Кыргызстандын айыл-чарбасын талкалаган АПЕАК программасы

Par1336786“Полит Клиника” Кыргыз экономикасынын түбүнө жеткен программалар, алардын жүргүзгөн саясаты, аткарган иштери тууралуу макалалар түрмөгү менен тааныштырууну улантат. Гезитибиздин өткөн санында биз Кыргызстандын өнөр жайын талкалап жок кылган ПЕСАК программасы тууралуу сөз кылганбыз. Бүгүн болсо айыл чарбасын аңга кептеген АПЕАК программасы жөнүндө кеп болмокчу.

АПЕАК – программасы Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган деп айтылганы менен иш жүзүндө жүздөгөн колхоз-совхоздордун түбүнө жетип, дыйканчылыкты да, малчылыкты да кыйраткан.
Сөзүбүз куру болбосун үчүн айта кетели, Союз кулашына аз убакыт калган 1985-жылы республикадагы ар бир чарбада орто эсеп менен 72 трактор, 36 жүк ташуучу машина, 20 комбайн жана башка айыл, мал чарбачылыгына керектүү техникалар болгон. Агрардык комплекс толугу менен механизациялаштырылган болчу. Колхоз-совхоздордун баары толугу менен электрлештирилип, бул дагы өз кезегинде айыл чарба өндүрүшүнүн ишин тездетүүгө, дыйкандар менен малчылардын жашоосун жеңилдетүүгө шарт түзүп берген.
Кыргызстандын кургак жана ысык климатына байланыштуу сугат тармагына да көңүл бөлүнүп, бул үчүн 1,5 млрд рубль бөлүнгөн. Бул каражатка суу сактагычтар, сугат системалары курулган. 1985-жылы Кыргызстандагы сугат жерлердин аянты миллион гектардан ашып түшкөн.
АПЕАК программасы 1995-жылы башталган. Бул программаны Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк 41,8 млн доллар бөлгөн. Андан тышкары аталган программага кошумча Азия өнүктүрүү банкы 1996-жылы дагы 19,3 млн доллар каражат берген.

576 колхоз менен совхоздун ордуна 300 миң фермерлик чарба
АПЕАК программасынын ишке кириши менен Кыргызстанда 576 колхоз-совхоз жоюлуп, алардын ордуна жеке менчикке негизделген фермердик чарбалар пайда болгон. Мурда мамлекетке таандык болгон мал жандыктардан тартып, айдоо аянттарына чейин менчикке чыгарылган. Мурунку колхоз-совхоздорго таандык айыл чарба техникаларын, шаймандарын, имараттарды ошол кездердеги активдер, колунда акчасы барлар арзыбаган баага оңой эле сатып алып коюшкан. Канчалаган МТСтер, асыл тукум мал заводдору, үрөнчүлүк заводдору да кыска убакыттын ичинде талап-тонолуп, арзан баага сатылып жок болгон. Ал эми айдоо аянттарынын болгону 25 пайыздайы гана мамлекеттин колунда калган. Бүгүнкү күнгө чейин бул көрсөткүч дагы канчага кыскарганы толук белгисиз.
Ошол кездеги легендарлуу парламенттин депутаты, айыл чарба министри да болуп иштеп турган адис Жамин Акималиевдин айтымында, АПЕАК сыяктуу эл аралык долбоорлор айыл чарбасына пайда келтирбей эле, зыян келтирип, талкалап кеткен.

– 500дөн ашуун колхоз-совхоздун ордуна 300 миңдей жеке менчик чарбалар пайда болду. Бөлүнүп-жарылып отуруп, Кыргызстан айыл чарбасы өнүккөн өлкөлөрдүн арасынан, тескерисинче, артта калган өлкөгө айланып калды. Мен ошол тушта легендарлуу парламентте депутат элем, президент Аскар Акаевдин айыл чарбасын менчикке чыгаруу тууралуу демилгелерин парламент улам-улам четке кагып, айыл чарбасын сактап калалы деп келгенбиз. Аягында Аскар Акаевди ошол чет өлкөлүк кеңешчилери таптакыр башка жолго салып, өзүнүн указы менен гана иштей баштады. Ал “Бекболот Талгарбеков деген жигитти Америкага жиберип, окутуптур, ал Америкада жеке чарбаларды көрүп келиптир” деп угуп калдык. Бирок ошол учурда Америкадагы жеке чарбаларда кеминде 500 миң гектардан болгон, майда чарбалар эчак эле жок болгон болчу. Мына ушуну билишкен жок. Мен ошондо президент Акаевге бир нече жолу кирип, “Айыл чарбасын талкалабай кое туруңуз, үрөн чарбаларын, МТСтерди, техсервистерди тийбей эле сактап калалы. Жеке менчикке барчу болсок, акырындык менен баралы” деп айтып чыктым. Бирок, тилекке каршы, ал киши бизди уккан жок, ошол программалар менен келген чет элдик консультанттардын сөзүн угуп туруп алды.
Маалыматтар боюнча, АПЕАКтын башында кесиби айыл чарбасынан алыс, курулушчу түрк жараны болгон. Анын ошол кездеги айлык акысы 5 миң доллардан болгон деп айтылат. Ал эми анын жергиликтүү кеңешчилери болгон айрым илимий кызматкерлер 100-150 доллардан айлык алышкан.

Австралиядан 2 700 доллардан апкелинген койлор
Ал эми мал чарбачылыгы тууралуу сөз кыла турган болсок, Кыргызстан союздун дээрлик бардык республикаларын эт жана жүн менен камсыз кылып турган. Мал чарбачылыгынын ичинен кой чарбасы алдыңкы орунда болуп, Кыргызстандын айыл чарбасынан алган кирешесинин 34%, ал эми мал чарбасынан алынган кирешесинин жарымынан көбүн кой чарбасы берип турган.
1995-жылы ишке кирген программа боюнча Кыргызстандын кой чарбачылыгын иштетүүгө Дүйнөлүк банк 17 млн доллар бөлөт. Жергиликтүү чабандар менен чарбакерлер буга кубанып, бул акчага Кыргызстанда да Америкадагыдай заманбап фермаларды курууга болот, техникаларды жаңылоого болот деп кубанып турушкан кезде, 17 млн доллар сырттан асыл тукум кой сатып алууга жумшалат экен деген маалымат чыгып калат. Чындыгында эле, Австралиядан самолет менен 300 баш кочкор алып келишет, алардын ар биринин баасы 2 700 долларга түшкөн. Мындан тышкары кымындай токтуларды ар бирин 1 200 доллардан сатып келишкен. Булардын баары көп өтпөй, Кыргызстандын климатына чыдай албай, кой чарбасын өнүктүрүүгө да салым кошо албай, өлүп калышкан. Жамин Акималиевдин айтуусунда, ага чейин эле Ысык-Көлдө “Оргочор” деген тажрыйба станциясында 24 кг жүн берген “Ак кочкор” породасындагы кочкорлор бар болчу. Ошондогу бийлик аларды көбөйтүп, пайдасын көрүүнүн ордуна, тескерисинче жер түбүндөгү Австралиядан асыл тукум кой апкелебиз деп, 17 млн доллардын түбүнө жетишкен. Ошону менен бул каражат максатсыз пайдаланылып, коррупцияга жем болуп кете берген.

АПЕАК асыл тукум малды жок кылган
Кыргызстанда мал, кой, жылкылардын тукумун жакшыртуучу 22 асыл тукум чарбасы болгон. Булар ар бир аймакта: Ошто, Таласта, Нарында, Ысык-Көлдө, Чүйдө – дээрлик бардык жерде асыл тукум чарбалар, жылкы заводдору иштеп турган. Чолпон-Атадагы №54 жылкы заводун кийин Акаевдер өзүнө тартып алышканы белгилүү.
Союздун тушунда Кыргызстандын өзүндө асыл тукумдуу малдын породалары пайда болуп, башка республикаларга сатылып турган. Койлордон “кыргыз уяң жүндүү”, “жарым уяң жүндүү” деген уяң жүндүү породалары чыккан. Атайын килем согууга керектелүүчү “Алай” породасындагы койлор болгон. Жылкылардын ичинде “Кыргыз аты” деген, уйлардын арасында сүттүүлүгү жагынан алдыда болгон “Ала Тоо” деген породадагы асыл тукум уйлар өстүрүлүп турган. Натыйжада, АПЕАК сыяктуу эл аралык “өнүктүрүү” программаларынын негизинде булардын бири да калган эмес.
1990-жылдардан бери Кыргызстандын айыл чарбасын өстүрүүгө 500 млн доллар берилген, бирок көрүнүктүү пайдасы болгон жок. Бүгүнкү күндө дыйкандар менен малчылар өздөрүнүн аракети менен айыл чарба тармагын жакшыртууга салым кошуп жатышкан учуру. Алар дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан заманбап техникаларды, үрөндөрдүн түрлөрүн апкелип, өсүмдүктөрдү сугаруунун ыкмаларын үйрөнүп, өз алдыларынча аракеттенишүүдө. Буга ошондой эле мал чарбачылыгындагы өсүш да адамдардын жеке аракеттери менен ишке ашууда.

Альбина Караева

Темага кыстырма
90-жылдары Бекболот Талгарбеков Жалал-Абад облусуна губернатор болуп барат. Май айларында “ГАЗ-31 10” Волгасына чалкалап отуруп алып баратса, жол жээгинде бир киши жапжашыл болуп өсүп турган бактын башына чыгып алып, дал ошол жапжашыл жалбырактары бар бутактарын кыйып атыптыр. Муну көрүп алып, көзү чанагынан чыккан Талгарбеков шоопуруна “токтот!” деп бир кыйкырып алат да, токтоп үлгүрө элек машинеден түшө калып, тиги бак кыйып аткан кишинин ата-жотосун жеткире сөгүп кирет. “Дурайын, не бул жашыл бакты кыйып атасың?!” деп эле кыйкырып атса, тиги бак кыйып аткан киши алдындагы губернатор экенин деле билбесе керек, айтор, тиги түшкөн машинеден улам, бир чоң турганын байкаса керек, шоопуруна карап, “Аке, айтып коюңузчу буга, мен тыт кыйып атам, бариктерин куртка беребиз” дептир. Шоопуру араңдан зорго шефин жооткотуп, ага тыт менен куртту (жибек курту тыттын бариктери менен азыктанат) түшүндүрүп берген дешет. Мына ушундай кишилер алыскы Америкадан “окуп келип алып”, Кыргызстандын айыл чарбасын “өнүктүрүшкөн”.