Минюра РАХИМЖАНОВА, ырчы: «Жигитим таштап кетсе ыйлайм»

Минюра

–  Жигитиң сага «жакында үйлөнөбүз» деп айтып жүрүп бир күнү жок болуп кетти. Бирок аз убакыт өтпөй башка кыз менен турмуш куруп алганын досторуңдан угуп калдың. Аны абдан сүйөсүң, учурдан кантип чыгасың?
–  Мен ыйламакмын (күлүп). «Тагдырыңа таарынба» деп өзүмдү өзүм сооротмокмун. Негизи мен бир нерсеге капа болуп турганда ар дайым өзүмдүн ырларымды ырдап кирем. Акыры мени да күткөн адам бардыр деп сабырдуулук кылмакмын.

–  Белгилүү себептерден улам эң жакын курбу кызыңдын туулган күнүнө бара албай калдың. Ал сага катуу таарынып атат. Анын таарынычын кантип жазасың?
–  Туулган күнүнө бара албай калсам телефондон бардыгын түшүндүрүүгө аракет кылам. Эгерде телефондон: «сен дайыма менин жакшылыктарыма катышпайсың, эмнеге сен келбейсиң» деп таарынып телефонду өчүрүп сала турган болсо, эртеси үйүнө барып эле бетинен жыйырма беш жолу өөп туруп, чо-оң белек бермекмин.

–  Бейкапар жолдо кетип бара жатсаң алдыңдан бейтааныш аял чыгып, «кызым, мен сени канча жылдан бери издеп келем. Сен менин кызымсың» деп кучактап калды. Эмне кыласың?
–  «Эже, менин апам башка. Жүрүңүз үйгө алып барайын, ошол апам менен сүйлөшүңүз» деп үйгө алып бармакмын.

–  Ушул жашка келгенде апаң сени бир кездерде багып алганын, төрөгөн башка аял экенин айтып калса эмне кылат элең?
–  А-и-ий! Албетте, мага кыйын болмок. Баккан энеме карай албай, же жолдо көргөн эжеге карай албай аябай башкача акыбалда калмакмын. Менимче, бул жерден өзүмдү жоготуп койсом керек.

–  Бир тууган бөлөң сени жактырып калып, сүйүүсүн билдирсе эмне кыласың?
–  Мындай нерсе болбой эле койсун. «Ко-ой, братуха, экөөбүз бөлө-бөлө бөлөм, бөлөм үчүн өлөм боюнча эле калалы» демекмин да.

–  Жигитиңдин досу сени жактырып калганын мурда эле айтып жүрчү. Бирок, буга сен маани деле берчү эмессиң. Бир күнү ала качып кетти. Кырдаалдан кантип чыгасың?
–  Ала качпасын. Бирок, ала качып кетсе «сен эмне кылып атасың билесиңби? Сен досуңдун бактысына балта чаап атасың» деп, «досуңа чала электе тезинен үйгө жеткирип кой» демекмин. Бул адамдын укугунун бузулушу экенин, мыйзам чегинде жаза алып калышы мүмкүн экенин айтмакмын.

–  Сен жактырган адам башканы сүйөөрүн билдирсе кантесиң. Жөн гана кое берейин десең, сен ансыз жашай албайсың?
–  Ал мени менен жакшы мамилени баштаардын алдында эле мен башканы жактырам деп айтышы керек да. Эгерде мен ал баланы ушунчалык жакшы көрсөм, «кыз сүйсө калат, бала сүйсө алат» деген жакшы макал бар эмеспи мен ошол макалды эстеп туруп, бала эч качан жакшы көрбөсө анда кыз бактылуу боло албайт деген сөздөрдү эске салып, мен өзүмө «Минюра, эсиңе кел. Сени сүйбөсө, анда бул сенин бактың эмес» деп туруп, ага «менин сага болгон сезимим таза. Эгер ошондой болуп калса айла жок, бактылуу бол» деп аны кое бермекмин. Бул жерде мындан башка эч кандай вариант жок. Албетте андан кийин унутууга аракет кылмакмын.

