Марат Султанов, ЖК депутаты: «Кумтөр маселесин чечүү үчүн бирдиктүү көз карашка келишибиз керек»

Marat Sultanov-Марат мырза, бүгүнкү саясий, экономикалык абалды кандай баалайсыз?
-Бүгүнкү биздин саясий-экономикалык абалыбыз сасык тумоo менен oоруп жаткан адам сыяктуу. Температурасы бар, чүчкүрɵт, бирок анча-мынча жумуш аткарганга, ары-бери басып жүргɵнгɵ мүмкүнчүлүгү бар. Эгер тyура дарыланса тез эле айыгып кеткенге бүт мүмкүнчүлүктɵрү жетет, а бирок ооруну күчɵтүп жиберсе, бул чоң кɵйгɵйлɵрдү алып келиши мүмкүн.

– Ушул жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен экономикада 6 % өсүш болгону айтылды. Бул реалдуу көрсөткүчпү? Же жөн гана курулай цифрабы?
-Расмий статистика 6 % эмес, 7% ɵсүштү кɵрсɵттү. Бул Кытайдын экономикасынын ɵсүшү менен барабар! Европа, АКШ жана биздин кошуналарыбыз бул кɵрсɵткүчтү эңсеп жүргɵн убагы. Бирок эл бул ɵсүштү сезбейт. Эмне үчүн? Себеби, биздин экономикабыздын структурасы ɵзгɵчɵ. “Кумтɵрдүн” салымы абдан чоң. Эгерде бул ишкананы эске албасак, ɵсүш 3,4% болду. Бул ɵсүштү да негизинен 2 нерсе берди: курулушчулар менен керектɵɵ тармагындагы мейманкана менен ресторан бизнестери. Курулушчулар кɵп турак-жай курушууда, бирок алар акчанын артынан жүгүрүшүп, ой келген жерде эле имараттарды салышып, транспорт, суу жана канализациялардын мүмкүнчүлүгүн карашпайт. Ошондуктан эл арасында Бишкек чоң шаар түрүндɵгү айылга айланып баратат деген сɵз тарап кетти. Ал эми “Кумтɵрсүз” ɵнɵр жай дээрлик 3%, ал эми электр энергия, газ менен камсыздандыруу 6,5% түшүп кетти. Биздин жарандарыбыздын реалдуу айлык акысы (кирешеси) 2,5 %га тɵмɵндɵдү. Андан тышкары, Кыргызстандын эң негизги багуучулары – мигранттардан тɵлɵмдɵр 10-15%га тɵмɵндɵй түштү. Демек, 1-кварталдагы ɵсүштү туруктуу ɵсүш деп айтканга болбойт.

-Жоомарт Оторбаевдин өкмөт башчылыктан кетүүсү саясий-экономикалык кырдаалга кандай өзгөртүү киргизет?
-Анчалык деле ɵзгɵрүү болбойт. Себеби, коалициялык кɵпчүлүк калды, “жаңы” ɵкмɵт менен “эски” ɵкмɵт эгиз баладай эле. Эки- үч министр гана алмашты, болгондо да алардын ордуна мурдагы эле ɵкмɵттɵ иштеген инсандар келди. Жаңы ɵкмɵттүн программасы – Оторбаевдин программасы.

– Оторбаевдин өкмөт башчылыктан кетүүсүнүн чыныгы себеби эмнеде болду?
-Бул суроого Оторбаев ɵзү гана так жооп бере алат. Бирок мында “Кумтɵрдүн” да, энергетика тармагындагы кризистик абалдын да, саясаттын да салымы бар.

-«Кумтөр» маселеси туңгюукка кептелип калгандай туюлат. Деги “Кумтөрдү” Кыргызстандын, кыргыз элинин пайдасына чечсе болобу? Лорддору жок эле өзүбүз чечип алсак болбойт беле?
-Албетте, “Кумтɵр” маселесин чечсе болот, бирок биз мында бирдиктүү кɵз карашка келишибиз керек. Бизге “Кумтɵрдүн” негизинде кандай ишканага ээ болбойлу, эл аралык дэңгээлде иштеген, келечекте “Кумтɵрдɵ” алтын түгɵнгɵндɵн кийин да Кыргызстанга пайдасы тийген ишкана керекпи, же дагы бир 10 жыл иштетип пайда таап, бирок келечекте Кыргызстанды экологиялык проблемалар менен калтырган ишкана керекпи? Азыр дүйнɵ жүзүндɵ транс-улуттук корпорациялар (ишканалар) үстɵмдүк кылышат. Америка, Европа, Азиянын күчтүү корпорацияларынын дээрлик 90 пайызы алардын катарына кирет. Мисалы, Кока-Кола, Майкрософт, Гугл ж.б. Ал тургай Орусиянын кɵптɵгɵн ишканалары – Лукойл, Роснефть да транс-улуттук корпорациялардан болуп саналат. Демек, биз “Центеррадан” “Кумтɵрдү” бөлүп чыкканга аракет кылбай, тескерисинче, “Центеррада” Кыргызстандын таасирин күчɵтүшүбүз керек. Азыр “Центерра” “Кумтɵрдɵн” башка Монголияда, Түркияда, Россияда, Америка менен Канадада тоо-кен ишканаларга ээ. Алардын кɵпчүлүгүнүн алтынды бере турган убактысы жакындап келатат. Ошондуктан “Центерранын” менеджерлери Кыргызстанды бул ишканадан чыгарганга аракет жасап жатышат. Ал үчүн биз Кыргызстандын билимдүү жарандарын ишке тартканга аракет кылышыбыз керек. Мисалы, эл аралык чоң компанияларда иштеп, такшалып калган балдар аз эмес. Ошол эле Чолпонбек Жумашүкүровду, Аман Тентиевди, Насыбек уулу Самаганды ж.б. кɵптɵгɵн Кыргызстандын уул- кыздарын алгыла, булардын кɵбү эл аралык деңгээлде иштегенге даяр кадрлар. Аларга кошуп чоң тажрыйбага ээ болгон күчтүү эл аралык менеджерлерди чакырып, бирдиктүү күчтүү команданы түзүү аркылуу “Центерраны” Кыргызстандын пайдасына иштетсек болот.
Ал эми Кыргызалтын азыр ɵзү иштете албайт. Эмне үчүн Макмалды, Солтон- Сарыны азыркы убакка чейин жакшы иштете албай келатат? Бул ишканалар деле алтын чыгарышат. Бирок жакшы пайда бере албай жатышат. Себеби эффективдүү ишкана курам десең, жаны технологияларды, арзан кредиттерди, күчтүү адистерди тартышың керек. Ал эми мамлекет киришкен жерде биринчи орунда “сенин саясий кɵз карашың кандай, кайсы партияга жан тартасың, партиянын лидерлерине, депутаттарга жакынсыңбы?” деген суроолор, тилекке каршы, биринчи орунга чыгып кетет.
Мен “Кумтɵр” маселесинин чечилишин тɵмɵндɵгүдɵй кɵрɵм:
а) Келишим боюнча, “Центерра” Кыргызстандагы экологиялык мыйзамдардын негизинде иштеши керек. Демек биз бул мыйзамдардын негизинде “Центеррага” катуу талаптарды коё алабыз. Бизде Директорлор кеңешинде рычаг жок деген болбогон сɵз, куру кеп.
б) Азыркы Жерүйдү жаңы инвесторлорго бар болгону 100 млн долларга бербей, андан кɵрɵ – “Центеррага” Жерүйдү кошуп, акциялардын контролдук пакетине ээ болгонго аракет жасоо зарыл. Бул учурда Жерүйдүн тегерегиндеги талашта алар да биз тарапты колдогонго кызыгышат.
в) Мамлекет “Центеррага” “Кумтɵрдɵн” түшкɵн тɵлɵмдɵрдүн кеминде 2/3 бɵлүгү Кыргызстанда калыш керек деген шарт коюшу зарыл. Албетте, буга кредит менен инвестициялар кирбеши кажет.
г) Директорлор кеңешине күчтүү команда тандап, акциялардын азыраак пакетине ээ болгон жактар менен сүйлɵшүү жүргүзүш керек. Алардын кызыкчылыгы менен биздин кызыкчылык дал келет. Алар да жакшы дивиденд алгысы келет, алар да акциялардын баасынын жогорулашын каалашат. Демек биз туура жол кɵрсɵтсɵк, алар бизди сɵзсүз колдошот. Биз болсо эл, мамлекет үчүн чоң пайда табабыз. 15-30 жылдан кийин Кумтɵр да, Жерүй да иштетилип бүткөндɵ, Кыргызстан чоң корпорациянын негизги ээси болуп кала берет.

-Президенттин жакыны саналган Икрамжан Илмияновдун отставкасын кандай кабыл алдыңыз?
-Президент Атамбаев бул окуяда Кыргызстандын кызыкчылыгын алда канча жогору коё алды. Себеби ал оппозицияда жүрүп, бийликке каршы күрɵшүп жатканда Икрам анын жанында жүрүп саткан да эмес, таштаган да эмес. Бирок коомчулукта ал тууралуу терс пикир пайда болгондуктан, Президент бул отставканы кабыл алды. Бул туура кадам болду деп эсептейм. Ак үй менен байланышым жок, ошондуктан бул окуянын башка себептери жɵнүндɵ менде маалымат жок.

-Темир Сариевдин өкмөт башчы болуп келгени боюнча оюңуз кандай? Экономиканы алга жылдырып, өкмөттүн ишине өзгөртүү киргизе алабы?
-Темир мырзаны кɵптɵн бери тааныйм. Ал ɵзүн күчтүү ишкер, парламентте күчтүү депутат катары кɵрсɵтɵ алды. Ɵкмɵттɵ да жаман иштеди деп эч ким айта албайт. Албетте, жетишпегендиктер ишинде бар. Жетишпегендик, кемчилик кайсыл адамда жок? Иштебеген адамда гана! Бирок Темир Сариевдин ɵкмɵттүн ишине ɵзгɵртүү киргизиши кыйын. Себеби, коалициялык кɵпчүлүктɵ Сариевдин партиясы жок. Демек ал саясий таянычка толугу менен ээ эмес. Ɵкмɵттүн программасынын автору да Оторбаев, анын үстүнɵ шайлоо да жакындап калды. Демек коалиция ɵкмɵттɵн элге жагымдуу, бирок кээ бир учурларда стратегиялык жактан пайдасы жок чечимдерди кабыл алганды талап кылат. Чиновниктердин кɵпчүлүгү да түшүнүп турат, 6-7 айдан кийин жаңы парламент келип, ɵкмɵттү олуттуу ɵзгɵртүшү ыктымал, ошондуктан алар да реформаларды ишке ашырууда берилип, чын дилдеринен иштешпейт.

-Сариев ɵкмөт башчы катары эң биринчи кайсыл маселелерди чечүүсү зарыл деп ойлойсуз?
-Эң негизги маселелердин бири – биздин мигранттарга жакшы шарттарды түзүп берүү. Алар Кыргызстанга жыл сайын 2 млрд доллардан ашык каражат которушат. Бул биздин республикалык жылдык бюджеттен кɵбүрɵɵк каражат. Башында айтып кетпедимби, азыр бул тɵлɵмдɵр Россиядагы кризистин кесепетинен тɵмɵндɵй түштү. Эгер биздин жарандарды “кара тизмеден” чыгарсак, аларга жумушка орношуу боюнча жеңилдиктерге жетишсек, анда тɵлɵмдɵрдүн кɵлɵмүн сактап калганга мүмкүнчүлүк алат элек. Экинчи негизги маселе- туристтик сезонго болгон даярдык. Ал үчүн Ысык-Кɵл аймагын туруктуу электр энергиясы менен камсыздандыруу, Тамчы аэропортунун иштешине кɵмɵк кɵрсɵтүү жана Бишкек-Ысык-Кɵл жолунда айдоочуларга жакшы шарттарды түзүп берүү багытындагы иштер жасалышы зарыл. Мисалы, биз Кытайдан кредит алып, бул багытта жакшы жолдорду салуудабыз, бирок эмнегедир ал жолдорго автомагистраль макамын бербей жатабыз. Эгер бул макамды берсек, анда автоунаалар 110 км/саат ылдамдыкта, ал эми автобустар 90 км/саат ылдамдык менен жүрсɵ болот. Негедир ɵкмɵт ушул маселелерге кɵңүл бурбайт. Себеби алардын Жол коопсуздук кызматы менен иши жок. Үчүнчү багыт, бул келе жаткан кышка жана шайлоону таза ɵткɵрүүгɵ даярдык маселеси.

– Башмыйзамга 2020-жылга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбой турганына карабай, ЖК депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатышат. Сиз мындай демилгени колдойсузбу? Башмыйзамды өзгөртүүнүн зарылчылыгы бар беле?
-Мен бул демилгени колдобойм. Башмыйзамда жетишпегендиктер кɵп, аны эч ким танбайт. Бирок шашылыш түрдɵ парламенттик шайлоо менен кошо референдум ɵткɵрɵбүз деген депутаттарды негизинен эки эле маселе кызыктырат окшойт. Бир жагынан депутат премьер-министр болсо, мандатын тапшырбайт деген жагдай, экинчи жагынан премьер-министр акимдерди ɵзү коюп, ɵзү бошото алат деген маселе. Бирок акимге күчү жетпеген инсанды премьер-министр кылуунун кажети барбы? Бул суроого дагы так жооп алсак жакшы болмок. Эми парламенттик шайлоодо партиялар ɵз программалары менен эл аралай баштайт. Шайлоонун жыйынтыгы менен элдин кайсыл кɵз карашты колдогону билинет. Жаңы келген парламент келечекте Башмыйзамга ɵзгɵртүүлɵрдү шашылбай даярдай баштаса деле болмок да.

-Доллардын сомго карата куну асмандап барып, кайра бир аз тɵмɵндɵдү. Эми мындан ары кандай болот? Ушул бойдон сакталабы, же кайра эле кымбаттай башташы ыктымалбы?
-Эгер финансисттер валюталардын алмашуу наркын так билишкенде, алар абдан бай кишилерге айланышмак. 1992-жылы атактуу финансист Сорос Англиянын валютасына доллар басым жасаганда, валюталардын наркын туура болжолдоп, бир нече миллиард долларга байып кеткен. Бирок бир нече жылдан кийин Япониянын иенасы менен ушундай эле операция жасай коём деп, бир нече жүз миллион доллар чыгашага учураган. Ошондуктан валюталардын так курсун эч ким айта албайт. Узак мɵɵнɵттɵ валюталардын курсунун болжолдуу ɵзгɵрүү багытын айтса болот, бирок так курсту айтыш кыйын. Валютанын курсу экономикалык жагдай менен тыгыз байланышкан, ошондуктан менин кɵз карашым боюнча сомго басым күчɵп, күзгɵ барып доллардын сомго карата кымбаттоосу күтүлɵт.

– Бажы биримдигине 9-майда толугу менен кире турганыбыз айтылган болчу. Бирок майдын аягына жылдырылды…
-Биздин ɵкмɵт Кыргызстанга кээ бир багыттарда жеңилдиктерди сурап жатат. Ошого кирүү мɵɵнɵтү жылдырылууда. Ал эми Бажы биримдигине кирген мамлекеттер бул жеңилдиктер аларга зыян алып келеби же алып келбейби, ошону карап, изилдеп жатышат. Ошондуктан биз ɵкмɵттү биримдикке кирүүгɵ шаштырбай, Сариев айткандай, саясатка айлантпай, тескерисинче, бул аракеттерин колдошубуз керек.

-Экономиканы, финансы маселелерин жакшы түшүнгɵн адам катары айтсаңыз, Бажы биримдикке кирерибиз менен эң ириде экономикалык турмушубузда кандай өзгөрүүлөр күтүлөт?
– Башында эл аралык уюмдардын кɵбү ачык болбосо да, кɵмүскɵдɵ биздин Бажы биримдигине кирүүбүзгɵ каршы чыгышкан. Бирок алар эгерде Кыргызстан бул биримдикке кирбесе кандай утуштарга жана кыйынчылыктарга ээ болорун изилдеп чыгып, келечекте утуштар кɵбүрɵɵк экенине ынанышты. Туура, биримдикке кирсек, баалар бир аз кɵтɵрүлүшү мүмкүн, Кытай менен соода-сатык тармагында бизнес жасаган ишкерлер кыйналат. Европадан келген жаңы технологияларга бажы барьерлери күчɵйт. Бул жетишпеген жактары. Ал эми артыкчылыктары андан кɵп. Биз чоң рынокко ээ болобуз, биздин жарандар бүт бажы мейкиндигинде эркин жүргɵнгɵ, жумушка орношконго жеңилдиктерди алышат. Андан тышкары, айыл-чарба, жеңил ɵнɵр-жай жана туризм тармактарынын ɵнүгүшүнɵ чоң мүмкүнчүлүктɵр ачылат. Биз мамлекеттер аралык кооперацияны жана специализацияны күчɵткɵнгɵ мүмкүнчүлүк алабыз. Бул ɵнɵр жайдын ɵсүшүнɵ да жакшы шарт түзүп бериши мүмкүн. Андан тышкары, күйүүчү майлар менен камсыздандыруу биротоло экспорттук пошлинасыз болуп, бул продукциялар экономикабыз, элибиз үчүн арзаныраак келе баштайт. Азыр бул маселе ɵлкɵ башчыларынын деңгээлинде жыл сайын чечилип жатат. Андыктан элибизге, мамлекетибизге жакшылык эле каалайлы!

Мирлан Дүйшɵнбаев