эне болууну каалаган аялга бирден бир коюлуучу талап болуп ал аялдын өзүнүн экиден кем эмес баласы болуусу керектиги айтылат. «Жарандардын репродуктивдүү укуктары» жөнүндө мыйзамдын 18-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жалданма энеликке 18 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндерди алууга болот. Психикалык абалына, ден соолугуна, генетикасын көңүл бурулат.

Нике жана үй-бүлө жөнүндө мыйзам боюнча ата-эне болуп жубайлар эсептелинишет. Никеге тура элек жарандар потенциалдуу ата-эне боло алышпайт. Ошондой эле жубайлардын экөөсүнүн тең жалданма эненин кызматынан пайдаланууга макулдугу керек. «Жалданма эненин кызматынан пайдалануу» деген 18-беренеде жалданма эне болуунун шарттары кеңири айтылган.

Муктаждык пайда болгон жарандар жалданма эненин кызматынан пайдалануу менен ата-эне болууга укуктуу. Жалданма эненин кызматынан пайдалануу келишимдин нотариалдык тастыктоосу менен гана жарамдуу. Эгер жалданма эне никелүү болсо, келишимдин түзүлүшүнө жубайлардын экөөсүнүн тең макулдугу керек. Келишим жубайлар, же алардын кызыкчылыгын коргогон жарандар жана жалданма эне болууга, бойдо көтөрүп, төрөп берүү максатында эмбрионду имплантациялоого макулдугун берген аялдын ортосунда түзүлөт.

Жалданма эне милдеттүү түрдө кош бойлуулуктун алгачкы айларында (12 жумага чейин) медициналык каттоого турушу керек. Убакыт-сааты менен врачтын көзөмөлүндө болуп жана врачтардын көрсөтмөсүн сөзсүз түрдө аткарууга, өзүнүн ден-соолугун ар дайым көзөмөлдөөгө, тамеки чегүүдөн, баңгизаттарды колдонуудан, ичимдик ичүүдөн алыс болууга, милдеттүү. Жалданма эне түйүлдүктүн ата-энесинин чогуу жашабаган шартта кош бойлуулуктун ар бир белгиси менен ата-энени кабардар кылып турушу керек.

Жалданма энеге эмбрионду имплантациялоого макулдугун берген жубайлар кош бойлуулук учурундагы ден соолукту чыңдоо үчүн кеткен жана төрөттөгү, төрөттөн кийинки материалдык чыгымдарды келишимдин негизинде көтөрүшөт.

Бири бири менен никеде турган, башка аялга эмбрионду төрөп берүү максатында имплантациялоого макулдугун берген жубайлардын ысымы бала төрөлгөндө баланын ата-энеси катары жарандык абал актынын китепчесине жазылат.

Жалданма эне менен келишим түзгөн жубайлар жарандык абал актысынын китепчесине баланын ата-энеси катары жазылып, каттоо болгонго чейин баладан баш тартууга акысы жок.

Жубайлардын китепчеге баланын ата-энеси катары катталуудан жалданма эне ал баланы кабыл алууга даярдыгын билдирген учурда гана баш тартууга акылуу.

 Бала чарчап калган учурда же баладан ата-эне баш тартса жалданма эне менен келишим түзгөн тарап жалданма энеден медициналык кызматтарга кеткен чыгымдарды, ошондой эле бала төрөлгөндө берилүүчү сумманы кайтарып алууга болбойт.

Жалданма эне төрөлгөн баланы өзү менен келишим түзгөн жубайлардан башка эч кимге бере албайт.

 Жалданма эне баланы ата-энесине өткөрүп бергенден кийин ал балага карата болгон укуктарынан ажыратылат. Андан кийин жалданма эне баланын, же анын ата-энесинин тынчын алса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчиликке тартылат.