–  Маршруттук таксиде баратып, жерди карасаң эле 5 миң сом жатат. Ал акчаны сенден башка эч бир жан байкаган жок. Эмне кыласың?
–  Демек, маршруттук таксиде болсо, анда ал акча маршруттук таксиге  түшкөн адамдардын бирөөнүкү да. Эгерде, мен эле көрүп калсам тартынбастан акчаны алып жүргүнчүлөрдөн «силердики эмеспи?» деп сурамакмын. Ал жерден калп болсо да бирөө меники деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан ал акча ошол адамдыкы экенине ишенгенде гана бермекмин. А эгерде акчанын ээси табылбаса, анда эртең базарга барып көйнөк сатып алам деп алып коймокмун (каткырып күлүп).

–  Курбу кызың менен болбогон нерсе үчүн таарынышып кеттиң. Экөөң тең көк беттенип бири-бириңерге сүйлөбөй калдыңар. Бирок, бири-бириңерге керек экениңерди сезип жатасыңар. Эми кандай айла таап курбу кызың менен жарашасың?
–  Чынында курбум менен болбогон нерсеге таарынышкан учур болгон. Ал дагы мен эмне үчүн таарынганымды билет. Мен дагы билем. Бири-бирибизге кандай мамиле кылганыбызды да билчүбүз. Ошентсе деле бири-бирибиздин алдыбызда намыстанып, «өзү биринчи кечирим сурасын. Эмнеге мен сурашым керек?»  деген учурлар болот. Бирок, мен «бул жашоодо кечиримдүү болсоң, эң жакшы адамдын катарына киресиң» деген сөздү эстеп, курбу кызымды чакырып алып ачык сүйлөшүүгө чакырмакмын.

–  Үйүңө барсаң сенин эң жакшы көрүп, кастарлап кийген кийимиңди эжең үйгө кийип алганын көрдүң. Чеч десең чечпей атат. Кырдаалдан кантип чыгасың?
–  Аяй көйнөктүбү ээ (күлүп). Ошол замат чалып апама айтмакмын. Эгерде сиңдим болсо чеч деп эле чечтирип алмакмын. Эжем болсо «эмнеге кийип аласыңар? Бул деген менин жакшы көргөн көйнөгүм болсо» деп ыйлап атып чечтирип алмакмын. Мен үйдө кичүүсү болгондуктан, мындай учурлар көп эле болуп калат. Бирок, алар азыр менин буюмдарыма тийген кишини жаман көрөрүмдү билип калышты. Андайга барбайт. Азыр үйгө келгенде шуру, сөйкө сыяктуу майда-бараттарыма да тийбей калышты. Анткени, бир жолу концертке чыгаар алдында колго такчу мончогумду таппай калып чо-оң чыр салгам. Ошондон кийин бир нерсеге тийишмей деген нерсе жок (күлүп).

–  Эртең менен уктап калып экзаменге кечигип калдыңыз. Уктап калганыңызды мугалимиңизге кантип түшүндүрөсүз?
–  «Уктап калдым» деп ачыгын айтмакмын. Чынын айтсам мындай учурлар көп эле болот. Менин районумда «пробка» деген нерсе абдан көп болот. «Агай, кечирип коюңуз пробкага көпкө туруп калдым» деп түшүндүргөнгө аракет кылмакмын. Бирок алар көп түшүнбөй «пробка болоорун билсең эрте чыкпайт белең» деп да айтышат. Эптеп суранып, жалдырап жатып экзаменге кирмекмин.

–  Айылдан, жолдо келе жаткан апаңызды саат экиде авто бекеттен тосуп алышыңыз керек. Так ушул убакытта съемкаңыз да бар. Апаңызды тоскону барбай коеюн десеңиз таарынат. Кырдаалдан кантип чыгасыз?
–  Менин ата-энем менин чыгармачылыгымды жакшы түшүнгөн ата-энелердин бири. Эгерде дал ушундай кырдаалга туш болуп калсам, апама чалып баардыгын түшүндүрүп айтып, «сиз такси менен үйгө келе бериңиз, акчасын үйгө калтырып коем, ошону алып төлөңүз» десем апам баарын түшүнмөк. Ар кандай съемкалар болуп калышы ыктымал. Съемкага тартып жаткан адамдар менин жакын адамдарым эмес да. Алар мени түшүнбөй, жаман көрүп калышы мүмкүн. Ал эми менин апам кандай гана кырдаал болбосун мени ар дайым түшүнөт.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА