Миллионер айымдан балдарга тарбия берүүнүн 6 принциби

johnson_2Атактуу миллионер айым Дени Джонсон кедей үй-бүлөдө чоңойгон. Он жети жашында балалуу болуп, жыйырма бирге чыкканда үйү жок калган. Ал эми жыйырма үч жашында өзүнүн биринчи миллион каражатын иштеп тапкан.

Ийгиликтүү бизнес-вумен, беш баланын энеси, бир канча неберенин чоң энеси Рига шаарындагы болгон семинарында балдарга тарбия берүүдөгү өзүнүн 6 принциби менен бөлүшкөн. Ал өз сөзүндө: «Ата-энелердин акыркы он жылда жасаган каталарын азыркылар жасабашы керектигин айтып, ата-энелерди ойлонтуу максатында мен бир топ мамлекеттерге барам. Биздин балдарыбыз жаңы муун болуп эсептелет. Себеби, алар баардыгы даяр болгонго көнүп алышкан» дейт.

“Бала кезден эле алдыга койгон максатыӊ болуш керек”
Негизи, бай адамдар өз балдарынын алдында кандай максат турганын айттырбай эле түшүнүшөт. Ооба, алар келечектеги Гарвард университетинин бүтүрүүчүлөрүн, топ-менеджерлерди, врачтарды жана президенттерди тарбиялашат. «Ѳздөрүнүн менчик басмаканасы бар менин досторумдун балдары билимге эч умтулчу эмес. Атургай жашоодо эмне менен алектенээрин да билишчү эмес. Анан атасы эч нерсе бербей туруп, бир жумага үйү жоктордун баш паанегине жиберип коет. Бир аптадан кийин баласынын билим алып, үй-бүлөлүк бизнеске аралашууга болгон каалоосу өсүп келет» дейт Джонсон.

“Телевизор жана уюлдук байланышы жок”
Татыктуу тарбия алган баланын досу ким? Маселен, телевизор, компьютер жана уюлдук телефон. Дени Джонсондун балдары өзүлөрүнө таандык телефонду 16 жашында алышкан. Үйүндө телевизор жок. Ал эми атасынын эски компьютери алардын биринчи компьютери болуп калган. «Менин балдарым уюлдук телефон колдонушпайт. Себеби, алар эч каражат табышпайт. Уюлдук телефон адамды өзүнүн убактысын бөлүштүрбөгөнгө, а телевизор жашоонун туура эмес демонстрация болушуна түрткү берет. Мисалы, “Губка Боб” мультфильми эмнеге үйрөтүп, эмнеге трбиялайт? Ал жерде ашыкча кеткен бала башкаларды кантип алдагандары көрсөтүлөт. Сиздин балдарыңыз ушундай болуп чоңоюшун каалайт белеңиз? Кыздарыңызга ушундай өмүрлүк жолдош каалайт белеңиз? Эгерде 30 күн телевизор көрбөй койсо, телевизорго болгон көз карандылык жоголот» – дейт Джонсон.

“Балаңызды кесибин сүйүүгө үйрөтүңүз”
«Эс алуу күндөрү келе жатат, балдарыңыздан эмнени угасыз? “Кудайга шүгүр, жума күн, бул жумуштан эс алууга болот; менин жетекчим чочко, ишкерлер аны укпайт, жумушумдан кадимкидей тажайм”. Мындай позиция балага кичинесинен эле жумуш – бул жаман, оор жана жагымсыз нерсе экен деген таасир калтырат. Мындай тарбияга сугарылган балдар иштегенди да, жеке бизнесин ачууну да каалашпайт» деп баса белгилейт Дени Джонсон. Анын үй-бүлөсүндөгү балдар эки жашынан эле жеңил-желпи үй жумуштарын жасашат. «Алар ушундай ыкма менен тамак-ашына, жашаганына төлөшөт. Жашоодо бекер эч нерсе жок» дейт Джонсон. Ал ашпозчу, үй жумушчу, бала баккыч жалдабайт. Үйдөгү баардык жумушту өздөрү аткарышат. Муну менен биргеликте эле бала өзүнө жага бербеген иштерди жасап көнүүсүнө да түрткү берип тарбиялайт. Эгер жалаң өзүнө жаккан иштерди гана аткара турган болсо, мындан эч кандай пайда чыкпайт.

“Сиз балаңызга банкомат эмессиз”
«Мен балама бут кийимге деп жылына 50 доллар каражат берем жана төрт джинсы сатып берем. Бирок бул каражатка өзүңө жаккан бут кийимди ала албайсың. Эгер жакшы бут кийим алгың келсе, иште же арзандатылган бут кийим сатып ал» дейт Джонсон. Ошону менен катар эле бала биринчи керектелүүчү нерселер менен камсыз болушу керек. Ал эми андан сырткаркы каалаган нерселери менен ал өзүн-өзүн камсыз кыла алат. «Ата-энелер балдарына каражат берүү үчүн гана иштегендери жакшы нерсе эмес. Даяр нерсеге көнүп чоӊойгон балдар кийинки жашоосунда көп кыйынчылыктарга тушугуп калышат» дейт миллионер айым.

“Сарптоо же топтоо?”
Каражатты сарптоонун эки түрү бар: Биринчиси, керексиз оокаттарды сатып алуу. Экинчиси, балага акчаны чогултууну жана табууну үйрөтүш керек. «Балага акчаны болбогон нерселерге корото бербөөнү кантип үйрөтүш керек? Биздин үйдө “10 доллар чогултсаң, мен сага 10 доллар берем” деген мыйзам бар. Ал каражат чогулганда сенин өсүүңө жана жогорулашыңа керек болгон гана нерселерди сатып аласың. Мисалы, велосипед, музыкалык аспап сыяктууларды» дейт Джонсон. Бирок башкалар сатып алып жаткан нерсени сатып албагыла! Ал керексиз оокаттар ашыкча орунду гана ээлейт.

“Баланы колу ачык болууга тарбиялагыла”
Ийгиликке жетишкен адамдардын басымдуу бөлүгү өзүлөрүнүн эмоционалдык жана материалдык марттыгы менен айырмаланышат. Алар эч кимден көз каранды эмес жана андан улам берешен келишет. Баланы бирөөнү сыйлоого үйрөтүү керек дейт Джонсон. Бекеринен Библияда 10 пайыз жок кылыш керек деп айтылбаса керек. Анын үй-бүлөсүндөгү балдар да иштеп тапкан каражатынын 10 пайызын жетимдерге беришет. Ал эми 20 пайызын эс алып, көңүл ачууга керектешет. А калган каражатты топтошот.

Балаңызды кандай ыкмалар менен тарбиялайсыз?

Жылдыз ЖОЛДОШЕВА, ЖК депутаты: «Балдарга эркиндик бериш керек»
– Баланы тарбиялоодо чоң кишилер тарабынан кылдат мамиле талап кылынат. Биринчиден, балдарга эркиндик бериш керек. Алар эркин өсүш керек. Экинчиден, эгерде бала кандайдыр бир катачылык, мүчүлүштүк кетирсе, урбай, тескерисинче, ага баардыгын кылдаттык менен түшүндүрүп айтыш керек. Себеби, тили чыккан бала жашына жараша баардыгын түшүнөт. Негизи балдарды «1 жаштан 5 жашка чейин хан, 5 жаштан 13 жашка чейин кул» дейт. Ал эми 13 жаштан тарта бала менен кадимкидей чоң киши менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүш керек. Маселен, алар баардыгын түшүнүп, кандай гана маселе болбосун баамдап, саресеп салып калышат. Үчүнчүдөн, балдарды катуу сынга албай, алардын ою менен да эсептеше билүү зарыл. Анткени, алардын да жан дүйнөсүндө бир нерсеге кооптонуу, кайгыруу сезими бар. Баланы эркелетип, өзүңдүн болгон сүйүүңдү ага тартуу кылсаң, ал бала чоңойгондо жароокер, боорукер, мээримдүү болот. Ал эми баланы катуу кармоо менен эч кандай маселени чечпейсиң. Эсимде, мен бала кезде бир чыныны сындырып койсом, эч качан чоң энем мени чапчу эмес. Муну менен чоң энем мага баладан артык эч нерсе жок экендигин иш жүзүндө да көрсөтүп койчу. Эгерде коомдо жакшы адамдар көп болсун десек, балдарга татыктуу тарбия беришибиз керек.

Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, ЖК депутаты: «Ар бир балага ар башка тарбия керек»
– Негизинен, баланы тарбиялоонун принциптери көп. Бир үй-бүлө болсо дагы ар бир балага ар башкача тарбия керек. Мен балдарымды айрым энелерге окшоп уруп-сабабастан, дайыма өзүмдүн досум катары тарбиялайм. Алардын кандай гана маселелери болбосун, кеңешип чогуу-чаран чечкенге аракет кылабыз. Бирок, биз жалаң иш менен алек болуп жүрүп балдарыбыздын жан дүйнөсүндө эмне болуп атканын билбей калып жатпайбызбы. Ошондон улам балдарыбыз да жашоосунда чоң жаңылыштыктарды кетирип жатышат. Мындай нерселерди болтурбоо үчүн алар менен дайыма дос болуп, сырдашып турушубуз керек деп ойлойм.

Айнуру АЛТЫБАЕВА, ЖК депутаты: «Тарбияны өзүбүздөн башташыбыз керек»
– Негизи, балдар, биринчиден, ата-энесинин, жакындарынын баскан-тургандарын көрүп, сүйлөгөн сөздөрүн угуп, алардан үлгү алышат. Башкача айтканда, биринчиден биз аларга үлгү болуп, тарбияны өзүбүздөн башташыбыз керек. Себеби, бала биздин баскан-тургандарыбызды, кылган иштерибизди көрүп чоңоет да. Анын сыңарындай, менин жакшы жактарымды да, терс жактарымды да ыраматылык ата-энемден алсам керек деп ойлойм.

Токтайым ҮМѲТАЛИЕВА, укук коргоочу: «Каталарын түшүнүп, бирге тыянак чыгаруу керек
– Тарбия – ар бир үй-бүлөнүн ички климатына жана өзгөчөлүгүнө түздөн-түз байланыштуу нерсе. Мен үчүн тарбия, биринчиден, бөбөккө, өспүрүмгө өзгөчө ишеним көрсөтүү жана да мүмкүн болсо көбүрөөк алкыш айтып, алга умтулганына жардам берүү керек. Кеткен каталарын түшүнө билип, бирге тыянак чыгаруу. Үй-бүлөдөгү болуп жаткан окуялар менен бөлүшүп, үй түйшүгүн бирге чечип, ортодогу талаш-тартышты түшүндүрүп туруш керек деп ойлоймун. Акыркы кезде баарыбыз эле бала жетелеп конокко баруудан качып калдык. Бул көрүнүш бир топ мүмкүнчүлүктөрдөн балдарыбызды алыстатып жатат. Себеби, канча аралашып, улуулардын айтканына кызыгып, кимдин ким экенин билип таанып, ошол эле учурда өз улутунун, өз үй-бүлөлөрүнүн тамырынан алыстоодон сактайт. Сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Ѳзгөчө азыркы мезгилде өтө манилүү нерсе маектешүү болуп бара жатат. Ар бир үйдө беш-алты экран: телевизор, компьютер, чөнтөк телефондор жана интернет мезгили реалдуу турмуштан азгырып, ой-жүгүртүп салыштыра турган мисалдар жок болуп, өспүрүмдөрдүн анализ кылуусу чектелип келе жатат деп ойлоймун. Берилип жаткан маалыматтын кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин аныкташ оор. Жок дегенде бир күндө он беш, жыйырма мүнөт маектешүүгө убакыт табуу абзел. Тилекке каршы, турмуштун оордугуна шылтоолоп бир топ ата-эне балдары менен качан сүйлөшүп, бирге отуруп чай ичкенин да билбей калгандар аз эмес. Үй-бүлөлүк салт түзүү азыркы мезгилдин өтө керектүү нерсеси болуп калды. Мен үчүн чоң эне, чоң ата, таене, таята жана ата-эне сыяктуу чоң үй-бүлөдө өскөн балдар бактылуу. Себеби, ата-эне курч болот. Алар балдардан өтө чоң күтүүлөрү менен тартып турган камчы болсо, калгандары ошону тең салмактаган, өспүрүмдүн канатын жайганга мүмкүнчүлүк берген чоң тирек.

Кымбат Турдубекова