Мамытбай САЛЫМБЕКОВ, ЖК депутаты: “Мен битирмин”

m_salymbekov1

– Үй-бүлөдө ким көбүрөөк каражат табат, сизби же жубайыңызбы?
– Менимче, жубайым экөөбүз тең бирдей эле суммадагы каражат табабыз.

– Эркектерге сүйүү бир нече жолу келип турат экен. Ушул жашыңызда жаш кызды сүйүп калсаңыз эмне кылмаксыз?
– Мен эми бирөөнү сүйүп калуу сезиминен деле өтүп калдым да (күлүп). «Сүйүүгө айла жок» дегендей, албетте, андай нерседен Кудай сактасын. Мен ушул жашка келгиче жубайымдан башка эч бир жанды сүйгөн эмесмин жана сүйбөйм дагы.

– Жубайыңыздын таарынычын кантип жазасыз?
– Негизи кемпирим көп деле таарынбайт. Ал бир нерсеге капа болгондо андан эмнеге капа болуп турганын сурап, андан соң таарынып жаткан маселесин жакшы нукка бурганга аракет кылам.

– Депрессияга көп кабыласызбы? Мындай учурлардан кантип чыгасыз?
– Жок, мен депрессияга кабылбайм. Депрессияга кабылуу үчүн кандайдыр бир жандүйнөңдү кыйнаган маселе болушу керек. Мен көпчүлүк убактымды кызматыма жумшагандыктан менде андай абал боло элек. Жарык дүйнө деп жашап турганда эч качан маанайым чөкпөйт.

– Жубайыңыздын кайсы сапаттарын жактырып турмуш курдуңуз эле?
– Колуктумдун бардык сапаттарын жактырам жана баалайм. Ойлонсом анын эч бир жаман сапатты жок экен.

– Кандайча таанышып калгансыз?
– Жаш кезимде тааныштарымдын үйлөнүү тоюна барып ошол жерден жеңеңер менен таанышып, аны жактырып калгам. Андан кийин жолуктук. Үчүнчү жолу жолукканда мен, “үйлөнүп албайлыбы?” деп сөз айткам. Мына ошентип баш кошуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап келе жатабыз.

– Бул  жашоодо сизди өкүндүргөн эмне?
– Бул жашоодо мени адамдардын алсыздыгы өкүндүрөт. Адамдар алсыз болушпаса дейм да.

– Эркиндик сиз үчүн?
– Эркиндик деген эч кимге көз каранды болбой эркин басып, өз оюнду ачык айтып, бирөөнүн көзүн тиктеп, же акчасын карабай өз алдынча иштеп, үй-бүлөнү багуу.

m_salymbekov3– Өзүңүздү кандай адаммын деп эсептейсиз?
– Ким эле өзүн жаман адаммын десин. Мен өзүмдү өтө эле мактап жакшы адамдарга да, аябай жамандап жаман адамдардын катарына да кошпойм. Башкача айтканда, өтө жакшы эмес, өтө жаман эмес адамдардын тизмесин толуктайт болушум керек.

– Көбү мектепти аяктагандан кийин классташтары менен катышпай калат эмеспи. Сиздин классташтарыңыз менен болгон мамилеңиз кандай?
– Азыр классташтарымдын бардыгы үй-бүлө куруп, бала-чакалуу. Айрымдар орто мектебинин аяктагандан кийин эле парталаш, классташтары менен жолукпай калышат. Биздики андай эмес. Мектепти бүткөнүбүзгө көп жыл өткөнүнө карабастан, классташтар тез-тезден жолугуп, чайлашып турабыз. Ортодогу мамилелерибиз абдан жакшы.

– Кыздардын сезимдерин биринчи айткандарына көз карашың кандай?
– Эмне үчүн сүйүп калса сүйүү сезимдерин билдирбей, жашырышы керек? Буга көз карашым жакшы эле. Анткени, кыз менен баланын коомдо алган орду бирдей. Эгер кыз баланы жактырып калса жактыруу сезимин билдире берсин. Ошол эле учурда муну жигит да туура кабыл алышы зарыл. Балким, эки жаштан бекем үйбүлө жаралып калат чыгаар.

– Үйдөгү минфин ким? Акчаны ким кармайт?
– Албетте, кемпирим (күлүп). Негизи эле үйбүлөдө эркек кармай турган акча болот. Ошол эле учурда аял кармай турган акча болот. Аял кармай турган каражат бул өзүнө жана үйгө керектүү оокаттарды алганга сарпталат. Ал эми эркек кармай турган акча анын ишмердүүлүгүнө сарпталуучу каражат болуп саналат.

– Социалдык тармактардагы өзүңүз тууралуу айтылган сын-пикирлерди окуйсузбу? Негизи эле дарегиңизге айтылган сын-пикирлерди кандай кабыл аласыз?
– Албетте, окуйм. Менин дарегиме айтылган кандай гана сын-пикир болбосун туура кабыл алам. Анткени, ар бир адам өзүнүн жеке көз карашы менен карайт. Ал эми көз караш ар бир адамда ар башкача болот. Ошону менен бирдикте алардын деңгээли да ар түрдүү болот.

m_salymbekov2– Акыркы жолу сизге айтылган жагымдуу сөз?
– Мага көпчүлүк тааныштарым «сен позитивдүү адамсың”  деп айтышат. Алардын ошол айткан сөзү мага абдан жагымдуу болот.

– Бир туугандарыңыздын арасынан кимисине жакынсыз?
– Менин улуу агам жана кичүү иним бар. Кандайдыр кеңешчү маселелер болуп калса, экөө менен тең бирдей кеңешип, акылдашам. Башкача айтканда, эки бир тууганыма тең жакынмын.

– Үйдө кайсы жумуштарды аткарасыз? Мык кагып, үй салганды, мал сойгонду, бакканды билесизби?
– Ар бир мен кыргызмын деген жигиттер жогорудагы жумуштардын баардыгын билиши абзел. Мисалы, мен деле уйдун богун чыгарам, чөбүн салам, суу берем дегендей.

– Ичимдиктин кайсы түрүн ичесиз?
– Жок, мен таптакыр ичпейм, ажымын.

– Биринчи балаңыз төрөлгөн күндү эстеп берсениз, майладыңыз беле?
– Ал кезде мен студент болчумун. Келинчегим төрөгөндө, “мен да балалуу болуп, мен дагы ата болот экенмин ээ” деген башкача сезимдер пайда болгон. Кубанычым койнума батпай, досторум менен “Сейил” рестаранына келип кымыз ичкенибиз эч эсимден кетпейт.

Битирсизби? Акчаны кантип сактайсыз?
– Азыркы заманда битир эмес киши жокко (күлүп). Ооба, битир элемин. Акчаны чөнтөгүмө эле сактайм.

– Азыр чөнтөгүңүздө канча сом бар?
– Күлүп, азыр чөнтөгүмдө 1900 сом акчам бар.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА